Эмне деген жүрөк? 150 баланы багып алган кыргыз аялы
Алмаз Кулматов, тарыхчы

Сүрөттүн булагы, Архив
Эне мээрмандыгын эне боло электе көрсөткөн аялзаты
Токтогон Алтыбасарованын согуш мезгилинде эвакуцияланып келген балдарды асырап алышы - чыныгы эрдик. Эне баласы үчүн эмнеге гана барбайт. Эне жасаган ишке эне гана даайт. Баласын сактап калуу үчүн не бир түркүн тобокелчиликтерге барган, азап-тозокко чыдаган, оор иштерди аткарган энелердин эрдиги кимди да болсо суктандырат. Бирок башка бирөөлөрдүн балдарын канатына калкалап, алар үчүн жанын тобокелге салган, кара жанын карч урган айымдар сейрек.
Кыргыздын кадимки гумманист ойчулу, адамдан башка жаралган Асан кайгынын урпагы Токтогон эненин эрдиги өзгөчө, сейрек кездешчү тагдыр.
Токтогон Алтыбасарова боорукерликтин символу. Айкөл кыргыз элинин асыл сапаттарынын мураскери Токтогон эне 150 баланы ажалдан алып калды, чоңойтту, асырап бакты. Ишке жарактуу, билимдүү эркектер майданга кетип, сабаттуу, чыйрак кыз Токтогон колхоздун төрагасы болуп дайындалат. Улуу Ата мекендик согуш, ооруктагылардын азап-тозогу, эмгеги, каармандыгы ар бири өзүнчө эпопея. Токтогон эненин чарбанын жетекчиси болгондогу ишмердүүлүгү да сабак алчу тарых.

Сүрөттүн булагы, Архив
Токтогон Алтыбасарова бойго жетип-жетпей, 16 жашында оор мезгилде чарбаны жетектеген, бойго жете элек кыз кезинде эл-журт жугун аркалаган башкарма. Кан күйгөн кыйын кезеңде эл-журтту башкарып, чарбанын түйшүгүн тартуу 16 жашар кыз эмес, карылуу эркектердин колунан чанда келчү иш. Ооруктагы катардагы чарба болсо бир жөн, чарбанын түйшүгүнө кийин тарыхта калчу, жуздөгөн адамдардын тагдырын аныктаган, блокададагы Ленинград менен тагдырлаш окуяга туш болуп, сейрек кишинин колунан келчү чоң эрдик жасайт.
1942-жылы, 27-августта туташ курчоодо калган Ленинграддан ачка, арыган балдар Күрмөнтүгө жеткирилет. Адегенде Одессадан бир аз бала, ага Ленинграддагы жетим балдар Горячий ключ курорттук шаарчасына топтоштурулат. Фашисттер шаарга жакындап калганда балдардын баары июль айынын жыйырмаларында Тверьская станчасынан поезд аркылуу Кыргызстанга жиберилген.
Бир ай жол. Азаптуу жол, бирок амандыкка карай жол. Темир жел менен Быстровкага, анан Фрунзеге эптеп жетишет. Фрунзеден машина менен Боом аркылуу Караколго, анан Күрмөнтүгө. Саруу, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Чоң-Сары-Ой... Көл жэгиндеги айылдарда багылат ар кайсы шаарлардан шашылыш эвакуцияланып келген балдар. Негизинен блокадада калган Ленинграддын балдары келген экен. Келген шаарына карата Чоң-Сары-Ой Ленинград балдар үйү деп аталчы а кезде.
Жалгыз эле Ленинград эмес, маселен Одессадан эвакуацияланган балдар да адегенде Горячий ключ сыяктуу чакан шаарларга жеткирилип, андан Кыргызстанга жеткирилген. Күрмөнтүдөгү эски заводдун жатаканалардын бирине жайгаштырат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
10 жылдан ашык ушул Токтогон апанын кароосунда болушат. Асырап алган балдарын саны так – 150 бала. Түркүн улуттагы балдар. Айрымдары 2-3 жашар наристелер. Ата-энеси кайда экенин билбей ыйлаган, чурулдаган балдар, алсыраган, оорукчан жетимдер. Токтогон эне ал кезде 18 жашта эле. Токтогон колхоздун жетекчиси болгондуктан балдарды аман-эсен чоңойтуунун камын көрөт. Оорукта эл өзү кыйналып турган чакта, жетишпеген тартыш заманда 150 баланы асырап калуу эбегейсиз түйшүк эле.
Аларды тамак-аш, кийим-кечек, жууркан-төшөк менен камсыз кылуу ишин уюштуруу чанда гана кишинин колунан келчү оор иш. Токтогон эне айылдаштарынын баарын мобилизациялайт, канетсе да кыргыз эли боорукер эл эмеспи, ар ким колундагы азыгы, болгон оокаты менен бөлүшөт. Бир жолку жардам менен чектелсе жанагынча баланы аман асырап калуу мүмкүн эмес эле. Ар бир үй-бүлө бирден-экиден баланы өз камкордугуна алат, интернат дегени болбосо, ар бир үй-бүлө жетимдерди өз баласындай багат.
Ысымдары белгисиз, билбегени мындан көп. Шашылыш эвакуацияланган, ар кай жерден топтолгон балдардын көбүнүн документи жок эле. Эс тартып калган балдар ысымын билет, бирок 2-3 жашар ымыркайлар ата-энесинин ысымы эмес, өз атын кайдан эстесин. Ал кезде эвакуацияланган балдардын жеңине алардын ата-жөнү, ысымы, жашы жазылчу. Бирок бир айдан ашык жол жүрүп, арып ачкан, ыйлаган балдар жеңи менен улам көз жашын аарчый берип, бир тобунун жеңиндеги жазуулар өчөт, ысымдары, ата-энеси ким экендиги белгисиз бойдон Токтогон эненин колуна тиет. Бир топ балдарга Токтогон эне өзү ысым ыйгарган. Аларга мээримин төгүп чоңойтот. Алар үчүн Тоня апа, Тоня эже, же жөн эле Апа, Эне.
Блокададагы Ленинграддан, курчоодо калган калган башка шаарлардан эвакуацияланып, Кыргызстанга келип, асырап багылган балдардын саны тууралуу так статистика жок. Бирок Токтогон эне сактап калган 150 баланын бири да чарчап калган эмес, баары аман-эсен чоңоюп, жетилет.

