Казино менен казына толтуруу аракети

Казинолорду, тотализаторлорду, букмекердик контораларды иштетүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда колдоду.

Жыйынга катышкан 69 депутаттын 55и макулдугун билдирди.

казино

Мыйзамдын маани-маңызы

"Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып жатат. Ал өлкө бюджетин толтуруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү жана туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.

Эгер мыйзамдын долбоору Парламентте үч окуудан өтүп, мамлекет башчы документке кол койсо, өлкөнүн бардык аймагында казинолорду, тотализаторлорду, букмекердик контораларды иштетүүгө уруксат берилет. Бирок, оюн-зоок жайларына жашы 21 жаштан жогору болгон чет элдик жарандар гана кире алат. Кыргызстан жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынат.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Жаныбек Кыдыкбаев, казынаны толтуруу максатында мыйзамдын долбоорун колдосо боло турганын айтты. Бирок анын аткарылышы чоң күмөн жаратып жатканын кошумчалады. Ал Кыргызстан жарандарын казиного киргизбей көзөмөлдөө мүмкүн эмес дейт:

deputat

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Кыдыкбаев

“Бишкекте кумар оюндарын ачык эле ойноп жатышат. Ал жерде чет элдик жарандарды көрбөйсүң. Жалаң эле өзүбүздүн жарандар жүрөт. Ашып кетсе бир же эки чет элдик жаранды көрүүгө болот. Бул жагынан алып караганда мыйзам канчалык аткарылат?”, - деди Кыдыкбаев.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-2011-жылдары Кыргызстанда оюн-зоок мекемелери иштеп турганда жылына бюджетке болжол менен 500-600 млн сом түшүп турчу. Азыркы мыйзамдын долбоору ишке кире турган болсо бир жылда 2 млрд сомдун тегерегинде каражат түшөт деп болжонуп жатат.

Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын адиси Абай Кадыралиевдин айтымында, казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде бир миллион долларга сатып алат.

Эгер кыргыз жараны ойноп жатып кармалса, оюн-зоок уюмунун лицензиясы жокко чыгарылат. Жаранга дагы тиешелүү чара көрүлөт. Буга чейин кумар оюндарына арбалып, казинодон башы чыкпай келген кишилердин тизмеси түзүлүп, алар өзгөчө талап менен көзөмөлгө алынышы дагы ыктымал дейт:

казино

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Кумар оюнуна кызыккан чет өлкө жарандары Кыргызстанга туристтик виза менен келип, эркин жүрө алышат. Оюндан тышкары кооз жерлерди кыдырып эс алып кетсе дагы болот. Ал үчүн туризм департаменти менен биргеликте атайын программалар иштелип чыгып жатат”.

Казинолорду көзөмөлдөөгө мамлекеттин кудурети жетеби?

Президент Садыр Жапаров дагы казинолорду ачууга уруксат берүү маселеси тууралуу бир нече ирет өз пикирин билдирген. Мамлекет башчысы жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде, эгер тиешелүү мыйзамдын долбоору өтүп, ишке кирсе, казинолорду көзөмөлдөөгө мамлекеттин кудурети жетерин билдирди.

“Казинолорду көзөмөлдөй албасак, анда эмнебиз мамлекет? Ал жерге биздин жарандар кире алышпайт. Мамлекет 100% кепилдик берет. УКМК, ИИМ кызматкерлери жөн олтурмак беле? Кирген жарандарды кармаса, жоопко тартат.Казино ээси лицензиясынан ажыратылат”, - деди Жапаров.

Казинону мыйзамдаштыруу маселеси он жылдан бери өлкөдө маал-маалы менен көтөрүлүп келди. Соңку сунуш былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан киргизилген. Анда дагы президент Жапаров бюджетти толуктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтып, мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген.

Депутаттар сунуштаган мыйзам

2021-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков казинолорду мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Алардын долбоорунда дагы Кыргызстан жарандарынын кирүүсүнө уруксат берилбеши керек деп жазылган.

Бирок казинолорду республика боюнча эмес, Ысык-Көл облусунун Тамчы аймагына гана ачуу демилгеленген. Алардын сунушу боюнча оюн-зоок мекемеси жайгашкан аймак өзгөчө маанидеги жабык административдик район деп аталмак.

“Тамчы” аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бардык шарты менен казино курууну сунуштаганбыз. Бул аэропортту өнүктүрүүгө дагы шарт түзмөк. Келген киши ал жабык зонанын ичинен чыкмак эмес. Ошол жакта ойноп, сууга түшүп эс алып алып кайтып кетмек”, - деди Турусбеков.

deputat

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Депутат Бактыбек Турусбеков

Бактыбек Турусбеков казинону Ысык-Көл облусуна гана ачуу ылайыктуу деп эсептейт. Анткени келген туристтердин 90 пайызы Ысык-Көлгө барат. Турусбековдун айтымында, алар сунуштаган мыйзам коомдо кызуу талкууга жем таштаган.

Биринчи окуудан өтүп, кийин ар кандай себептерден улам каралбай калган. Азыркы сунушталып жаткан мыйзамды анын экинчи варианты катары кароого болот. Экөөнүн негизги концепциясы окшош, болгону жогоруда аталган анча-мынча гана айырмачылыктар бар.

Экономиканы колдоо

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адистердин баамында, соңку жылдары COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрүнүн дагы экономикасын солгундатты. Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун кесепетинен азык-түлүк кымбаттап, улуттук валюта девальвацияга туш келди.

