АКШнын президенттик шайлоосун Дональд Трамп жеңди

Дональд Трамп шайлоочулардын коллегиясынын 278 добушун алды. Хиллари Клинтондун добушу 218. Си-эн-эн Хиллари Клинтон Дональд Трампка телефон чалып, аны жеңиш менен куттуктаганын кабарлады.

18:25

Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат (“Ата Мекен”) Каныбек Иманалиев АКШнын президенттигине Дональд Трамптын келиши Кыргызстанда жана Борбор Азияда Американын активдүүлүгүн күчөтөт дейт.
“Анткени авиабаза чыккандан кийин АКШ менен мамилебиз начарлап кеткен. Азыр негизги келишимдер жокко эсе. Эми жаңы келишимдерге кол коюлуп, Америка менен кызматташуу жаңы жолго түшүшү мүмкүн”, - деди Иманалиев Би-Би-Сиге.
Ал Трамптын келишим менен АКШнын Борбор Азия чөлкөмүндөгү саясаты да жанданат дейт. “Себеби Өзбекстанга жаңы багыттагы президент келди. Ал эми АКШ үчүн Борбор Азияда Өзбекстан маанилүү деп ойлом”, - дейт Иманалиев.
18:02 Абдувахап Нурбаев: АКШ менен алаканы жакшыртуу керек
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдувахаб Нурбаев АКШны эң күчтүү держава деп атап, Кыргызстан аны менен алаканы жакшыртышы керек деп билдирди:
"АКШда күчтүү система бар. Трамп болобу, Клинтон болобу, андай деле таасири тийбейт. Бирок бул шайлоодо биз үчүн үйрөнө турган жагы – чыныгы демократиялык шайлоону көрдүк. Биз, албетте, мамилебизди жакшыртышыбыз керек. Анткени дүйнөдө эң күчтүү держава Америка. Алар менен кызматташууга биз өзүбүз кызыкдарбыз. Алардан бизге көп тармакка жардамдар келип жатат. АКШ менен экономикалык келишимди тездетип, ошонун негизинде мамиле курушубуз керек. Биз АКШдагы эл шайлаган адам менен мамиле кыла беришибиз керек”.
17:40 Дүйнөлүк баалуу кагаздар базарындагы абал

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы баалуу кагаздар базарына дагы таасир этти. Трамп жеңишке жетиши мүмкүн деген жоромолдор чыкканда баалуу кагаздар базарында олку-солку абал түзүлгөн. Учурда Трамп президент катары келгенде АКШнын экономикадагы саясаты кандай болоору белгисиз болуп, бул жагдай инвесторлорду тынчсыздандырууда. Буга чейин Трамп АКШнын эл аралык келишимдерин сындап, өзгөчө Мексика менен соода келишимин сынга алган. Эң чоң сокку Мексиканын улуттук валютасы, песого болду.
17:15 "Америка азуусун көрсөтсүн деп Трампты шайлашты"
Дональд Трамп жеңишке жеткенден кийинки сөзүндө Америка элин биримдикке чакырып, АКШнын экономикасын өнүктүрүп, дүйнөдөгү эң күчтүү экономика кыларын убада кылды. Кыргызстандагы аналитиктер Дональд Трамптын тушунда АКШнын геосаясий ролу да күчөйт деп болжоп жатышат.
Кыргыз талдоочусу Папан Дүйшөнбаев:
«Обаманын тушунда АКШда салыштырмалуу тынч болду. Айрым учурларда Американын ролу төмөндөп кеткени да чын. Обама бир жагынан пассивдүү, ошол эле учурда толеранттуу мамиле жасаган жетекчи болду. Бирок буга америкалыктардын көбү макул болгон жок. Трампты ошон үчүн шайлашты. Америка азуусун көрсөтүп турсун деп шайлашты. Трамп бир нерсени айтып коюшу мүмкүн. Бирок анын артында турган чоң күчтөр башканы көрсөтүп, башканы талап кылышы мүмкүн. Ошон үчүн Трамптын тушунда АКШда геосаясий маселелерге көбүрөөк басым жасалат. Биз үчүн позитивдүү да, белгилүү деңгээлде бизге жакпай турган да нерселер болушу мүмкүн»,-деди Папан Дүйшөнбаев.
16: 55 Президент Атамбаев Дональд Трампты куттуктады

