Кызыл деңизде хуситтердин учактарына аңчылык

- Author, Нафисе Конавард, Би-Би-Си Перси кызматынын Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы
- Role, Би-Би-Си Перс кызматы
АКШ жана Улуу Британия Йемендеги хуситтердин буталарына сокку уруп жатканда, Би-Би-Си Перс кызматынын кабарчысы Нафисе Конавардга Жер Ортолук деңизинде жайгашкан эки америкалык согуштук кеменин бортуна чыгууга сейрек мүмкүнчүлүк берилди. Ал аймактагы соода кемелерин коргоп келгенин айткан экипаждар менен жолугушту.
Караңгы түндө АКШнын "Батаан" кемесинин палубасынан реактивдүү учак кезектеги тапшырманы аткарууга учуп баратканда түндүн жымжырттыгын бузат.
АКШнын 26-деңиз экспедициясынын 2400 аскери жайгашкан бул чабуулчу кеме бронетехника, согуштук учактар жана тик учактар менен куралданган, анын демейки ролу - деңиз жөө аскерлерин жээкке тез жеткирүү.
Бул Йеменде Иран колдогон хуситтер аткан куралдарды кармоо үчүн Кызыл деңизге жайгаштырылган биринчи америкалык согуштук кемелердин бири болду.
АКШнын "Батаан" согуштук кемесинин учкучтарына дрондорду бутага алуу милдети жүктөлгөн.
Учкучтардын бири, капитан Эрл Эрхарт: "Биз так ишке киргенде мен муну жасайм деп ойлогон эмесмин" дейт.
Ал учкан Harrier учактары негизинен жерде чабуул жасоо үчүн иштелип чыккан, бирок жанкечти учкучсуз учактарына аңчылык кылуу үчүн да колдонулушу мүмкүн.
"Харриерди" абадан коргонуу ролуна кайра жабдыдык. Биз ага ракеталарды орноттук жана аларды бир тараптуу чабуулчу учкучсуз учактарга жооп катары учура алдык", - дейт ал.

Хуситтердин чабуулдары Израилдин Газага кургактан басып киришинен кийин башталган, анда ал жердеги кагылышууда 25 700 палестиналык набыт болгон, негизинен - балдар жана аялдар. Согуш 7-октябрда ХАМАС согушкерлеринин Израилдин түштүгүнө болуп көрбөгөндөй чек ара чабуулунан улам келип чыккан, анда 1200гө жакын адам каза болду (алардын көбү карапайым адамдар) жана 250гө жакыны барымтага алынган.
Ошондон бери коммерциялык жүктөрдү коргоо үчүн 10 өлкө ачык колдогон АКШ баштаган коалиция түзүлдү, бул Кызыл деңиздин эл аралык соода үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө.

