Коронавирус: Эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал жарыялады.

"Коронавирустун глобалдык жайылышынан улам коомдук саламаттыкты сактоо тармагында эл аралык өзгөчө кырдаал абалын жарыялайбыз",-деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус.

Бирок ошону менен бирге эле уюм эл аралык каттамдар менен соода-сатыкка чектөө киргизүүгө жүйөлүү себептер жок экенин айтты. Уюмдун билдирүүсүндө, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн кайсыл гана өлкө болбосун вирусту жуктурган кишини бат аныктап, аны менен байланыштарды дароо табуу керектиги айтылат.

Кечээ күнү Женевада уюмдун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети жабык жыйынга чогулган. Жыйында жаңы коронавирустун эпидемиясы глобалдык коркунуч катары жарыялоо боюнча талкуу болгон эле.

Бейшембиде АКШ адамдан адамга жуккан учур катталганын ырастады. Буга чейин мындай билдирүүнү Германия жана Жапония жасаган эле.

Эпидемиянын очогу Кытайдын Ухань шаары. Бирок вирус азыркы маалда Кытайдын бардык провинцияларына жетип, дүйнөнүн 16 өлкөсүндө катталды.

Дүйнөдө эпидемия көп катталууда. Эмне үчүн?

Акыркы отуз жылда дүйнөдө вирус жайылган учурлар көп каттала баштады. Инфекциялык оорулардын эпидемиясы барган сайын кадыресе көрүнүшкө айланууда. Эмне үчүн?

Бүгүнкү күндө Жер шарындагы кишилердин саны 7,7 млрд. Кишилер көбөйгөн сайын мейкиндиктер тарып, кишилер арасында оорунун жугушу жана тарашы күчөй берет.

Ухандан чыккан коронавирус адамдан адамга аба аркылуу жугат. Организмден сырткары вирус көпкө жашай албайт. Вирустун бат тарашы кишилер жыш жашаган аймактардын жакын болгону жана карым-катнаш.

2014-жылдагы эбола эпидемиясы дагы ушундай жайылган. Эбола аба аркылуу жана денедеги башка суюктуктар аркылуу жуккан. Аны башкалар менен өтө жакын карым-катнашта болгон учурда гана жуктуруу мүмкүн эле.

Вирустун баары эле адамдан адамга жуга бербейт. Ал тургай зика вирусу чиркейден жугуп, кишилер жыш жашаган аймактарда бат тарайт. Чиркейлер шаар жашоосунда өздөрүн ыңгайлуу сезишет. Анткени алардын азыгы кеңири. Калк жыш жашаган нымдуу жана ысык климатта чиркейлер бат көбөйүшөт.

2007-жылы шаарда жашаган калктын саны айылда жашагандардан озуп өттү. Учурда төрт миллиарддан ашуун киши кургак жердин болжолу бир эле пайызында жашайт. Көптөгөн шаарлар кишилердин мындай агымына даяр эмес болуп чыкты. Таза суусу жана канализациясы жок аймактарда көп киши жашап, мунун кесепетинен дагы оорулар тездик менен жайылып кетүүдө.

Биз көп саякаттайбыз

Учак, поезд жана унаа бир күнгө жетпеген убакытта вирустун дүйнөнүн жарымына жетип калышына шарт түзүүдө. Бир нече күндүн ичинде эле Кытайдын чыккан жаңы коронавирус 16 өлкөгө жетти.

2019-жылы авиакомпаниялар дүйнө боюнча 4,5 млрд. жүргүнчүнү тейлеген. Он жыл мурун бул сандар мындан эки эсе аз эле - 2,4 миллиард.

Кытайдагы ылдам жүрүүчү темир жолдун негизги түйүнү Уханда. Кытайдагы вирус кишилердин агымы өтө көбөйгөн учурда дүрт этти. Жаңы жыл майрамына карата кытайлыктар бир шаардан экинчи шаарга каттап, кымгуут болуп жаткан маал эле.

Тарыхтагы ири эпидемиялардын бири 1918-жылы болгон. Бул "испан тумоосунун" пандемиясы эле. Ал Европада башталып, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки миграцияга туш келген.

Ооруну мигранттар жана согуштан кайткан жоокерлер тараткан. Вирус илдетке иммунитет даяр боло элек аймактарга тездик менен жайылган.

