ДСУ: жер шарынын 92 пайыз жашоочусу булганган абадан дем алат

Сүрөттүн булагы,

Жер планетасында ар бир он тургундун тогузу аба булганган аймактарда жашайт деп эскертти Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун докладында кырдаал өзгөчө курч болуп жаткан бул түштүк-чыгыш Азияда жана Тынч океан аймагынын батышында, анын ичинде Кытай, Малазия жана Вьетнам.

Уюмдун коомдук саламаттык жана айлана чөйрөнү коргоо департаментинин директору Мария Нейра соңку маалыматтар абдан кабатырланууну жаратканын айтты. "Бул саламаттыкты сактоо тармагында өтө чукул кырдаал”,-деп белгилдеди ал.

Көйгөй шаарларда курч бойдон калууда, бирок айылдардагы абал көптөр ойлогондой таза эмес, кескин начарлоодо дейт уюмдун эксперттери. Уюм спутниктен алынган анализдер жана абаны текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарган. Алар дүйнөн жүзүнүн 3000дей аймагында иликтөөлөрүн өткөргөн.

ДСУ маалыматында жер шаарындагы ар бир тогузунчу өлүм бул булганган абанын кесепети, анын ичинде имараттын ичиндеги абал туралуу да сөз болууда. Мындай абал өзгөчө жакыр өлкөлөрдө кооптуу, анткени тамак даярдоодо ал өлкөлөр дагы деле көмүрдү колдонуп келишкенин айтат.

Эксперттердин баасында 2012-жылдан бери атмосферанын булганышы үч миллион чукул кишинин өмүрүн алды. (AbA)