Эмнеге Кытайдын көп кыз-келиндери эне болуудан жаа бою качууда?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Силвия Чанг
- Role, Би-Би-Си кытай жаңылыктар кызматы
«Мен балалуу болгонго шартым жок, — дейт жашы отуздан ашып калган, күйөөсү бар Глория. Ал эгер балалуу болсо, аны бакканга Кытайда айына 2400 доллар акча керек экенин эсептеп чыккан.
«Тамак-аш сыяктуу күнүмдүк чыгымдар эле 3000 юань болот (436 АКШ доллары). 2000 (291 АКШ доллары) бала бакчага, 1000 (145 АКШ доллары) баланы киши жалдап каратканга, ошондой эле аны окутканга 10 000 (1456 АКШ доллары ) кем эмес керек».
Глория Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. Өлкөнүн бул аймагында жеке менчик сектордо иштегендердин орточо кирешеси айына 6000 юань (873 АКШ доллары). Ал өзүнүн үй-бүлөсүндө жалгыз бала болгон, ошондуктан ипотеканын акчасы да, карып калган ата-энесине кам көрүү да анын мойнунда.
Калктын азайышы
Кытайда демографиялык басаңдоо башталды: өлкөнүн калкы алтымыш жылдан бери биринчи жолу азайууга кетти. Ал эми жаңы изилдөөлөр кытай кыз-келиндеринде бир гана бала менен чектелүүнү же таптакыр баласыз жашоону каалай тургандар көп болуп баратканын көрсөтүүдө.
Кытайдын калк жана өнүгүү борбору жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, баласы жок кытай аялдарынын саны 2015-жылкы алты пайыздан 2020-жылы он пайызга өстү.
Ошондой эле эне болууга жарактуу жаш аялдарда фертилдик көрсөткүчү төмөндөп кеткен: 2017-жылдагы көрсөткүч 1,76 болчу, 2021-жылдагы көрсөткүч 1,64.
Ал эми ошол эле убакта Сингапур, Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу Азиянын башка өлкөлөрүндө деле фертилдик коэффициенти экиден төмөн, бирок экиден балалуу болгусу келгендер көп. Кытайда андай эмес.
"Кытай бул жагынан башка, анткени бала төрөлүүнүн деңгээли эле эмес, балалуу болгусу келгендер да аз",-дейт Лондон экономика жана саясий илимдер мектебинин эл аралык социалдык жана мамлекеттик саясат кафедрасынын доценти доктор Шуан Чен.
4-мартта Кытайда быйыл болуучу маанилүү саясий жыйындардын "эки сессиясы" башталып жаткан чакта, саясий кеңешчилер балдардын төрөлүшүн көбөйтүүнүн ар кандай сунуштарын берүүдө. Анын арасында күйөөсү жок аялдарга жумуртка клеткасын тоңдуруп коюу же бала бакчадан тартып коллежге чейин баланын окуусуна жана окуу китептерге кеткен чыгымдардан бошотуу тууралуу да сунуштар айтылууда.
Дагы бир көтөрүлгөн идея - никеде турбаган ата-энелерден төрөлгөн балдарга башкалар менен бирдей укук берүү жөнүндө. Анткени, Кытайда расмий никеге турбаган жуптардан төрөлгөн балдар "хукоу" деп аталган үй чарбасын каттоодон кыйналышат, бул окууга, медициналык тейлөө жана социалдык колдоо үчүн керек. Ал эми административдик жыйымдар абдан кымбат.
Чычкандай тырмаңдаган жашоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баланы багып чоңойтууга көп каражат керек - бул кытай кыз-келиндеринин балалуу болуудан качып жатканынын башкы себеби. Кытайда жашоодогу айыгышкан жарыш бала төрөлгөн учурдан эле башталат: ата-энелер баласын жакшы бала бакчага, жакшы мектепке бериш үчүн ошондой мектептердин жанынан үй алышат, балдарын ар кандай мектептен сырткары курстарга, ийримдерге жиберишет.
"Мен мындай мерез атаандаштык чөйрөдө балалуу болгум келбейт",-дейт 22 жаштагы студент кыз Мия.Мия Кытайдын түндүгүндөгү чакан шаарда төрөлгөн, ал бала болгону анын окуусу жалаң эле экзамендер менен өттү. Ал Кытайдагы Гаокао деген ат менен атактуу улуттук коллежге тапшырды, андан кийин Пекиндеги дагы бир абройлуу университетке кирди.
Ал жан талашкан жашоодо көп убакта стресс болгонун айтууда. Анткени, азыркы бүтүрүүчүлөр чет өлкөдө билим алып келген, акчасы көп, шарты бар балдар менен атаандаш болушу керек.