Вирусолог Жон Оксфорддун иликтөөлөрүндө вирус күнүгө жүздөгөн жоокерлер келип кеткен лагерден чыгышы мүмкүн деген божомол айтылган.

Жарандык авиация пайда боло элек учурда эле вирус дүйнөгө тарай алган. Андан 50дөн 100 миллионго чейин киши өлгөн.

"Испан тумоосу" вирусу алты-тогуз айдын ичинде дүйнөгө тараган. Азыр эми киши бир жерден экинчи жерге бат жетип калган доордо жаңы вирус мындан да бат жайылат.

Эт жана жаныбарлар көп болсо, ооруда көп

Эбола, САРС, эми ухандык коронавирус. Бул вирустардын баары зоотоникалык. Алардын баары адамга жаныбардан жуккан. Жаңы коронавирус Ухандагы жаныбарлар, мал-жандыктар сатылган базардан чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, вирус тирүү жыландан жуккан болушу мүмкүн.

Азыркы маалда жаңы чыккан төрт вирустун үчөө зоотоникалык эсептелет.

Кишилердин эт азыктарына болгон табити дагы күчөп барууда. Жакыр өлкөлөрдүн жашоочулары кичине бутуна тураары менен эле этти көп колдоно баштайт. Муну менен катар эле мал чарбачылыгы дагы өсүүдө. Грипп сыяктуу вирустар кишиге үй жаныбарларынан жугат.

Коронавирус жапайы жаныбарлардан кишиге жугат. Кытайдын өзгөчө калк жыш жайгашкан аймактарында эт жана жаныбарларды тирүү саткан базарлар кеңири жайылган. Мунун өзү соңку эки вирус эмне үчүн Кытайдан чыкканын көрсөтүп турат.

Шаарлардын кеңейиши дагы жапайы жаныбарлар менен карым-катнашты түздү. Маселен, фермелер токойду кыркып, жаңы жерлерди өздөштүргөндө, келемиштер алардын үйлөрүнө кирип кетти. Ушундан ласса илдети тараган.

Болгону биз даяр эмеспиз

Азыркы доордо планетанын ар кайсыл бөлүктөрү бири-бирине ушунчалык чырмалып калган.

Ошол эле маалда эпидемия коркунучуна каршы тура алган саламаттыкты сактоонун глобалдык системасы жок.

Эпидемия менен күрөшүүдө биз өлкөнүн өкмөтүнө ишеним артабыз. Эгер алар буга каршы күрөшө албай калса, бүтүндөй адамзат коркунучта калат. Буга Батыш Африкадан чыккан эбола жакшы мисал боло алат. Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоненин саламаттыкты сактоо тармагы вирус менен күрөшө албай калып, өлкө сыртына тарап кетти.

Илдет көп учурда саламаттыкты сактоо тармагы өтө чабал болгон аймактардан чыгып калган учурлар көп. Гигиена боюнча маалыматтын аздыгы жана санитардык оор шарттар, калктын жыштыгы дагы кооптуулукту күчөтөт. Анан калса мындай жакыр аймактардан кесипкөй дарыгерлер бай өлкөлөргө чыгып кетүүдө.

Көп өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы эпидемияны алдын алуу үчүн коротулган каражаттар дагы максатсыз болуп калууда. Айталы, "чочко тумоосу" жайылган учурда жаңы дарылар дүйнөнүн булуң-бурчуна жетти. Кийин кайра бул чаралардын өзү сынга кабылды. Вирус өтө деле кооптуу эмес деп табышкан.

Айрым вирустар менен күрөшө турган дарыларды жасоого технология жетиштүү. Бирок жаңы каражатка инвестиция салууга фармацевтикалык компанияларга эч кандай түрткү жок.

Жакшы жаңылык

Бүгүнкү күндө биз мурда тарыхта болуп көрбөгөн эпидемияларды көрүп жатканыбыз менен кишилей жоготуулардын саны жалпысынан өтө аз санда.

Өлкөдө дүркүрөгөн экономикалык өсүү болгондо, санитардык шарттар дагы жакшырып, саламаттыкты сактоо тармагы чыңдала берет. Дарылоонун натыйжалуу ыкмалары, алдын алуу жолдору күчөйт. Айталы, азыркы мезгилде Кытай сыяктуу өлкөлөр миң орундуу оорукананы бир аптада куруп салат. 1918-жылы мындайды фантастика катары кабыл алынмак. (AbA)