"Көп баштуу ажыдаар". Пригожиндин өлгөнү айтылды. Эми “Вагнерге” эмне болот?

    • Author, Мэтт Мерфи
    • Role, BBC News

Бул топ Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринин негизги оюнчусу болуп калды. Пригожиндин аскерлери Орусиянын таасирин бүткүл дүйнөгө жайылтууга жардам берип, президент Владимир Путиндин Африка менен Сириядагы өнөктөштөрүн колдоду.

Эми анын өлүмү тууралуу маалымат бул аскерлешкен топтун келечеги тууралуу кеп-сөздөрдү жаратты.

Батыштын коопсуздук кызматкерлери анын ордун ким ээлеп, ал жетектеген жалданма аскерлердин тагдыры кандай болоруна кызыгып жатышат.

Эми "Вагнерди" ким башкарат?

Royal United Services Институтунун (RUSI) улук илимий кызматкери, доктор Жоана де Деус Перейра Би-Би-Синин World Tonight программасына Пригожиндин өлүмү топтун "кандайдыр бир жаңылануусуна" алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Бирок анын айтымында, жалпысынан "Вагнердин" операциялары Пригожиндин убагындагыдай эле улана берет.

"Уюм, келечекте башка ат менен ишин уланта бериши мүмкүн, бирок ал буга чейин эле ыңгайлашууга жана өзгөрүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди," - деп билдирди ал.

"Биз "Вагнерди" жалгыз адам катары эмес экосистема катары, Африкада ар кандай кызыкчылыктары бар көп баштуу ажыдаар катары карашыбыз керек."

Atlantic Council'дун талдоочусу Руслан Трад да ушундай пикирде. Ал Би-Би-Сиге берген маегинде, Пригожиндин өлүмүнөн соң анын ордуна топту жетектөө үчүн аскерий чалгын кызматы ГРУ менен байланышы бар бирөө дайындалышы мүмкүн деп билдирди.

Бирок Путин үчүн негизги меселе, анын режимине түздөн-түз коркунуч жаратпаган, аскерлештирилген топтор катышкан операцияларды каржылай ала турган капчыгы калың адамды табуу деп эсептейт ал.

"Алар жаңы спонсор табууга аракет кылышат, анткени Пригожин ал жерде акчасы бар негизги адам болгон," - дейт Руслан Трад.

"Менин оюмча, жаңы спонсор табуу кыйыныраак болот, анткени ("Вагнердин") жакшы командирлери бар, бирок мында акча өтө маанилүү. Алар Путиндин айланасына жакын бирөөлөрдү дайындашы ыктымал".

Жарым-жартылай аскерлештирилген күчтөрдүн өсүшүн чагылдырган "Вагнердин көтөрүлүшү" деген даректүү тасманын автору, журналист Бенуа Брингер Би-Би-Сиге башкы талапкердин бири ГРУнун генералы Андрей Аверьянов экенин айтты.

"Путинге өткөөл процессти тымызын уюштуруу үчүн убакыт керек болгон сыяктуу. Ошондуктан ал Пригожинден кутулуу үчүн эки ай күткөн", - деп кошумчалады ал.

RUSI'нин изилдөөчүсү Эмили Феррис "Пригожин өңдүү кооптуу, амбициялары бар кишилер күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн экенинен Москва сабак алган болушу керек" деп белгилеп, "("Вагнердин") жаңы лидери Кремль тандаган адам болушу ыктымал" деп кошумчалады.

Белоруссия менен Украинадагы "Вагнердин" аскерлери эмне болот?

Өткөн жылдын көп бөлүгүндө "Вагнер" Орусиянын Украинадагы эң эффективдүү согуштук күчү болгон, анын аскерлери кандуу салгылашуулардан кийин чыгыштагы Соледар жана Бахмут шаарларын ийгиликтүү басып алышкан.

Бирок Феррис айымдын айтымында, Пригожиндин өлүмү согуштун жүрүшүнө олуттуу таасир эте албайт.

" "Вагнердин" аскерлери козголоңдон кийин Украинада согушуусун токтотуп, Беларуста жайгаштырылган, же Коргоо министрлигине кайтарылган, ошондуктан орус аскерлери ансыз деле Украин контрчабуулдарынын мизин кайтарып турган Украинада алардын таасири азырынча төмөн болушу мүмкүн", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, "Вагнердин" жоокердери жакынкы аралыкта Украинадагы согуш талаасына кайтып барышы күмөн.

"Вагнердин" сегиз жүздөй аскери Беларустагы лагерлерде жайгашып, ал жакка июнь айындагы ишке ашпай калган көтөрүлүштөн кийин Пригожиндин артынан барышканы айтылууда.

Ал ортодо Би-Би-Си Verify тарабынан спутниктен алынып, талданган сүрөттөр Беларустун борбору Минсктин түштүк-чыгышындагы Осиповичидеги "Вагнердин" башкы лагериндеги бир нече чатырлар чачылып жатканын көрсөтүүдө. Кээ бирлери толугу менен же жарым-жартылай алып салынган.

Сүрөттөр АКШда жайгашкан Planet Labs компаниясы тарабынан тартылган. Мындай бузуулар так качан башталганы анык эмес. Чатырлардын тургундары Беларустун башка жеринде жайгаштыбы же өлкөдөн чыгып кетиби, ал дагы белгисиз.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бейшемби күнү лагердеги эки жүз жетимиш үч чатырдын бир жүз бир даанасы жыйыштырылганын кабарлады.

Украинага кол салууда Орусиянын негизги өнөктөшү болгон Беларус бул маселе боюнча азырынча ачык комментарий бере элек.