Дүйнөдөгү абалга байланыштуу экономикалык активдүүлүктүн, өз ара сооданын кыскарышы, калктын кирешесин төмөндөттү. Жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн мындай кабат кризистен чыгуу кыйынчылыктарды жаратууда.

“Маселен, Кыргызстанда машина, учак чыгарган ири заводдорду курганды мен дагы каалайм. Бирок биздин кудурет ошого жетеби? Казино ачуу өлкө бюджетинен бир дагы сом талап кылбайт. Келип иштетем дегендер четтен чыгат. Дүйнөдө оюн-зоок уюмдарынын аркасы менен жан баккан мамлекеттер толуп жатат. Биз эмне үчүн андай мүмкүнчүлүктү колдонбошубуз керек? Кумар оюндарына кызыккан Кыргызстан жарандары Россия менен Казакстанда эле жүрөт. А эмне үчүн биз башка өлкө жарандарынын эсебинен пайда тапсак болбойт?”, - деди Турусбеков.

Көмүскө казинолор дале бар

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова узак жылдардан бери кумар оюндарына каршы күрөшүп келгендердин бири. Ал өлкөдө казинолорду иштетүүгө тыюу салынганы менен көмүскө иш алып барып жаткандары дале бар экенин айтат. Бинардык опцион катары негизделген жайлардын көпчүлүгүндө кумар оюндары ойнотулат дейт. Текшерүү иштерин жүргүзүүнү суранып, бир нече жолу тиешелүү органдарга дагы кайрылган. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес.

“Көмүскө иш алып барып жаткандардын баарын жаап, бир гана жерге негиздеп, бир дагы кыргыз жараны кирбей тургандай кылса, жакшы. Анда жоопкерчиликти президент өзү алсын. Бирок мен андай болот деп ишенбейм. Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт. Кыргызчылык үстөмдүк кылып кетет”, - деди ал.

Рыскулова кумар оюндарына уруксат берүүнү, колунда бар адамдардын бизнесин колдоо деп эсептейт. Анын айтымында, кыргыз коому буга даяр эмес. Жакын адамдары кумар оюндарына азгырылганын айтып, жардам сурап кайрылгандардын аягы азыр деле суюла элек.

“Бир жылдары кумар оюндарынын кесепетинен үй-бүлөсүнөн ажырап, тентип кеткендер көбөйгөн. Өз жанын өзү кыйгандар дагы болгон. Ошондой трагедияга туш болобуз деп корком. Заман ансыз дагы кыйын болуп турат”,- деди Рыскулова.

Казино болгон жерде кылмыш, наркотик жана сойкулук бар

Саясатчы Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, бул жолду Кыргызстан басып өткөн. Эгер казино өлкөдө натыйжалуу жыйынтык берген болсо, ага бөгөт коюлбайт болчу. Ал казино бар жерде кылмыштуулук, маңзат колдонуу жана сойкулук күч алат деген пикирин билдирди.

“Анткени казинодо легалдуу эмес жолдор менен табылган акчалар ойнотулат. Бул биздин баштан өткөн. Түшүнүп турам, бюджетте акча жок, мамлекет казына толтуруунун жолдорун издеп жатат. Бирок бул ыңгайлуу жол эмес. Казино - бул энелердин көз жашы. Биз Жогорку Кеңештин V чакырылышы муну араң жапканбыз”, - деди саясатчы.

Жолдошева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясатчы Жылдызкан Жолдошева

Кыргызстанда казино бизнесине 2012-жылдан тартып тыюу салынган. 2015-жылы тотализаторлор жана букмекердик конторалар ишин токтоткон.

Кош жарандуулук алгандарды көзөмөлдөө

Жолдошеванын айтымында, Кыргызстанда кош жарандуулугу бар адамдардын саны арбын. Аларды көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес. Атүгүл, жолун таап кирген Кыргызстандын жарандары дагы болбойт койбойт:

“Мейли ИИМ же УКМК кызматкерлери көзөмөлгө алсын деп коелу. Аларга акча берип койсо киргизе берет. Кыргызстанда анча-мынча тыйын баарын чечет”, - деди ал.

Дүйнөлүк практика

Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде казинолордун иштөөсүнө мыйзамдуу түрдө уруксат берилген. Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдөн Азербайжанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда гана тыюу салынган.

АКШ

Лас-Вегас кумар оюндарынын дүйнөлүк борбору деп саналат. Шаар күнү-түнү иштеген эбегейсиз чоң казинолордун, түнкү клубдардын жана башка ушул сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын чордону. Лас-Вегастын экономикасынын негизин казино ишмердүүлүгү түзөт.

Монако

Монакодо кумар оюндары экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Дүйнөгө белгилүү “Монте-Карло” сыяктуу абройлуу казинолор жайгашкан мамлекет катары таанымал.

Мальта

Мальтада кумар бизнеси өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири. Өлкөдө бизнестин мындай түрүн ачууга болгон суроо-талап абдан чоң. Анткени бийлик кумар оюндарына көбүрөөк инвесторлорду тартууга кызыктар. Мальта оюн-зоок бизнесинин бардык түрүн мыйзамдаштырган жалгыз мамлекет.

Казино бизнесине Улуу Британия, Италия, Франция, Испания, Португалия Грузия, Исландия, Швейцария, Латвия, Эстония, Франция, Норвегия Македония, Германия, Люксембург, Беларусь, Польша сыяктуу мамлекеттерде дагы уруксат берилген. Айрым өлкөлөр аны мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө. (VO)