«Жакшы окуу жайга барганга, сапаттуу окууга акча керек», — деген Мия болочокто өзүнүн баласына жетиштүү шарт түзгөнгө жете турган акча табарына көзү жетпейт.«Эгер мен баламдын жашоосун камсыз кыла албасам, анда мен аны бул жашоого алып келип эмне кылам?»
Иш жана жеке турмуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Синин кытай кызматы баарлашкан башка кыз-келиндер өздөрүнүн карьерасына терс таасири тиет деп балалуу болуудан баш тартып жатканын айтышты.
Аялдар кызматка кирип жатканда алардан жакынкы жылдары балалуу болууну пландаштырып жатканын сурашканын эстешти. Алар эгер «ооба» деп айтканда ишке орношуу же жаңы позицияга көтөрүлүүгө жол жабылып калмак дешет.
«Жеке жашоо менен иштин ортосундагы баланс - бул кытай кыздар жогорку окуу жайында окуп жатканда турмушка чыгып балалуу болууну ойлоно баштаганда эле эске ала турган фактор»,-дейт Мичиган университетинин социология кафедрасынын доценти д-р Юнь Чжоу.
«Жумуш алар үчүн жашоодо өзүнүн ордун табуу»,-дейт ал. «Эмгек рыногунда гендердик дискриминация толтурат, карьера менен баланын ортосунда тандоо кыйын».
«Мен социалдык тармакта бала төрөгүм келбейт деп айтып коюп, аябай тил уктум».
Социалдык тармакта өзүнүн жашоо турумушу тууралуу ой-пикир бөлүшкөн башка жаштар сыяктуу эле Миа дагы балалуу болбой турганын видеого жазып, Интернетке койгон эле.
Мына ошондо көрүп ал, аны тилдеп маскаралаган комментарийлер жайнап келди.
Көптөрү аны эгоист деп айыпташты. Кээ бирлери аны жаштык кылып жатат деп айтышты, ал жыйырмадан жаңы эле ашты да.
«Сиз мындай деп айткыдай негиз жок. Кыркка чыкканда эмне деп ойлой турганыңызды көрөбүз», — деп жазды колдонуучулардын бири.
«10 000 доллар сайамын, сиз буга абдан өкүнөсүз», — дейт башкасы.
Кээ бирлери бул жерде кытай кыз-келиндерин балалуу болуудан айнытып жаткан чет өлкөлүк күчтөрдүн таасири бар деп да чыгышты.
Кытайдын өкмөтү өзүнүн үч бала саясатын 2021-жылы май айында жарыя кылган. 2020-жылдагы эл каттоонун натыйжасында кытай энелер баары 12 миллион бала төрөгөн, бирок бул 1961-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч эле.
Өкмөт соңку жылдары балдардын төрөлүүсүн көбөйтө турган көп жаңы чараларды көрүүдө.
Бирок Кытайда төрөлүүнүн төмөн деңгээлине байланыштуу кээ бирөөлөрдүн оюнча балалуу болгусу келбеген аялдар өлкөнү артка тартууда.
«Бул менин жеке тандоом. Мен балалуу болуудан баш тарткандарды коргоп жаткан жокмун. Мен балалуу болгусу келген адамдарды абдан урматтайм», — дейт Миа.
'Мен катуу кармашты баштан өткөрдүм'

Сүрөттүн булагы, Yuan Xueping
«Мен эмнени гана баштан өткөрбөдүм, — дейт 34 жаштагы Юань Сюэпин. Тукум улаш үчүн эркек бала төрөө аялдын милдети болгон айыл жеринде өскөн менен ал балалуу болбойм деп айтыш үчүн аябай күрөштү.
Юань мектепте үч алдыңкы окуучунун бирөө болгон менен улуу эжеси экөө коллежге тапшыра алышкан жок. Анын ата-энеси инисинин окуусуна гана акча таап беришти.
«Менин ата-энем дайыма айтчу эле: «Кыздарга коллежге эмне бар? Эртеби-кечпи күйөөгө тийип, үйдү карайсыңар, бала төрөп өстүрөсүңөр», — деп эскерет Юань.
Жакын эжеси күйөөсү менен ажырашып, эки баласы менен жалгыз калганда, анын ого бетер көңүлү чөктү.
«Мен нике институтуна эми ишенбейм», — деп ал шаарга кетип калип, эми бул жакта өзүнүн эркин жашоосунан ырахат алууда.
"Мен окуйм, бош убактымда достор менен чогулуп көңүл ачам. Мен эркинмин, оюмдагыны жасайм." (КС)