Сүрөттүн булагы, President.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
«Биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толгон жылы Сизди куттуктоо мен үчүн өзгөчө жагымдуу. Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары достук мамилелерди жана өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөнү мындан ары да улантарына ишеним билдирем.
Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта иштегениңиз кыргыз-америкалык ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде демократиялык өнүгүү чөйрөсүндө да кызматташтыкты кеңейтип, азыркы кездин глобалдуу чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип каршы турууга өбөлгө болооруна ишенем», - деп белгиленет куттуктоо телеграммада.
Мамлекет башчысы Дональд Трампка бакубатчылык, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Американын биз менен дос элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
16:49 Кытай АКШнын жаңы шайланган президенти менен иштешүүгө даяр
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лю Кан Кытай АКШнгын жаңы шайланган президенти менен иштешүүгө даяр деп билдирди.
"Биз АКШнын жаңы администрациясы менен кытай-америка алакасын туруктуу алга жылдыруу боюнча биргелешкен иштерди чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул алакабыз эки өлкөнүн элине эле эмес бүт дүйнөгө пайдалуу болот».
16:07 Путин Трампты куттуктады
Президент Путин Трампты куттуктап, Россия-Америка алакасын кризистик абалдан чыгаруу боюнча биргелешкен аракет болот, бул коопсуздук боюнча глобалдык проблемаларды эффективдүү чечүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди. Ал ошондой эле Москва менен Вашингтондун ортосунда конструктивдүү диалог болорун ишенерин айтты. Дональд Трамп өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Путинди күчтүү лидер катары мактап келди, ал эми демократтар Кремлди электрондук каттар менен байланышкан жаңжал жөнүндө ыплас оюндарды чыгарып, шайлоого таасир этүүгө аракет кылды деп күнөөлөп келишти.
Москвада соңку жаңылыкты жакшы кабыл алышууда.
Евгений:
"Менин оюмча, эми Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелер кыйла прагматикалуу болот – идеология азайат, экономика көп болот.
Ольга:
"Мен Трамп Хиллариден жакшы болушу мүмкүн деп ойлойм. Эмне үчүн? Анткени Хиллариге караганда анын Россияга мамилеси оңураак
14:35 Трамп ким?
Трамп миллиардер жана саясий ишмер, Республикалык партиянын мүчөсү, медиамагнат, жазуучу. Ал ошондой эле «Кандидат» реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу катары да белгилүү. Ал оюндагысын жашырбай, ачык сүйлөгөнү менен да таанымал.
Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Куинсте (Нью-Йорк штаты) туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамп 13 жашында аскер академиясына кирип, эң алдыңкы окуучу болгон.
Трамп биринчи Фордхем университетинде окуган. Бирок жакпай калып, болочок миллиардер Пенсильвания университетиндеги Уортон мектебине которулуп, аны окуп бүткөн. Андан кийин Дональд атасынын компаниясында иштеп, 1975-жылы компаниянын президенти болот. Анын курулуштагы эң биринчи долбоорлорунун бири Манхэттендин батыш жагындагы бизнес-борбордун курулушу эле.
Дональд Трамп АКШнын президенттиги кызматы үчүн ат салышарын 2015-жылы 16-июнда жарыя кылган. 2015-жылы май айында праймеризде башка талапкерлерди артка таштап, Республикалык партиянын атынан талапкер болуп калган. 18-21-июлда Республикалык партиянын курултайы аны АКШ президенттигине расмий талапкер деп жарыялаган.
14:26
Трамп: мен Американы дайыма биринчи кылам “Мен башка мамлекеттер менен абдан жакшы мамилебиз болот деп ойлом”, - деди Трамп. “Кыялдар өтө чоң эмес, чакырыктар өтө чоң эмес. Америка эми эң мыктысынан кемине макул болбойт. Биз өлкөбүздүн тагдырын, бийик кыялын, эр жүрөктүн кайтарышыбыз керек”,- деди ал. Ошондой эле “Мен Американы дайыма биринчи кылам” деди.
14:20
Трамп: «Мен ар бириңердин президентиңер болом»
Дональд Трамп элге кайрылуу жасап, АКШнын билинбеген бийик потенциалы бар экенин баса белгилөө менен бирге, аны өнүктүрүү керек деди. Ошондой эле ал сөзүндө ар бир америкалык үчүн президент болорун, анткени бул өзү үчүн абдан маанилүү экенин кошумчалады.
14:08
Соңку маалыматтар боюнча Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон 218 добуш алды. Анын атаандашы Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп зарыл болгон 270 добуштан ашып, 275 алды.
13:45
Си-эн-эн Хиллари Клинтон Дональд Трампка телефон чалып, аны жеңиш менен куттуктаганын кабарлады.
13:38
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды деп Ассошиейтед пресс агенттиги билдирди.
11:34
Маалымат каражаттарынын акыркы маалыматтарына ылайык, Трамп 270 добуштук босого балга жакын калганда эл алдына чыгып сүйлөөгө даярдык көрүп жатат.
13:28
Эй-би-си Мэн штатындагы төрт шайлоочулар коллегиясынан үчүн Клинтон алат деп божомолдоодо. Бир добуш Трампка кетет.
Акыркы маалыматка ылайык, Трамп 245 шайлоочулар коллегиясынын добушуна ээ болду, ал эми Клинтон 218 добуш алды. Жалпы 270 болуш керек.
12:53

