ТИМ АКШда жол кырсыгынан эки Кыргызстан жараны каза болгонун тастыктады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Индиана штатында үч кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып, экөө каза болгонун тастыктады.
Маалыматка караганда, Чикагодогу консулдук каза болгондордун жана жабыркаган жарандарын үй-бүлөлөрү менен тынымсыз байланышта болуп, консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүп жатат.
"Жергиликтүү укук коргоо органдары жана сөөк коюу кызматтары менен байланыш түзүлдү. Учурда АКШнын тиешелүү органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл болгон жол-жоболорду, анын ичинде каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү процедураларды уюштурулуп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда АКШнын Индиана штатында үч кыргызстандык катышкан жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат тараган. Билдирүүлөрдө кыргызстандыктар бара жаткан унаа зым карагайды сүзгөнү айтылган.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчүлөрдүн бири окуя болгон жерде жан берген. Калган экөө оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган. Кийинчерээк жаракат алгандардын дагы бири ооруканадан каза болгону маалым болду.






