Кара-Көлдө жоголгон үч тестиер табылды

Сүрөттүн булагы, Officiale
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек
Кара-Көл шаарында жоголду деген тестиер үч бала тогуз күндөн кийин табылды. Бул тууралуу шаар милициясынан Би-Би-Сиге билдиришти.
Алар Ошто уурулук кылып жүргөн жеринен кармалганы маалымдалды. Андан мурда да Кара-Көл шаарында уурулук менен кармалышып, бирок жашы жете элек болгондуктан кылмыш иши козголгон эмес. Окуядан кийин ата-энелеринин колуна берилген.
“Андан кийин алар кайра кылмыш жолуна түшкөн. М.З. аттуу баланын ата-энеси ажырашып кеткен, атасы түрмөдө, апасы Орусияда болгондуктан таенесинин колунда болчу. Атасынын бир тууган карындашынын балдары менен (чогуу жоголду деген эки бала) дүкөндөрдү тоношкону аныкталды”,-деп кабарлашты милиция бөлүмүнөн.
Учурда үч тестиер Оштон уурулук кылган жеринен кармалып, Жалал-Абадга алып келүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Алардын экөөсү бир тууган, бирөөсү аталаш тууганынын баласы болгон.
Балдар Кара-Көлгө алынып келери менен, эки баланын апасы чакыртылып, жасаган кылмыш иштери тууралуу маалымат берилет.
Буга чейин үчөөнүн дайынсыз жоголгондугу боюнча жергиликтүү милиция сүрөттөрүн жарыялап, издөө иштерин баштаган. Алардын кылмыш кылгандары боюнча мурда эле маалым болуп, апасы зыянды төлөп бергендиктен жана балдардын жашы жете элек болгондуктан жоопкерчиликке тартылган эмес.