Бул шайлоочулар коллегиясынын 20 добушу. Эгер бул чын болсо Трамп президент болуш үчүн ири алты гана шайлоочулар коллегиясынын добушуна муктаж. Пенсильвания күрөштө негизги ролду ойногон аймактардан. Бирок азырынча Эй-би-сиден кабар жок.
12:44
Би-Би-Синин Азия боюнча бизнес кабарчысы Каришма Васвани мындай дейт: “Клинтондын жеңиши Азия үчүн жалпысынан жакшы. Клинтон мамлекеттик катчы болуп турганда бул жерлерди кыдырып кеткен. Ал эми Трамп такыр билинбеген адам болгондуктан Кытайдан импорттоонун тарифи сыяктуу жагдайларга кандай мамиле болоорун белгисиздикке кептегенин аймактагы бир соодагер айтты”.
12:38
Трамптын үгүт иштерин жетектеген Келлианн Конвай күн мурунтан жеңишин майрамдап баштады
12:30
Бул саясаттын тарыхындагы эң чоң көңүл чөгүү өңдүү көрүнө баштады, дейт Би-Би-Синин кабарчысы Кетти Кей. Дональд Трамп саясатта жүргөн эмес, эч качан шайлоо аркылуу келчү кызматта иштеген эмес. Ал “эрежелерди жокко чыгарып” шайлоонун башында Хиллари Клинтонго оңой эле утулат деген сурамжылоолорго чакырык таштады.
12:20
Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилеринин АКШнын президенттигине талапкерлер тууралуу позициясы ачык эмес. Президенттик аппараттан комментарий беришкен жок.
12:10
Би-Би-Синин Стамбулдагы кабарчысы Марк Ловен АКШдагы шайлоого Түркиянын ою кандай болуп жатканына кызыкты. Ал “Твиттерге” “бүгүн оор-басырыктуу реакция кылчу бир мамлекет – бул, Түркия. Эрдоган Клинтонго кол шилтеди. Анкара Трампты колдогондой” деп жазды.
12:00
Даярдалган видео кайрылууда АКШнын президенти Барак Обама бүгүн кайсы талапкер утканына карабай демократияны жактады. Ал “Твиттерде” шайлоочуларга кеңеш берип, бири-бирине республикачыл жана демократ катары эмес, америкалык катары мамиле кылууга чакырды.
11:55

Сүрөттүн булагы, Getty
Учурда 42 штаттын добуштары эсептелип бүттү. Азырынча Трамп алдыда келатат, бирок теориялык жактан Клинтондун жеңүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Клинтон Пенсильванияда, Мичиганда жогорку добушка ээ болсо, анда президенттик милдет ага буюрушу мүмкүн. Бирок шайлоо эсеби ит жыгылыш менен да аякташы мүмкүн.
11:40

Эй-би-си Невадада Клинтон утуп жатканын айтууда. Тарыхта республикачыл, жакындан бери демографиялык өзгөрүүлөр орун алган Невадада шайлоочулардын көбү латынамерикалыктар. Ал акыркы тогуз шайлоодо уткан талапкерге добуш берген.
11:37
«Бул түн өзгөчө жана улуу түн болуп жатат. Жалгыз гана Америка эмес, дүйнө эли үчүн да улуу түн болууда», - деди Трамптын улук саясий кеңешчиси Куртис Эллис Би-Би-Сиге берген маегинде.
11:30
Австралиянын улуттук партия лидери Паулин Хэнсон Трампты куттуктоого ашыкты. «Менин эшигим сиз үйүн дайыма ачык» - деп жазды ал өзүнүн «Твиттер» баракчасына.
11:28
Дональд Трамп үгүт иштеринин аягында шайлоо мыйзам бузуулар менен өтөөрүн көп айтып жатты. Бирок азыр "Нью-Йорк Таймс" басылмасы ал атаандашына караганда жеңишке жакыныраак экенин айтып жатат. Гезит ошондой эле республикачыл талапкер президент болуш үчүн шайлоочулардын коллегиясынын жетиштүү добушун алып, бирок жалпы шайлоочулардыкын колдон чыгарат деп божомолдоп жатат.
11:01

“Хиллари Клинтон Ак үй үчүн жарышта жеңишке жетишем десе, Пенсильванияда, Мичиганда жана Висконсинде утуш керек. Анын жеңишке бир гана жолу бар. Ал эми Трамптыкы бир нече”. Бул тууралуу Би-Би-Сиге берген интервьюсунда саясат таануучу Норм Орнштейн билдирди.
10:57