Суэц каналы аркылуу жылына өтүүчү 17 миң соода кемеси да ушул суу жолу аркылуу өтүүгө тийиш. Алар ташыган товарлардын баасы дүйнөлүк сооданын болжол менен 10% же 1 триллион долларына барабар. Хуситтердин чабуул коркунучу кемелерди аймактан качууга мажбурласа, анда ал Чыгыш Азиядан Европага чейинки жол убактысын 25 күндөн 34 күнгө чейин узартып, товарлардын баасын да жогорулатат.
АКШнын "Батаан" согуштук кемесинин деңиз жөө аскерлеринин командири полковник Деннис Сэмпсон эмне үчүн бул аймакка мынчалык көп кемелер, анын ичинде АКШнын Дуайт Д Эйзенхауэр учак конуучу тобу жайгаштырылганын түшүндүрүп берди.
"Бул варианттар өнөктөштөрүбүз менен союздаштарыбызды деңиздеги коопсуздукту жана стабилдүүлүктү кармап туруу боюнча биздин аракеттерге ишендирип, ар кандай душманды токтотууга мүмкүндүк берет",- дейт ал.
Азыр Жер Ортолук деңизинин чыгышында жайгашкан АКШнын "Батаан" кемеси 11-январда АКШ менен Улуу Британия Йемендеги хусит козголоңчуларынын буталарына сокку урганга чейин, декабрдын аягында, Кызыл деңизден чыгып кеткен. Бирок өнөктүк каалагандай натыйжа берген жок.
Хуситтер учкучсуз учактар жана ракеталар менен чабуулдарын улантышып, АКШ жана Улуу Британия менен байланышы бар деп доомат арткан соода жана аскердик кемелерге кол салууну күчөтүштү. Алар Газадагы согуш токтомоюнча кол салууларды улантарын билдирип коркутууда.
Бул октябрь айынан бери аймактагы жалгыз эскалация эмес - Иран менен байланышы бар куралдуу топтор Ирак менен Сириядагы Израил жана АКШ күчтөрүнө да чабуул коюшту.
"Биз азыр татаал жана белгисиз аракеттенүү чөйрөсүндө жашап жатабыз" дейт полковник Сэмпсон. Чындыгында АКШнын "Батаан" кемеси акыркы айларда аймактагы бир катар жерлерге жайгаштырылды.
Алардын миссиясы өткөн жайда Ирандын түштүгүндө жайгашкан Ормуз кысыгынын тегерегиндеги аймактарды күзөтүү менен башталган.
Андан кийин, октябрь айындагы кризистен соң аларды башка жакка жиберишти. Кызыл деңизге жайгаштырылгандан кийин, алар - азыр Жер Ортолук деңизде, ал жерден Газа, Израил жана Ливандын жээктерин күзөтүшөт.
Кризис аймактык согушка айланып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. "Менин оюмча, мындай божомол так эмес болушу да мүмкүн. Бирок биздин катышуубуз маанилүү, биз өзүбүздүн улуттук коопсуздук кызыкчылыгыбызды, союздаштарыбыздын жана өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарын колдоого даярбыз," - деп кошумчалайт ал.
Эгерде кеңири жаңжал чыгып кетсе, АКШнын "Батаан" согуштук кемесинин негизги ролдорунун бири америкалык жарандарды конфликт болгон аймактардан эвакуациялоо болушу мүмкүн.
Ливан — АКШнын байкоочу тизмесиндеги эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ал жердеги "Хезболла" күчтөрү Израил аскерлери менен аткылашты.

АКШга таандык учак конуучу "Батаан" кемесинин жанында кырдаалга байкоо жүргүзүү милдети жүктөлгөн башкарылуучу ракеталык эсминец "Арлей Берк" да сүзүп жүрөт. Анда көптөгөн ракета учуруучу аппараттар жана кеменин караңгы, терезесиз башкаруу борборунда татаал радар системасы бар. Бул бөлмө ар кандай коркунучтарды аныктап, тактап жана дароо реакция кылган кеменин көзү жана кулагы болуп саналат.
Улук офицер, лейтенант-командир Тиркра Боуман мага компьютер мониторлорунан күңүрт жарык түшкөн бөлмөнү көрсөттү.
Радиодон экипаж үч түрдүү коркунучтун симуляцияланган чабуулуна туруштук берип жатканына ишенген офицер аялдын "Биринчи, экинчи, үчүнчү ракета жок кылынды!" деген үнү угулду.
"Биз муну кеменин жүрөгү деп атайбыз. Мына ушул жерден аткылайбыз",- дейт ал.
"Биз ар убак сууда жүргөндө, биздин моряктар эң жогорку согуштук даярдыкта болушат. Бирок азыр аймакта болуп жаткан окуялар бул идеяны реалдуураак кылып, анын ишке ашуусу мүмкүн экенин көрсөттү," - деп кошумчалайт ал.
АКШнын "Батаан" экипажы күндүзгү жана түнкү операцияларды аткарууга аргасыз болгондуктан, чарчагандай көрүнөт.
Палубанын астындагы жабык мейкиндиктерде деңиз аскерлери машыгышат же унааларын тейлөө боюнча иштешет.
Ачык асманда палубада иштөө бактысына туш болгондор шамалга урунуп, толкундардын чачырандысынан суу болушат.
Капитан Эрхарт кезектеги рейстин алдында учагын текшерип жатканда, Джорджия штатынын уйку кучагындагы Доусонвилл шаарында жашаган төрт баланын атасы үй-бүлөсүн качан көрөрүн билбейт.
Анын келечекке болгон мындай белгисиздиги аймактагы миллиондогон адамдардын жашоосуна опокшош. (МА)




