You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Улуу Британиядагы фейк жаңылыктарды жайылткан орусиялык компания
- Author, Ханна Гелбарт
- Role, Дезинформацияны глобалдык иликтөөчү журналист
Би-Би-Синин жалган маалыматты ашкерелөө тобу Улуу Британияда катталган бир медиа компания Орусиянын мамлекеттик деңгээлде жайылткан жалган маалыматтарын дүйнөдөгү миллиондогон арап тилдүү калайыкка жайылтып жатканын ачыктай алды.
Yala News каналы өз тарабынан калыс, бейтарап жаңылыктар сунушталып жатат деп ырастоодо, бирок Би-Би-Синин талдоосунун жыйынтыгына караганда, Yala News таркаткан маалыматтын мазмунунун арбын бөлүгү - Орусиянын бийликтери колдогон медиа компаниялардын интернет барактарындагы (сайттарындагы) баяндарды алардын мазмунун эч өзгөртпөстөн, түздөн-түз жарыялоо болуп саналат. Би-Би-Синин иликтөөчүлөрү бул компаниянын өзү чындыгында Сирияда иштеп жаткандыгын да аныкташты.
Yala News компаниясын негиздеген ири компания - Yala Group деп аталат. Бул компания интернеттин коомдук тармактарында бекем тамыр жайган. Анын Facebook тармагындагы 20 чакты барагы мыкты түзүлгөн жана кооз долбоорлонгон. Бул жана башка барактарга ар бир эки саат ичинде жаңы жана жагымдуу видео тасмалар жарыяланып турат. Алар бул барактарды ырааттуу окуган 3 миллиондон ашуун арапча сүйлөгөн калайыктын кызыкчылыктарына төп маалыматтарды жарыялап келет окшобойбу. Анын материалдарынын арасында "жылдыздар" менен маектер, күлкүлүү жана жайдары оюн-шооктор жана дүйнөлүк саясатты талдоо ж.б. бар.
Yala News боюнча ал өзү жарыялаган сын-пикирлер анын калыс, көз карандысыз маалымат берээрин тастыкташат. Бирок кылдат иликтеп карасаңыз, анда бир олуттуу өңүт бар: мындагы орусиячыл көз карашта чагылдырылган окуялардын баяндарынын көпчүлүгү - ошол эле күнү саал эртерээк Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн баяндар менен дээрлик коёндой окшош.
Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кеңири өлчөмдө басып киргенден көп өтпөй, Yala News каналы интернеттин коомдук тармактарына жарыялаган маалыматтарга улам жаңы кызыгуулар пайда боло баштаган.
Мисал келтирсек, 2022-жылдын 10-мартында Орусиянын мамлекеттик сыналгы каналы "келгин куштар Орусияга учуп баратканда өлүмгө алып келген ооруларды таркатуусу үчүн АКШ аларды биологиялык курал катары колдонуп жатат" деген таң калычтуу жана толугу менен ойдон чыгарылган сюжетти көрсөттү. Ошол эле күнү түштөн кийин бул окуянын баяны Орусиянын бийликтери тарабынан колдоого алынган "Спутник" медиа компаниясынын арапча берүүсүндө (Sputnik Arabic) жана "Орусия - бүгүн" медиа компаниясынын арапча берүүсүндө (Russia Today Arabic) арапчага которулуп жарыяланды. Ушундан эки сааттан кийин бул жалган маалыматка негизделген жаңылыктын варианты Yala News компаниясынын Facebook баракчасына видео тасма катары жарыяланды. Соңку тасмадагы айрым сөздөр москвалык баянга тим эле коёндой окшош болуп чыкты.
Бул "жугуштуу био-оору таркаткыч канаттуулардын" окуясы - бир гана мисал.
Би-Би-Синин кабарчылары жана жалган маалыматтарды ашкерелечү башка өнөктөш адистер бир жыл бою биргелешип иликтөө жүргүзүштү.
Анын алкагында Yala News каналынын эң көп көрүлгөн видеолоруна мониторинг да жүргүзүлдү. Бул видео тасмалардын дээрлик бардык окуяларынын алгачкы булагы Кремлге таандык жана Кремлге ыктаган маалымат сайттарында жарыяланргандыгы аныкталды.
Ал тасмалардын арасында "Буча кыргыны - украиндер тарабынан уюштурулган эле жасалма театр оюну болчу", деген фейк баяндамалар, эгемен Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина элине кайрылган видеодо "мас абалында" болгон жана "украин жоокерлери кан майдандан качып жатышат", деген сыяктуу жалган баяндар бар.
Бул фейк баяндардын баары оболу Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарында пайда болгон, андан бир нече сааттан кийин ошол эле окуялардын мазмуну жагынан бирдей видео тасмалары Yala News каналында жарыяланган.
"Маалыматты адалдоо"
Улуу Британиядагы Маалыматтык туруктуулук борборунун кызматкери, Орусиянын таасир көрсөтүү амалдарын изилдеген Белен Карраско Родригес айым Yala News каналы Жакынкы Чыгышта "Кремлдин үгүтүн жайылтуучу" жарчынын ролун аткарып жатканын айтат.
