Кытай армиясындагы коррупция жана жоголгон чиновниктер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Тесса Вонг
- Role, Asia Digital кабарчысы, BBC News
Соңку айларда бир нече жогорку даражалуу кытай чиновниктеринин дайынсыз жоголушу Си мырза өзгөчө армия менен байланышы бар адамдарды тазалоого киришип жатабы деген катуу божомолдорду жаратты.
Си Цзиньпин аларга ишеним артып, артыкчылык берип жүргөн. Эми болсо алар дайынсыз жоголуп жаткандай. Акыркылардан болуп лидердин каарына коргоо министри Ли Шанфу кабылды. Ал бир нече жумадан бери эл алдына чыкпай калган.
Анын көрүнбөй кеткени адегенде адаттан тыш көрүнүш катары каралган эмес, бирок АКШнын жогорку даражалуу дипломаты бул тууралуу айтып чыккандан кийин бул маселе көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты.
Кийинчерээк Рейтер агенттиги мурда Кытай армиясына курал-жарак сатып алууну көзөмөлдөгөн генерал Линин үстүнөн аскердик техниканы сатып алуу боюнча иликтөө жүрүп жатканы тууралууу билдирди.
Генерал өзөктүк ракеталарды көзөмөлдөгөн эки жогорку даражалуу чиновник жана Аскердик сотунун судьясы кызматтан алынгандан бир нече жума өткөндөн кийин "дайынсыз жоголду".Азыр Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөгөн комиссиясынын кээ бир кызматкерлери да текшерилип жаткандыгы жөнүндө имиштер тарап жатат.Бул жумуштан четтетүүлөргө "ден соолукка байланыштуу" дегенден башка расмий түшүндүрмөлөр берилген эмес. Ошол себептен ар кандай жоромолдор күчөдү.
Негизги жоромол - бийлик армиядагы коррупцияга каршы күрөшүп жатат.
Аскер күчтөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барды - июлда армия коомчулуктан акыркы беш жыл ичиндеги коррупция тууралуу маалымат берүүнү суранган адаттан тыш чакырык менен чыкты. Би-Би-Си Мониторингинин текшерүүсүнө ылайык, Си мырза апрель айынан бери аскердик базаларга беш жолу барып, өлкө кыдырып текшерүүлөрдүн жаңы айлампасын баштады.Армиядагы коррупция, айрыкча Кытай 1970-жылдары экономикасын либералдаштырууну баштагандан бери көйгөй болуп келген, деп белгиледи Сингапурдун Наньян технологиялык университетинин Компартия менен армиянын мамилесин изилдеген илимий кызматкери Джеймс Чар.
Жыл сайын Кытай армияга бир триллион юандан ашык каражат жумшайт, анын айрым бөлүгү сатып алуу транзакцияларына кетет. Бул сарптоолор улуттук коопсуздук себептеринен улам толук жарыяланбайт. Ачык-айкындуулуктун мындай жетишсиздигин Кытайдын бир партиялуу борборлоштурулган системасы дагы ого бетер курчутат.
Башка өлкөлөрдүн коомдук көзөмөлгө алынган армиясынан айырмаланып, Кытайдын куралдуу күчтөрүн Компартия гана көзөмөлдөйт, деп белгиледи доктор Чар.Си мырза куралдуу күчтөрдөгү коррупцияны басаңдатып, анын репутациясын кандайдыр бир деңгээлде калыбына келтирүүдө ийгиликке жетишкени менен, "коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу, эбегейсиз оор, дээрлик мүмкүн эмес болгон иш", анткени ал "авторитардык мамлекет жактырбай келген реформаларды" талап кылат, деп кошумчалады доктор Чар.
"Компартиянын өкмөтү өзүнөн көз карандысыз, туура укуктук системаны орнотууга даяр болмоюнча, мындай тазалоолор улана берет."

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок дайынсыз жоголгондорго Кытай өкмөтүнүн АКШ менен болгон татаал мамилесиндеги тереңдеп бараткан паранойя да себеп болушу мүмкүн.
