You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирустан айыктыруу: Таиланд медиктери "дарысын" таптыбы?
Таиланддык дарыгерлер жаңы коронавирус менен күрөштүн натыйжалуу жыйынтыктары тууралуу айтып чыкты. Кадимки эле антивирус препаратына ВИЧ терапиясы үчүн дарыны аралаштырып, "коктейль" жасашкан.
Бул тууралуу Рейтер агенттигинин Бангкоктогу кабарчысы жазып чыкан. Медиктердин айтымында, мындай коктейлден бейтаптардын абалы жакшырган. Ал тургай оор абалда келгендерде дагы жылыш болгон деп айтылды.
Мындай ыкма Бангкоктогу ооруканалардын биринде колдонулуп, бир нече бейтаптын абалы жакшыра баштаган. Анын ичинде Ухандан келген 70 жаштагы аял дагы бар. Ооруканалардын биринде дары аллергиялык реакция козгоп жиберген учуру катталыптыр. Дарыгерлер жалпысынан бул бейтаптын абалы дагы туруктуу деп айтты.
Медиктер лопинавир жана ритонавир комбинацияларын колдонушканы айтылды. Бирок адистер мындай дарылардын курамында зыянын тийгизген натыйжалары дагы көп экенин эскертүүдө. Тайлык дарыгерлер бул дарынын негизги өзөгү катары осельтамивирди алышкан.
"Биз эл аралык кабыл алынган практиканы эле колдондук, болгону биздин медкызматкерлер дарылардын биринин дозасын көбөйтүп койду",-деп түшүндүрдү Таиланддын медициналык тейлөө департаментинин башкы дарыгери Сомсак Аккслим.
Таиланддык медиктер мындай ыкманы кытайлык кесиптештери дагы кабыл алганын айтышкан.
"Божомолдорубуз жакшы, бирок бул каражатты коронавируска каршы колдонуу үчүн ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл",-деди Бангкоктогу ооруканалардын биринин пульмонологу Криангска Атипорнванич.
Таиландда вирус жуктуруп алган 19 учур катталган. Алардын сегизи толук айыгып, ооруканадан чыгып кеткен. 11 бейтап дарыгерлердин кароосунда. (AbA)