Бул айымдын айтымында, убакыт аралыгы жана алардын баяндарындагы окшоштуктар Yala News каналы Орусия үчүн "маалыматты адалдоо" куралы болушу мүмкүндүгүн көрсөтүп турат: Кремлден чыккандай көрүнбөш үчүн үчүнчү тарап аркылуу үгүт жайылтуу - Путиндин режими үчүн алда канча алгылыктуу эмеспи. Бул амалды Орусия буга чейин эле кеңири колдонуп келген болчу.
"Yala News каналынын [арап тилдүү калайыкка] сүймөнчүктүү болгонунан улам, Кремлге байланышы бар булактар аны өз кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн колдонуп жатышы мүмкүн", - дейт Родригес айым.
Protection Group International кибернетикалык коопсуздук фирмасынын өкүлү Руари Торнтон мырза жалган маалыматты "адалдоо" далаалаты барган сайын көнүмүш болуп баратат, анткени калайык орусиялык бийликтер каржылаган маалымат каражаттарынын бир беткейлиги тууралуу көбүрөөк кабардар болуп калышты, дейт.
"Башкы идея - маалыматы так эмес баяндарды "анча-мынча балчыгын жууп салып" негизги агымга сунуштоо. Мазмундун бул "саал адалданган" түрүн калайык үчүн өндүрүү максатында чет жактагы санариптик маркетинг фирмасы сыяктуу компанияларды жалдоо аркылуу кийинки жаңыртылган баяндагы маалымат Орусиядагы булакка таптакыр тиешеси жоктой көрүнүп калат. Андан соң ал баяндын маалыматы чыныгы дүйнөгө ийкемдүү түрдө жайылтыла алат", - дейт Торнтон мырза.
Жасалма сын-пикирлер
Yala News каналы - Yala Group компаниясынын бир колу. Ал өзүн интернетте "коомдук тармактардын визуалдык өндүрүш тармагында аракеттенген компания" деп мүнөздөйт.
Бирок ал жүзөгө ашыргандардын кыйласы анын социалдык интернет барактарындагыдай сыйда көрүнбөйт.
Yala Group компаниясынын интернет барагы негизинен эптеп чүргөп даярдалган тексттерден жана куржундарга бөлүнгөн сүрөттөрдөн турат.
Фейсбуктагы ага карата "беш жылдыздуу" делген бааны берген пикирлердин көбү жасалма көрүнөт, анткени алар ошол эле күнү Түштүк-Чыгыш Азиядагы бирдей эле кардарлар (аккаунттар) тарабынан жазылган. Ал эми Түштүк-Чыгыш Азияда акы төлөнсө Facebook барагына оң пикирлерди жазып берүү - өтө "майлуу иш" экендиги белгилүү.
Калыпка салынгандай эки башка пикирде тең Yala News каналы "нейтралдуу, объективдүү жана кесипкөй" жана "сонун, чынчыл, ачык-айкын жана максаттуу маалымат платформасы" катары сыпатталган.
Стратегиялык баарлашуу институтунун өкүлү Мустафа Айад мындай жагымдуу пикирлерге эч кошулбайт: "Бул жагымдуу пикирлер - жакшы багытталган жүрүм-турумдун мөмөсү жыттанып жатат" дейт ал. Анын ишениминде, Yala News күн сайын буйрутмага ылайык жана бирдей эле форматтагы видео тасмаларды ушунчалык көп жарыялап келет. Бул тасмалардын наркы он миңдеген долларга жетиши мүмкүн.
Yala Group компаниясы Улуу Британияда катталган. Лондондун борборундагы анын расмий башкеңсеси катталды деп көрсөтүлгөн Блумсбери аймагында башка да 65 000ден ашык компания катталган, алардын 12 000и чындап иштеп жатат. Бирок ал аймакта Yala Group компаниясынын кызматкерлери деле, чыныгы кеңсеси деле көрүнбөйт.
Биз Yala Group компаниясы Сирияда - жарандык кагылышуулардын айынан көп шаар-кыштактары кыйраган, авторитардык өкүм жүргүзгөн башкаруучусу Башар Асад Орусиянын көптөн берки өнөктөшү болуп келе жаткан өлкөдө - аракет кылып жатат ко деп шектенгенбиз.
Орусия болсо 12 жылдан бери улантылып жаткан жарандык согушта Асаддын бийлигин колдогон күчтөрдү курал-жарак менен ырааттуу камсыздап келди.
Жергиликтүү маалыматы барларды жана геолокация ыкмаларын колдонуу менен, биз Facebook сүрөттөрүнө негиздендик да, Yala Group компаниясынын кызматкерлери жана кеңселери Сириянын борбору Дамасктын чет жакасындагы бак-дарактуу аймакта жайгашкандыгын аныктадык. Yala Group компаниясынын кызматкерлеринин интернеттеги коомдук бейнелеринин (профилдеринин) көпчүлүгү алардын Сириянын борборунда жайгашканын чагылдырып турат. Бул тыянакты Yala Group компаниясынын мурдагы кызматкери да Би-Би-Сиге тастыктады.