Анткен менен "Вагнер" согушкерлеринин келечеги бүдөмүк бойдон калууда, айрым маалыматтарга караганда, социалдык тармактарда бир нече аскер Путинди Пригожиндин өлүмүнө күнөөлөп, аны ачык коркутушкан.

Африка менен Сириядагы "Вагнердин" аскерлери согушту уланта алабы?

"Вагнердин" чет өлкөдөгү аскерлеринин келечеги да ошондой эле бүдөмүк. Бул топ Орусиянын тышкы саясатынын негизги таянычы болуп калган болчу. Анын күчтөрү Сирия, Мали, Борбордук Африка Республикасы жана Ливиядагы өкмөттөрдү колдогону үчүн пайдалуу кендерди иштетүү укугуна ээ болушкан.

Акыркы күндөрү Пригожин Батыш Африкада болгон деп болжолдонууда, батыштык аналитиктер ал жакта бул топ башка өлкөлөргө, анын ичинде төңкөрүш болгон Нигерге да өз таасирин кеңейтүүнү көздөп жатат деп кооптонушат.

Айрымдар топтун жетекчилигин жок кылуу Орусияны аймактагы таасирге ээ болуу аракетин кайра карап чыгууга аргасыз кылышы мүмкүн деп болжошкон, бирок көптөгөн эксперттер топтун Африкадагы борбордон ажыратылган командачылыгы Пригожиндин өлүмүнө карабай "Вагнерге" өз операцияларын тоскоолдуксуз улантууга жол берет деп эсептешет.

Июнь айындагы козголоңдон кийин орус аткаминерлери Ливияга учуп келип, Триполиде БУУ тарабынан таанылган өкмөткө каршы чыккан генерал Халифа Хафтар менен жолугуп, Пригожинди кандай тагдыр күтүп турганына карабай "Вагнер" тобу колдоосун уланта берерине ишендиришкен.

Трад мырза Би-Би-Сиге "Вагнер" африкалык өлкөлөрдүн коргонуу инфраструктурасына ушунчалык катуу интеграция болгондуктан, Пригожиндин өлүмү алардын операцияларына тоскоолдук жаратпасына ишенерин айтты.

"Сирияда, Борбордук Африка Республикасында же Малиде жайгашкан командирлер ал жакта көп ийгиликтерге жетише алган жана аларда эркиндик бар" деди ал.

"Бул окуя жергиликтүү командирлерге таасир этпейт, анткени операциялар өз-өзүнчө иштеп жатышат, алар ар кандай ресурстарга ээ жана азыр дагы алардын Сириядагы жана Африкадагы операцияларына кабыл алуу жүрүп жатат."

Анын айтымында, топтун орус чалгындоо кызматы менен болгон карым-катнашы Москва үчүн баалуу курал болуп кала берет, бул ага Орусиянын кызыкчылыгын коргош керек болгон "бүдөмүк жерлерде" иш алып барууга шарт түзүп, ошол эле кезде расмий өкүлдөргө кийлигишүү болгонун четке кагууга мүмкүндүк берет.

Брингер мырза Би-Би-Сиге "Вагнер" Орусиянын кызыкчылыктарын алга сүрөө жагынан "Африкада маанилүү" ролду ойнорун айтты. "Сөзсүз турдө "Вагнер" ал жерде кала берет. Аталышын өзгөртүшү мүмкүн, бирок Кремлге лоялдуу жаңы жетекчи менен ошол жерде иштей берет," - деди ал.

Жакынкы Чыгыш институтунун Сирия программасынын окумуштуусу Антон Мардасовдун айтымында, Пригожиндин Орусиядагы көтөрүлүшүнөн кийин да чет өлкөлөрдөгү "Вагнердин" командирлери Кремлдин репрессияларына дуушар болгон эмес, анткени "Москва жалпы позициясын алсыратып алгысы келбейт".

Бирок ал башка жалданма компаниялар "Вагнердин" Сириядагы ролуна барган сайын атаандашып жатканын айтты. Мардасов мырза Июнь айындагы козголоңдон кийин "Вагнердин" бир катар аскерлерине "Redut" деп аталган атаандаш уюмга өтүү сунушталганын айтты.

"Сирияда "Редут" көптөн бери "Вагнер" менен паралел иштеп келет", - деди Мардасов Би-Би-Сиге. "Сирияда аскерлер "Редутка" ишеним артып жатышат, бирок алар ыкчам кадамдарга баруудан чочулап жатышкан."

"Вагнер" бат эле унутулабы?

Орто мөөнөттүү перспективада "Вагнердин" операцияларына анын башчысынын өлүмү олуттуу таасирин тийгизиши күмөн. Бирок узак мөөнөттүү келечекте "Вагнер" башка жаңы уюмга өзгөрүшү мүмкүн, дейт RUSI'нин изилдөөчүсү Эмили Феррис.

"Вагнер" экиге бөлүнүп, Беларуста лидерсиз калган топтору таркатылып, чет өлкөдө активдүү жүргөн калган бөлүктөрү Орусиянын тышкы саясатынын куралы боло турган башка нерсеге айланып кетиши ыктымал", - деди ал Би-Би-Сиге.

Пригожиндин мурасына келсек, "Вагнер" "Кремлге мыйзамдын чегинен тышкары иштей алган жеке көмүскө армиянын гибриддик согуштарда канчалык пайдалуу болоорун, ошондой эле чет жакта таасирин арттыра аларын көрсөттү," - деп билдирди Брингер мырза Би-Би-Сиге.

"Вагнердин" аты өчүп кетиши мүмкүн, бирок согуш талаасындагы жалданма аскерлер жана Пригожиндин жараткан ыкмасы жоголбойт."