Сүрөттүн булагы, Getty
Жоржия Трампка добуш берүүдө. Жоржия Республика партиясына 1996-жылдан бери добуш берип келет. Бирок партия акыркы шайлоолордо бул чөлкөмдөн демократтардан көп алдыга кете алган жок. Андыктан Трамп бул жерде утканына кубанат.
10:45
Вашингтон штаты Клинтон үчүн. Эй-би-си Хиллари Клинтон Вашингтон штатында жеңишке жетээрин божмолдоп жатат. Бул штат 1988-жылдан бери демократтарды добуштардын саны боюнча чоң айырмачылык менен шайлап келаткандыктан, бул күтүлбөгөн окуя эмес.
10:40

Сүрөттүн булагы, Getty
Флорида Трамп үчүн добуш берди. Флориданы көптөр “чечүүчү” роль ойногон аймак катары эсептейт. Бул жерде шайлоочулар коллегиясынын 29 мүчөсү бар.
10:38
Ютада Трамп утууда.
Эй-би-эс Дональд Трамп Ютада жеңишке жеткени калды деп жазууда. Үчүнчү партиянын талапкери Эван Макмаллин батыш бөлүктөрдө утууга катуу жан үрөп, Трампка каршы консерватор катары аракет көрүүдө. Юта негизинен республикачыларга добуш берет. 2012-жылы Митт Ромниге шайлоочулардын төрттөн үчү добушун берген. Анткени ал жакта мормондук ишенимдерге берилгендер көп.
10:34
“Клинтон Калифорния менен Гавайиде утуп жатат. Клинтондун штабы кубанууда. Бирок бул негизги кырдаалды өзгөртпөйт. Баары Орто Батышта чечилет”, - деп жазууда Би-Би-Синин АКШдагы кабарчысы Энтони Зуркер.
10:29
Трамптын болжолдуу жеңишине байланыштуу базар баасы түшүүдө. Bloomberg АКШнын президенттик шайлоосуна байланыштуу доллар кесин ылдыйлаганын билдирди. Би-Би-Синин бизнес кабарчысы Мишель Флери Dow индексинин реакциясын белгилеп, 700 пунктка ылдыйлаганын айтты. Аналитиктер базар мындай төмөндөө менен Дональд Трамтын болжолдуу утушуна реакция кылып жатат дешет.
10:18
Клинтон үчүн Калифорния менен Гавайи, Орегон добуш берди. Трамп болсо Айдаходо,Түндүк Каролинада жеңишке жетти.

10:07

Сүрөттүн булагы, AFP
The New York Times басылмасы Дональд Трамптын президенттик шайлоодон утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү абдан олуттуу деп баалап жатат. Аналитиктер 94% ишенимдүү жеңишти республикачылардын талапкерине берүүдө. Азыркы учурда Трамп шайлоочулар коллегиясынын 168 добушун алды. Жеңишке жетүү үчүн 270 добуш керек. Хиллари Клинтон 131 добуш алды.
9:47
Нью-Мексико Хилари Клинтонго үмүт артат. ABC Нью-Мексико Хиллари Клинтонду шайлайт деп болжоп жатат. Мурда “оома” штат катары таанылган Нью-Мексико 2004-жылды эске албаганда акыркы шайлоолордо демократтарга добуш берип келди. 2012-жылы Барак Обама бул штатта 53% менен жеңип чыккан.
АКШнын маалымат каражаттары Виржиняда Клинтондун жеңшин кабарлоодо. АВС телеканалы өтө маанилүү делген "оома" штатта Клинтондун жеңиши тууралуу кабарлады.
9:42

Трамп бир топ эле алдыга озуп кетти. "Ортодогу айырмачылык Трамптын пайдасына жылып жатат New York Times болжогондой эле" деп жазды “Твиттердеги" баракчасынан Анналин Курц.
9:33
“Оома” штаттардын бири Огайодо Трамп алдыга чыкты. Дональд Трамп Миссури штатында дагы атаандашынан озду. Бул штатта буга чейинки болгон төрт шайлоодо жергиликтүүлөр республика партиясынан чыккан талапкерге добуш беришкен. Барак Обама 2008-жылы бул штатта Митт Ромниге жакын келип, бирок атаандашынан кыйла артта калган.
9:07

Мына ушунтип Трамптын штабы добуш саноолорго байкоо салууда. Фото Трамптын кызы Иванканын "Твиттердеги" баракчасынан алынды.
8:46

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул штат дагы өлкө тарыхындагы 26 шайлоонун 24 учурунда президенттик жарышты жеңип чыккан талапкерди тандаган. Хиллари Клинтон бул жердеги сурамжылоолор боюнча лидер болуп келди.
8:40
Соңку маалыматтар боюнча Трамп шайлоо келлегиясынын мүчөлөрүнүн 123 добушун алды. Жеңишке жетүү үчүн 270 добуш керек. Клинтондо 97 добуш бар. Техас жыйынтыктарга таасирин тийгизди.
8:10