Июль айында Кытайда тыңчылыкка каршы кеңейтилген мыйзам күчүнө кирип, бийликтерге тергөө жүргүзүүгө көбүрөөк ыйгарым укуктар жана мүмкүнчүлүктөр берилди. Көп өтпөй Кытайдын мамлекеттик коопсуздук министрлиги жарандарды тыңчылыкка каршы күрөшүүгө жардам берүүгө үндөгөн.
Генерал Линин дайынсыз жоголушу тышкы иштер министри Цин Гаңдын окуясына үндөш болуп кетет, анын июль айында кызматтан алынышы да жоромолдордун күчөшүнө жем таштаган. ушул аптада Wall Street Journal гезити Цин мырзанын никеден тышкаркы мамилесинен АКШда төрөлгөн баласы боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлады.
"Мындай мамиледе болуу элиталык (Коммунисттик партиялык) чөйрөдөн четтетүүгө алып келбейт, бирок чет элдик чалгындоо менен байланышы бар деп шектелген адам менен мамиледе болуу жана өлкөнүн негизги геосаясий атаандашынын, балким душманынын паспортуна ээ болгон баланы жарык дүйнөгө алып келүү андай четтетүүгө себеп болушу мүмкүн," - деп белгиледи кытайлык аналитик Билл Бишоп.
Кытай Ковидден кийинки экономиканын басаңдашы жана жаштар арасындагы жумушсуздуктун күчөшү менен күрөшүп жаткандыктан, Си мырза ички партиялык басымдын астында коррупцияга каршы күрөшүү баштады деген божомолдор бар. Кытайдын саясий системасына ылайык Си Цзинпин Кытайдын гана башчысы эмес, армиянын жогорку лидери да болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Pool
Бирок эң чоң маселе - бул акыркы дайынсыз жоголуулар эмнени каңкуулайт.
Байкоочулардын айтымында, алар армияда жана өкмөттө коркуу абалын жаратат. Бул баш ийүүнү камсыз кылууга багытталган аракет болушу мүмкүн, бирок ошондой эле деморализацияга алып келет.
Бир нече жылдар бою кыртышы сүйбөй калгандарды системалуу түрдө жок кылуу жана жогорку кызматтарга өз тарапташтарын гана жыйноо менен Си мырза өзүн "макул" деп тургандар менен гана курчап алганын билдирет. Топтук ой жүгүртүү коркунучу Си мырзанын бийлигинин "чыныгы туруксуздугу" болуп саналат, анткени бул Кытайдын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, деп белгиледи доктор Чар.
Дайынсыз жоголгон учурлар Тайвань кысыгындагы чыңалган мезгилге туш келди, Кытай акыркы жумаларда ал жакка көптөгөн согуштук кемелерди жана аскердик учактарды жөнөттү.Карнеги Кытай аналитикалык борборунун илимий кызматкери Ян Чонг, тышкы саясат жана коргонуу дипломатиясы боюнча байланыштын үзгүлтүккө учурашы "өзгөчө кооптуу" болот, анткени "чыр-чатак чыгып, чыңалууну жөнгө салуу оор болуп кетиши мүмкүн" деп билдирди.
Башкалары болсо Кытайдын аскерий жетекчилиги кээ бир жогорку даражалуу чиновниктерди алмаштыруудан коркпойт жана түз согуштук аракеттерге барбоо үчүн этияттык менен иш алып барат деп белгилешет.
Дагы бирөөлөр дайынсыз жоголуулар Си мырзанын бийлигинин туруктуулугуна узак таасирин тийгизбейт деп эсептешет. Азия коомунун саясат институтунун кытай элиталык саясаты боюнча эксперти Нил Томас белгилегендей, ушуга чейин четтетилген кадрлардын бири да анын жакын чөйрөсүнө кирген эмес.
Көпчүлүк байкоочулар бул окуялар кытай системасынын ачык-айкын эместигин көрсөтүп турат деген пикирди айтышат. "Бул саясий пландарды үзгүлтүксүз ишке ашыруунун маселесин жана берилген убадалар ишенимдүүбү деген суроону кабыргасынан коёт," - деди доктор Чоң.
Акыр-аягында, чиновниктердин жоголуп жетиши тынчсызданууну күчөттү. (DO)
Additional reporting by BBC Monitoring.








