You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ХАМАСтын медиа-машинесинин табышмак жүзү: Абу Убайда жөнүндө эмне билебиз?
- Author, Этар Шалаби
- Role, BBC News Arabic
ХАМАСтын согуштук канаты "Бригада аль-Кассамдын" расмий өкүлү Абу Убайда Израил менен Газанын ортосундагы согушта эң көрүнүктүү адамдардын бири болууда. Ал пропагандисттик видеороликтерге көп чыгып, өзүнүн Телеграм-каналында анонсторду жарыялайт. Биздин билгенибиз болгону ушу.
Анын ылакап ысымы Мухаммед пайгамбардын шакирттеринин бири, мусулман аскер башчы Абу Убайде ибн аль Джаренин атынан коюлган. "Аль-Кассамдын" командири Мохаммед Аль-Дейф «Аль-Аксанын ташкыны" деген операцияны - Газа тилкесине чабуул башталганын жарыя кылгандан кийин Абу Убайда абдан таанымал болуп калды. 7-октябрда болгон бул операциянын жүрүшүндө Израилде 1200 адам өлгөнү белгилүү.
Кызыл куфа
Абу Убайданын ким экенин жүзүнөн эч ким так билбейт. Видео тасмаларда ал дайыма кызыл куфа (салттуу палестин шарфы) менен бетин жаап алат. Ал согуштук операциялар тууралуу жарыя кылып жатканда Курандын аяттары жанына чыгып турат.
Абу Убайда жаңылыктарды 2020-жылы ачылган өзүнүн Telegram каналы аркылуу таркатат. Анын башка социалдык сайттарда баракчасы жок.
Анын видео кабарлары социалдык тармак аркылуу таркатылат жана бир нече жаңылыктар каналынан берилет.
Лондондогу популярдуу панараб гезити «Аль-Шарк аль-Авасаттын» маалыматына караганда, «Абу Убайда биринчи жолу 2002-жылы Аль-Кассамдын кызматкерлеринин бири катары белгилүү болгон». Газета кабарлагандай, Абу Убайда Аль-Кассамдын мурдагы лидери, Израил 2013-жылы түрмөгө салган Имада Акелди туурап, ЖМКлар менен бетин жаап алып сүйлөшөт.
"Аль-Кассам бригадасынын" өкүлү
2006-жылы Абу Убайда "Аль-Кассам бригадасынын" расмий өкүлү болуп дайындалган. Анын эл алдында биринчи жолу 2006-жылы 25-июнда чыгып сүйлөгөн, анда ХАМАС баштаган куралдуу топтор Газа тилкесинин чек арасына жакын жердеги Израилдин бекетине чабуул койгон эле.
Бул операция палестиналык кыз Худа Галиянын үйүнө снаряд түшкөн окуядан кийин болгон. Он жаштагы кыз Газадагы жээкти бойлой чуркап, "Ата-ата" деп кыйкырып барып кулап түшкөн окуя эл аралык коомчулуктун көңүлүн аябай бурган эле.
Ошол рейд убагында израил жоокери Гилад Шалит кармалып, андан башка эки аскер өлтүрүлүп, дагы экөө жарадар болгон.
Израил менен ХАМАС 2011-жылы келишим түзүп, миңден ашык палестиндик бошотулганда Шалит дагы кутулуп чыккан.
2014-жылы Израил менен Газа тилкесинин ортосундагы согушта Абу Убайда телекайрылууда Израил жоокери Шаул Аарон кармалганын жарыя кылган, Израил болсо чынында аны өлгөн деп эсептейт.
Табышмак инсан
Абу Убайданын ким экенин билүүгө көп адам аракет кылды. 25-октябрда Израил армиясынын өкүлү Авичай Адраи Твиттерге видео жарыялап, бул адамдын чыныгы аты-жөнү - Худхайфа Самир Абдулла аль-Кахлут деп айтты. ХАМАС дагы, аль-Кассам дагы бул билдирүүгө жооп кылышпады.
Израиль гезити «Едиот Ахронот» Абу Убайданы Газада 2013-жылы Ислам университетинде диний негиздер факультетинде магистр даражасын алган деп кабарлады. Кабарга караганда, ал "Иудаизм, Христианчылык жана Ислам ортосундагы ыйык жер" деген темада диссертация жазып, докторлук даража алууга даярданып жатат.
Ошол эле гезиттин маалыматы боюнча, Абу Убайда түбү Газа тилкесиндеги 1984-жылы Израил басып алган Налия кыштагынан болот. Колдогу маалыматтарга караганда, азыр ал Газанын түндүк-чыгышындагы Жабалияда жашайт.
Израиль гезити анын үйү 2008-2012-жылы Израил тараптан көп ирет бомбаланганын, анын ичинде Газа тилкесиндеги азыркы операцияда дагы бутага алынганын кабарлады. (КС)