Клинтон Нью-Йоркто алдыга чыкты. Ал эми атаандашы Трамп Техас, Канзас, Түндүк Дакота, Түштүк Дакота жана Вайоминг штаттарында жеңишке жетти.
07:36
АВСтин болжолдуу маалыматы боюнча Алабама, Теннесси жана Түштүк Каролина штаттарында Республикалык партиянын лидери Дональд Трамп алдыга чыгууда. Теннесси 2012-жылдан бери республикачылар үчүн добуш берип келе жатат.
07:31

Сүрөттүн булагы, b
АКШнын тарыхындагы 45-президенттин ысымы 9-ноябрда Кыргызстандын убактысы боюнча күндүзгү саат 11-12 ортосунда белгилүү болот.
07:01
Добуш берүү жыйынтыкталган аймактардагы соңку тыянактар.ABC News маалыматы боюнча Клинтон Нью-Жерси, Колумбия аймагында, Массачусетс, Мэриленд, Делавэр, Иллинойс жана Род-Айленд штаттарында жеңишке жетти. Трамп болсо Миссисипи жана Оклахомада жеңишке жетиши мүмкүн.
07:00

Добуш берүү жыйынтыкталган аймактардагы шайлоочулар коллегиясынын добуштары. Индиана, Кентукки жана Батыш Вирджиния, Вермонт штаты боюнча.
06:50
АВС каналы алгачкы сааттардагы добуш берүү жыйынтыктары боюнча Республикачылардын талапкери Дональд Трамп Индиана, Кентукки жана Батыш Вирджинияда жеңишке жетишти деп маалымдоодо.

Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон, Вермонт штатында утту. 2012-жылы демократтардын өкүлү Барак Обама бул жерден добуштардын 66% алган.
06:41

Сүрөттүн булагы, Getty
Бул түндүк-чыгыштагы эң чоң аймак. Эгер Трамп бул жерден утуп чыкса, анда бул анын улуттук масштабдагы ийгилигинин индикатору болуп калмакчы. Нью-Гэмпшир штатынын үч шаарында адаттан тыш салт бар: бул жердеги добуш берүү жайлары таңкы саат беште ачылып, көп өтпөй эле жабылат. Анткени тургундар чогулуп туруп анан добуш беришет, ошондуктан добуштар бул шаарларда бат эле эсептелет.
06:40
Бул штат дагы соңку 10 жылда эки тарапка ооп келгени бар. Айталы, 2004-жылы Жорж Бушка, 2008-жылы Барака Обамага, 2012-жылы Митт Ромниге добуш беришкен. Бул штатта теги африкалык болгон америкалыктардын көпчүлүгү демократтар үчүн добуш берет. Ушундай мамилени башкалардан да көрсө болот. Бирок Түндүк Каролинанын провинциялык райондорунда жашаган бардар кишилер көбүрөөк Дональд Трампка добуш берүүгө ыктап турушат. Түндүк Каролинанын колдоосу жок Трамптын жалпы шайлоону утуп чыгышы кыйын.
06:32
Огайодогу добуш берүү жыйынтыкталды. Бул дагы “чечүүчү” мааниге ээ штаттардын бири. Бул аймак - өндүрүш төмөндөп, жумушсуздук көйгөйү, жана миграция маселеси курчуп жаткан аймак эсептелип жүрөт. 1964-жылдан баштап 13 өнөктүктө катары менен Огайодо уткан талапкер президент болгон. Бул кызыктуу жагдайдан улам аталган штат “барометр” катары эсептелип жүрөт. Соңку 10 шайлоо өнөктүгүндө Огайо беш жолу республикачыларга, беш жолу демократтарга добушун берген.
06:29

Сүрөттүн булагы, Getty
АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш менен жубайы Лора шайлоого катышканы менен бир да талапкер үчүн добуш берген эмес. Ал Республикачыл партиянын өкүлү болгону менен партиянын талапкери Дональд Трампты колдогон жок.
6:14

Сүрөттүн булагы,
ABC төмөндөгүдөй божомолдорун чыгарды:
Кентуккиде Трамп жеңишке жетиши мүмкүн. Бул штат салттуу түрдө республикачыларды колдоп келген. Вермонт Клинтон үчүн добуш берет. 2012-жылы Обама бул штаттан 66% добуш алган. Индиана Трампты колдойт. Анткени көп учурда республикачыларды колдоп келишкени бар. Деген менен 2008-жылы Барак Обама бул жерден утуп чыга алган.
6:00