Yala Group компаниясынын кардарларынын арасында режимди колдогон сириялык атактуулар жана журналисттер бар. Бул сүрөттө Yala Group компаниясынын кардары, мамлекеттик сыналгы каналдын кабарчысы Шади Халви санкцияга кабылган сириялык ишкерлер - тегаты Катержи болгон бир туугандар менен сүрөткө түшкөнү көрсөтүлгөн. Халви мырза - Катержилер тарабынан каржыланган үналгы компаниясынын кожоюну.
Yala Group компаниясынын дагы бир кардары - Орусиянын Sputnik мамлекеттик сыналгы жана үналгы тармагынын арапча берүүлөрүн обого чыгарган жана Асаддын режимин колдогон Sham FM үналгы компаниясы.
Би-Би-Си Мониторинг бөлүмүндөгү сириялык медиа боюнча адистердин айтымында, Сириядагы жеке менчик, бирок өкмөтчүл маалымат каражаттары "көбүнчө саясий жана аскердик бийлик менен тыгыз байланышы бар ишкерлерге таандык".
Алардын пикиринде, кеңсе дарегин Улуу Британияда жөн гана каттап коюу амалы Yala Group компаниясы Батыштын санкциясына кабылган өлкөдөн башкарылат деп эсептелбөө үчүн жүзөгө ашырылган ыкма болушу мүмкүн.
Улуу Британияда катталгандыктын өзү Yala Group компаниясына Facebook'тун башкы компаниясы болгон Meta сыяктуу платформалар менен ишкердик мамилелерди түзүүгө жана улантууга дурус мүмкүнчүлүк берет эмеспи.
Чынында, Yala Group'тун Facebook баракчаларынын биринин ээси жакында Meta компаниясынын 'Ишкердик өнөктөшү' болгондугу жөнүндө расмий жарыялады. Демек, анын коомдук медиадагы маркетинг кызматтары андан ары сунушталмакчы.
Meta компаниясына кайрылганыбызда, алар бул маалыматты төгүнгө чыгарышты.
Деги Yala News каналынын артында ким турат?
Биз Yala News каналынын башкы директору Ахмад Момнанын изине түштүк. Ал - Дубайда жашаган сириялык ишкер мырза.
"Yala Group - бул Улуу Британияда жайгашкан компания, - деди ал Би-Би-Сиге. - Бизде 500дөн ашык кардар бар, анын ичинде коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр жана башка өнөрлүү инсандар бар. Азырынча Лондондо биздин кызматкерлерибиз жок, бирок жакынкы келечекте буга да жетишибиз мүмкүн".
Биз андан Yala News каналындагы кремлчил видео тасмалар тууралуу да сурадык.
"Yala News мазмуну боюнча бир жактуу эмес. Сирия болобу, Орусия болобу, же башкасы болобу, биз тарапсыздыкты сыйлайбыз", - деди Момна мырза.
Андан кийин биз Момна мырзадан анын каналы Орусиянын же Сириянын өкмөттөрүнөн каржыланып жатабы? деп сурадык.
"Мен Yala компаниясынын жалгыз каржылоочусумун жана жалгыз негиздөөчүсүмүн. Мага эч ким таасир эте албайт", - деди ал.
Биз Улуу Британиядагы ар кыл компанияларды расмий каттоо ишин жүргүзүп жаткан мекемеден - Компаниялар үйүнөн да бул компаниянын чоо-жайын сурадык. Бул мекеменин басма сөз катчысы алар "жеке менчик компаниялар боюнча эч кандай пикир бербейбиз" жана бул мекемеде өзүнө "жеткирилген маалыматты текшерүүгө же ырастоого мыйзамдуу ыйгарым укуктар жок", - деп билдирди.
Facebook барагына ээлик кылган Meta компаниясынын басма сөз катчысы болсо Meta компаниясынын платформаларында жалган маалыматтын жайылышына каршы күрөшүү үчүн ал үчүнчү тараптын факттарды текшерүүчүлөрү менен иш алып барууда, деп билдирди.
Биз, ошондой эле, Орусиянын жана Сириянын өкмөттөрү менен да байланышып, алардын Yala News менен кандайдыр бир байланышы бар-жогун сурадык, бирок алардан биз козгогон көйгөйлөр жаатында эч кандай жооп ала алган жокпуз.
(Кыргызстанда дагы айрым блогчулар жана ЖМКлар Орусиядагы путинчил медианын таркаткан маалыматтарын андан ары мазмунун өзгөртпөстөн жайылтып келе жаткан учурлар бар. - Ред).
Иликтөөчүлөр курамы: Жулиен Хажж мырза, Би-Би-Си Мониторинг, Би-Би-Си Арап кызматы, Стратегиялык баарлашуу институту, Маалыматтык туруктуулук борбору, Эл аралык коргоо тобу