Орус ракеталары Польшага жеттиби?

Сүрөттүн булагы, EPA
Польшанын өкмөтү анын Украина менен болгон чек арасына жакын аймагына шейшембиде эки ракета келип түшкөндөн кийин чукул жыйынга чогулду. Варшава жарылуунун натыйжасында эки жараны каза тапканын ырастады, бирок бул инциденттин себеби жана ракеталар кайдан келгени туурасында билдирүү жасай элек.
Өкмөт жыйынынан кийин анын өкүлү Петр Мюллер Польша НАТОнун уставынын 4-беренесин активдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди, башкача айтканда уюмдун мүчөлөрүнүн бирөөнө коркунуч пайда болгондо консултацияларды баштоо жөнүндө сөз болууда.
Ракеталык инцидент жөнүндө биринчи болуп Польшанын Radio ZET радиостанциясы кабарлады - ал өзүнүн булактарына таянды жана ракеталар Россияныкы болгонун айткан жок. Бирок кийинчерек Ассошиэйтед пресс агенттиги АКШнын чалгын кызматынын жогорку кызматкерлеринин айтканына таянып, Польшанын аймагына учуп кирген ракеталар Россияныкы экенин жазып чыкты.
АКШнын Коргоо министрлиги өз кезегинде бул маалыматты ырастаганга даяр эмес. Америкалык коргоо мекемесинин өкүлү генерал Патрик Райдер "кырдаалды иликтөө" иштери жүрүп жатканын гана билдирди.
Польшанын өкмөтү кечинде аскерлерин жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Россиянын Коргоо министрлиги орус ракеталары Пшеводува районуна түшкөнү жөнүндөгү кабарларды "кырдаалды атайы курчутуу максатындагы чагымчылык" деп атады. "Украина-Польшанын мамлекеттик чек арасына жакын жердеги буталарга россиялык куралдардан эч кандай соккулар жасалган жок",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечиндеги билдирүүсүндө Польшага эки россиялык ракета барып жарылганын билдирди. "Польша, Балтика өлкөлөрү - Россиянын террору эртеби-кечпи буларга да жетет",-деди ал. (КС)