Сүрөттүн булагы, Архив
1952-жылы Күрмөнтүдөгү балдар үйү жабылат. Токтогон эненин асыранды балдары торолуп, жетилип, чонойгондо ар кимиси ар кай жакка кетет. Алардын кийинки тагдыры ар башка. Бирок баары ошол жердин балдары. Токтогон алар үчүн эне, Кыргызстан алардын киндик каны тамбаса да, кишиликке жанган ыйык жери. Кыргызстанда калган балдары менен Токтогон эне ар жылы 9-майда Жениш паркында кезигип турду.
Кай бири Ленинградга кайтат, айрымдары Кыргызстанда калат. Мээримин төгүп баккан балдардын айрымдары менен көзү өткөнчө кабар алышып турду. Ал эми Ленинградга кайткан же Советтер Союзунун булуң-бурчуна, ал тургай чет мамлекеттерге кеткен балдары менен кат алышып турган. Айылдаштары Токтогон апага боо-боо кат келип турганын эскеришет. Токтогон эне аларга камкордугун таштабаптыр. Ар жылы күзүндө Токтогон эне алма-өрүгүн чогултуп, балдарына салып турчу экен, жарыктык киши. Токтогон эне кийин, Ленинград блокадасынын алынышынын 35 жылдыгына арналган салтанатка чакырылат. Катышат. “Мен жашагым келет (оригиналында - “Я хочу жить”) деген документалдык фильмге тартылат. Бир кезде баккан балдарынын көбү менен жолугат. Бишкек шаарынын Дайыр Асанов атындагы Жениш паркында блокададагы Ленинградга арналган эстелик орнотулган. Ошол эстеликтеги элес Токтогон эненин сүрөтү. Мемориалдык тактадагы керемет саптар кашкайган чындык: “Мужеству ленинграцев, благородству кыргызстанцев - посвящается”. Бир адамдын асыл иши бүтүндөй улуттун наркын, бийик касиетин даңазалады. Бир эне 150 баланы өз баласындай асырап бакты. Бир адам 150 тагдырды аныктады. 150 бала бир эненин колунда чоңойду, торолду, жетилди, киши болду.
Токтогон эненин үй-бүлөсү бар. Ал кезде “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн” деген ураан астында ооруктагылар болгон оокатын фронтко жөнөтүп турган. Ал тургай жоокерлерге деп байпак, мээлей токуп жиберип турушкан. Токтогон токуган мээлей, байпактар өз айылдашына тиет. Ошондон тарта кат алыша башташат. Ошол жоокер согуш аяктаганда майдандан кайтып келгенден сон Токтогонго үйлөнөт. Токтогон тогуз бала төрөйт, небере-чөбүрөлүү. Асырап баккан 150 баласынан небере-чөбүрөлөр да Токтогон эненин урпактары.
Эне мээрмандыгынын үлгүсү Токтогон Алтыбасарова эмгектин чыныгы каарманы. Ал бойго жете электе башкарган колхозду согуштан кийин да дээрлик 44 жыл жетектеген.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.








