Президент жана порно жылдыз. Трамп камалып кетиши мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экс-президенттин 2016-жылы порно жылдызга 130 миң доллар төлөгөн фактысы боюнча ишти Нью-Йорк шаарынын прокурору Элвин Брэгг карап жатат.
Эгер Трампка камакка алынса, ал мындай окуяга кабылган алгачкы экс-президент болуп калмакчы. Анткен менен Трамп бул айыптоолорду четке кагууда. Ал тургай өзүнүн тарапташтарын нааразылык акциясына чыгууга чакырды. Бул иш тууралуу азырынча бизге ушулар гана белгилүү.
Сторми Дэниелс деген ким?
Сторми Дэниелс - (Чыныгы аты Стефани Клиффорд) 1979-жылы Луизиана штатында төрөлгөн.
Ал порно бизнесине алгач актриса катары аралаша баштаган. 2004-жылдан тарта бул тармакта режиссер жана сценарист экени айтылып келет.
Ал "бир аз кош бойлуу" (Knocked Up) жана "40 жаштагы селки" (The 40 Year Old Virgin) тасмаларында эпизоддук рол жаратууга да жетишкен. Ошондой эле аны Maroon Five музыкалык тобунун "Wake Up Call" деген ырынын клибинен көрүүгө болот.
Сторми Дэниелс 2010-жылы Луизиана штатынан АКШнын Сенатына талапкерлигин коюу ниетин билдирген. Бирок талапкерлиги олуттуу кабыл алынбаганы үчүн шайлоого ат салышуудан баш тарткан.
Эмнеге Трампты күнөөлөп жатат?
Бардыгы 2006-жылдын июль айында башталган. Сторми Дэниелс Трамп менен ошол маалда Калифорния менен Неваданын ортосундагы Лейк-Тахо эч-алуу зонасында өткөн гольф боюнча кайрымдуулук турниринде таанышканын белгилейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал 2011-жылы In Touch Weekly басылмасына берген маегинде (маек толугу менен 2018-жылы жарыяланган) Трамп аны кечки тамакка чакырганын жана аны менен мейманканын номеринде жолукканын айткан.
"Ал диванда жатып алып телевизор же бир нерсе көрүп жаткан. Ал пижама кийип алган болчу", - деп айткан Дэниелс маегинде.
Дэниелстин айтуусу боюнча алар мейманкананын номеринде жыныстык катнашта болушкан, бирок экс-президенттин жактоочусу "Трамп муну таптакыр четке кагат" деп айтып келет.
Эгер порно жылдыздын айткандары чын болсо, анда бул окуя Трамптын кенже уулу Бэррон төрөлгөндөн үч ай өткөндөн кийин болуп өткөн.
Дэниелс 2018-жылдан март айында телеканалдардын бирине курган маегинде, Трамп менен болгон мамилеси тууралуу үн катпашы үчүн коркутуулар болгонун айткан. 2011-жылы In Touch Weekly басылмасына маек берүүгө макул болгондон кийин Лас-Вегастагы унаа токтотуучу жайлардын биринде ага белгисиз адам келип, "Трампты жайына кой" деп коркуткан деп айтканы бар.
Бул окуя эмнеге кайра козголуп жатат?
2018-жылдын январында Wall Street Journal гезити ошол учурдагы президент Трамптын жактоочусу Майкл Коэнго таянып, 2016-жылы Трамп шайланардан бир ай мурун Сторми Дэниелс 130 миң доллар төлөгөндүгү тууралуу макала жарыялаган. Басылма бул акча Сторми Дэниелс Трамп менен болгон мамилесин ачыкка чыгарбашы үчүн макулдашылган акчанын бир бөлүгү экенин белгилейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунун баары мыйзамга каршы келеби?
Негизи акча берүү мыйзамсыз деп эсептелбейт. Бирок Трамп жактоочунун чыгымдарын төлөп жатканда төлөм юридикалык кызматтарга жумшалган деп көрсөтүлгөн. Нью-Йорк шаарынын прокурору бул документтерди бурмалоо менен барабар экенин жана Нью-Йорк штатында мыйзам бузуунун жеңил түрү катары кылмыш болуп саналаарын тастыктайт.
Прокурорлор акча которуу Трамптын Дэниелс айым менен болгон мамилесин шайлоочулардан жашыруу үчүн жасалгандыктан, муну шайлоо тууралуу мыйзамды бузуу деп эсептешет.
Трампка айып коюлабы?
Эми экс-президентке айып коюу тууралуу чечимди Нью-Йорк шаарынын аймактык прокурору Элвин Брегг чечет. Анткени анын колунда айыптоонун негиздүүлүгүн караган топтун корутундусу бар.
13-март күнү Трамптын жактоочусу экс-президентти айыптоонун негиздүүлүгүн караган топтун алдына чыгуусун сунушташканын жана бул териштирүүнүн аяктап жатышынын белгиси экенин билдирген.
Ошондой эле алар Трампка же аларга алдыда боло турган соттук териштирүү тууралуу алдын ала кабарланган деген божомолдорду жокко чыгарып, Трамптын шейшемби күнү кармалары тууралуу комментарийи ММКдгы билдирүүлөргө негизделгенин билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Майкл Коэн 2018-жылы федералдык сотто Дэниелс "ызы-чуусуна" жана дагы бир башка аялга байланышкан төлөмдөр сыяктуу кылмыштарга байланыштуу шайлоо компаниясын каржылоо тууралуу эрежелерди бузгандыгын мойнуна алып абакка кесилген.
20-мартта президенттин дагы бир мурдагы кеңешчиси Роберт Костелло Коэн акчаны Трампты катыштырбай эле Сторми Дэниэлске өзү жеткиргени тууралуу көрсөтмө берген.
Сторми Дэниелс өзү дагы териштирүүгө катышып жаткан прокурорлор менен жолукканы белгилүү болду.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Трамптын бардык тарапташтары экс-президенттин мурдагы журум-турумдарына көз жумуп, ага айтылган айыптоолорду кулагынын сыртынан кетирүүгө аракет кылып жатышкансыйт.
Бирок Сторми Дэниелске байланыштуу жаңжал Трапмты сотто көрсөтмө берүүгө мажбурлайт. Ал тургай президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жаткан маалда бул окуя элге кеңири жайылып кетишине себепчи болушу мүмкүн.
Түндүк Америкадагы Би-Би-Синин кабарчысы Энтони Зуркердин айтымында, айып тагуу, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартуу Трамптын президенттик шайлоо компаниясын жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылбайт:
"Негизи, Американын мыйзамында жада калса түрмөнүн ичинен болсо дагы кылмышка шектелген талапкерге шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук кыла турган эч нерсе жок".
Бирок Трамптын кармалышы анын президенттик үгүт иштерин татаалдатары талашсыз. (SA)