Сүрөттүн булагы, Getty
Флоридада штатында шайлоочулар коллегиясынын 29 добушу бар. Албетте бул добуш жалпы шайлоого чоң таасир тийгизет деп айтылат. Демократтардын республикачыларга салыштырганда өлкөдө “ишеничтүү” делген штаттары көп. Ошондуктан Хиллари Клинтон аларга таянып, Трамптан озуп кетүү мүмкүнчүлүгүн кармап турат. Эгер ал Флоридадан утуп чыкса, жалпы жеңишке жетүүгө зарыл болгон 270 добуш топтоо мүмкүнчүлүгү ачык болот. Бирок Флорида “оома” штат эсептелип, добуш берүү жыйынтыгын алдынала билүү мүмкүн эмес. Бул жерде жашаган испан тилдүүлөр демократтарга ыктап келгени белгилүү. Ошол эле учурда Флоридада теги кубалык америкалыктар дайыма республикачыларга добуш берип келишкен.
4:55

Калифорния штатынын Азуса шайлоо участкосунда ок атышуу болуп, ал жабылганы маалымдалууда.
CNN каналы эки адам жарадар болгонун кабарлады. Атышуу жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө болгонун Азуса полиция өкүлү, Жерри Уилсон бидирди. Полиция бөлүгү "Твиттерге" жергиликтүү тургундарды аймактан алыс болууга чакырды.
4:46
Дональд Трамп Ютанын расмийлери бүтүндөй өлкө боюнча шайлоо жабдыктарында маселе чыгып жатат деп CNN каналы кабарлаганын “Твиттерге” жазды.

Бирок CNN каналы Юта округу (county) деп кабарлаганын, өлкө (country) деген сөз айтылбаганын билдирди. Каналдын алып баруучусу Жэйк Таппер түз эфирде бир гана тамга туура эмес болгонун, бирок, ал маанилүү тамга экенин баса белгиледи.
4:38

“Гугл” издөө программасы аркылуу талапкерлердин ысымдарын же алар тууралуу маалымат издеген шайлоочулардын саны тең келе жатканын билдирүүдө. Бирок соңку бир нече сааттын ичинде Трамп тууралуу маалымат издеген шайлоочулардын саны көбөйдү.
3:49

Ишен бирок текшер:)
Блогерлер АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын бул сүрөтү тууралуу ар түрдүү пикирин жазып, тамашалашууда. Трамп Нью-Йорк шаарында добуш берип жатып, жубайы кимге добуш бергенин текшерип жаткандай.
3:25

Сүрөттүн булагы, AFP GETTY
Нью-Йорк шаарынын мэри Бил Де Бласио бүгүнкү шайлоо тарыхта каларын белгиледи. Бирок мэрдин айтымында Клинтон жеңишке жетсе, Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коюшу ыктымал.
Албетте азырынча шайлоону ким жеңип чыгаары белгисиз. Арийне Трамп шайлоодо бурмалоолор болду деп ойлосо, ал бурмалоолор болду деген штаттардагы расмийлерди сотко бере алат. Клинтон ири ажырым менен жеңишке жетсе, Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койсо дагы жыйынтык күчүндө кала берет.
Бул кадам АКШнын демократиялык системасына ири сокку болот. Президенттик талапкерлердин үчүнчү дебатынын модератору Уаллес мырза шайлоо өнөктүгүнөн кийин жеңишке жеткен талапкерге бийликти өткөрүп берүү АКШнын маданияты деп белгилеген.
2:35
Социалдык тармактарда добуш берүү жайларында шайлоочулар сааттап күтүп турушканын жазышууда.

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Сүрөттүн булагы, b
2:20

Сүрөттүн булагы, AFP
Дональд Трамп Невада штатындагы Кларк аймагынын каттоо бюросун сотко берди. Бул жердеги мөөнөтүнөн мурун болгон добуш берүү жараянында шайлоо участкасы эки саатка кеч жабылган деген доомат коюп жатат. Бюронун кызматкерлери мыйзам бузуп, добуш берүү жайлары жабылгандан кийин дагы шайлоочуларды кезекке тизген деп айтылган арызда.
1:25

Америкалык айрым басылмалардын президенттик шайлоо боюнча эң соңку божомолдору төмөнкүдөй:
New York Times Upshot: Клинтондун жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү 84% түзөт.
FiveThirtyEight: Клинтондун жеңиши болжолу 65%.
HuffPost: Клинтон президент болот деген божомолго 98% ишеним бар.
Албетте, шайлоо тыянагы социалдык сурамжылоодон таптакыр айырмаланып калышы толук мүмкүн. Баарысы шайлоочулардын добушу саналып, шайлоочулар коллегиясынын добуштары берилгенден кийин белгилүү болот.
Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй “оома" штаттар шайлоо жүрүшүндө күтүүсүз жерден жеңишти Дональд Трампка берип коюшу да кеп эмес. Республикачылардын талапкери бул “оома” штаттардан чоң айырма менен утуп чыкса гана жеңиш үмүттөнүшү керек.
24:05
Президенттикке талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамптын өмүр ирмеми сүрөттө:

Сүрөттүн булагы, CLINTON AND TRUMP CAMPAIGNS

Сүрөттүн булагы, MAINE TOWNSHIP HS DISTRICT 207TRUMP CAMPAIGN

Сүрөттүн булагы, WILLIAM J CLINTON PRESIDENTIAL LIBRARY CORBIS
23:55

Сүрөттүн булагы, twitter
АКШнын президенти Барак Обама “Твиттер” аркылуу тургундарды добуш берүүгө чакырды. Обама “Өнүгүү – добуш берүүдөн башталат”, -деп жазды.
23:40

Сүрөттүн булагы, AFP
Германиянын биринчи аял канцлери Ангела Меркел АКШдагы шайлоону Хиллари Клинтон утуп алса, гендердик теңчиликке жагымдуу кадам болоорун айтты.
Ал эми Меркел менен бирге кайрылуу жасаган Норвегиянын экинчи аял премьер-министри Эрна Сулберг, Клинтон жеңишке жетсе ал окуя “көп жаш кыздарды шыктандырмак”, -деген пикирин билдирди.
23:05
Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Нью-Йорк шаарында добуш берүүдөн мурун, эки жарым жартылай жылаңач аял шайлоо участкосунан чыгарылды. Алар Трампка каршы демонстрация өткөрүштү.
Трамп болсо жобуш берип жатып сыймыктанып турганын айтты. Журналисттердин шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүнбү деген суроосуна: “биз ар дайым тынчсызданып турабыз”, -деп жооп кайтарды.
22:36
Би-Би-Си АКШда жашаган кыргыз, Сейитбек Усмановго байланышып, шайлоо күнүндөгү маанай тууралуу суроо жолдоду. Сейитбек мырза шайлоо өнөктүгү кызуу өтүп, Клинтон жана Трамп жөнүндө чуулгандуу окуялар шайлоонун жыйынтыгына таасир этти деп белгиледи.
22:24

Сүрөттүн булагы, Getty
Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Нью-Йорк шаарында добуш берди.
22:23

Британ басылмалары АКШ шайлоосу жөнүндө эмне дейт?
“Америка шайлоочуларынын алдында өтө татаал суроо турат” деп жазды Times гезити. Шайлоо алдындагы өнөктүк каралоо менен коштолуп, кээ учурда таң калтырды. Басылма белгилегендей, шайлоонун жыйынтыгы Американын жарым калкы үчүн кубаныч болсо, жарымы үчүн чоң сокку болот. “Бул эки талапкер өзүнчө идеология сунуштап жатканы үчүн деле эмес, эки лагерь бири-бирин жек көргөнү үчүн” деп белгиледи Times.
Daily Telegraph басылмасы болсо Ак үйдүн босогосун ким атап кирери акыр аягына чейин белгисиз болуп турганын жазды. Шайлоо алдындагы өнөктүк алдынала болжоого мүмкүн болбогон абалда өттү. Америкалыктар биринчи аял президентти шайлайбы же “көрүнүктүү” миллиардер үчүн добуш береби? Көпчүлүк демократтар жана республикачылар өз талапкерлери үчүн жүрөгү сыгылып турса да, добуш берүүгө аргасыз экенин басылма белгилеген.
22:05
Твиттердеги таймаш
Socialbakers аналитикалык компаниясынын айтмында Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон "Твиттерге" беш миңден пикир жазышкан. Эки талапкер “Твиттер” аркылуу шайлоочуларды өзүнө тартууга аракеттенишкен.

Сүрөттүн булагы, socialbaker
21:26

Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон күйөөсү өлкөнүн мурдагы президенти Билл Клинтон менен ээрчишип келип, Нью-Йорк штатындагы Чаппакуа шаарындагы шайлоо участкасында добуш берди.
21:02
Ким президент болгонун качан билебиз?

2016-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы таңкы саат төрт менен бештин ортосунда айтылат. Адатта утулуп калган талапкер жеңишке жеткен атаандашына телефон чалып, өзүнүн утулганын моюнуна алат.
Эгер талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын 269 добушун алып тең чыкса, анда президентти Эл өкүлдөр палатасы дайындайт. Ортодогу айрмачылык чоң деле болбой, кайра акыркы добушка чейин эсептөө зарыл деп табылса, анда бул бир топ убакытты алат.
20:51
Шайлоолор эмне үчүн ар дайым шейшемби күнү өткөрүлөт? 1845-жылы ноябрь айында президенттик шайлоону шейшембиде өтөт деп бекитилген. XIX кылымдын орто ченинде АКШ агрардык өлкө болгон. Ал учурда фермерлер үчүн жакынкы шайлоо участкасына жетүү үчүн ат менен барууга туура келген. Кээ учурда ферма менен мындай жайлардын аралыгы бир нече чакырымды түзгөн. Ишемби жумуш күнү болгон, жекшемби чиркөөлөргө барып сыйынуу, сейилдөө күнү эсептелген. Ал эми шаршемби күнү базарлар иштеген. Демек мындай шартта шейшембиден башка тандоо болгон эмес. АКШдагы президенттик шайлоонун <link type="page"><caption> өзгөчөлүктөрү тууралуу окуп алыңыз</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/10/161025_us_election" platform="highweb"/></link>.
20:49
Бул жолку шайлоодо мөөнөтүнөн мурун шайлагандар саны рекорддук чекке жетти. Маалыматтарда алардын саны 46 млн кишиге жеткен.
20:39

Сүрөттүн булагы, Getty
Жергиликтүү убакыт боюнча 00:00 дө, башкача айтканда шаршембиге оогон түнү Флорида штатындагы добуш берүү жайлары жабыла баштайт. Флориданы көптөр “чечүүчү” роль ойногон аймак катары эсептейт. Бул жерде шайлоочулар коллегиясынын 29 мүчөсү бар.
Ушул эле саатта Нью-Гэмпширдеги тыянактар белгилүү боло баштайт. Бул түндүк-чыгыштагы эң чоң аймак. Эгер Трамп бул жерден утуп чыкса, анда бул анын улуттук масштабдагы ийгилигинин индикатору болуп калмакчы.
00:30. Бул убакытта Огайодогу добуш берүү жайлары жабыла баштайт. Бул дагы “чечүүчү” мааниге ээ штаттардын бири. Бул аймак - өндүрүш төмөндөп, жумушсуздук көйгөйү, жана миграция маселеси курчуп жаткан аймак эсептелип жүрөт. 1964-жылдан баштап 13 өнөктүктө катары менен Огайодо уткан талапкер президент болгон. Бул кызыктуу жагдайдан улам аталган штат “барометр” катары эсептелип жүрөт. Соңку 10 шайлоо өнөктүгүндө Огайо беш жолу республикачыларга, беш жолу демократтарга добушун берген.
20:37
25-27-октябрда өткөн сурамжылоодо Клинтон атаандашынан бир пайызга көп ишенимге ээ болгон эле. 12-октябрда ал Трамптан 12% алдыга чыккан. АВС телеканалы Клинтондун рейтинги төмөндөп кеткенин электрондук кат алышуулары боюнча иликтөөнү ФБР кайра жандантканы менен түшүндүргөн. Бирок айрым адистердин айтымында АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Клинтондун жеке каттары боюнча тергөө иштерин жарыялоодон мурда эле талапкерлердин ортосундагы айырмачылык теңелип бараткан.

20:35
Коомдук сурамжылоолор көрсөткөндөй азырынча талапкерлер ортосунда бири-биринен алдыга озуп кеткен чоң деле айырмачылыктар жок.

20:26
АКШдагы президенттик шайлоонун эрежелери кандай? Негизги маселелер кайсыл жана добушун кимге берээрин чече элек штаттаршайлоого кандай таасир этет?
20:24
АКШдагы президенттик шайлоонун Дүйнөгө анын ичинде Кыргызстанга мааниси жана таасири канчалык? Кыргыз саясатчылары бул шайлоо тууралуу кандай ойдо? Би-Би-Си Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахмановго кайрылып, АКШ дагы шайлоолор менен биздин шайлоолордун өзгөчөлүктөрү кандай деп сурады.
20:17
Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп түн ортосуна чейин үгүт иштерин жүргүзүштү. Дональд Трамп Мичигандагы иш чарада тарапкерлерине башкарууда чынчылдыкты орнотуп, саясий өзгөрүүлөрдү алып келээрин айтты. Ал эми бир аз гана пайыз алдыда келаткан Клинтон токсон дуубалдарды эмес, бириктирген көпүрөлөрдү кураарын билдирди.
18:08
Бишкек убактысы менен саат 1700 АКШда шайлоо башталды. Үгүт иштери дүйшөмбү күнү кечинде токтогон. Тургундар добуштарын жаңыдан берип баштаганда Нью-Гэмпшир штатындагы чакан Хартс Локэйшин шаарчасында алдын ала жыйынтык жарыяланганды. Бул шаарчада 37 гана шайлоочу бар. Алардын 17си Хиллари Клинтонду колдосо, 14 тургуну Дональд Трампка добуш бериптир. Үч тургун Гарри Жонсонду колдоптур. Чакан шаарчада добуш берүү беш мүнөттүн ичинде бүткөн экен.












