G7 Украинаны бүт жагынан колдоорун билдирди

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Россия шейшембиде Украинанын инфраструктурасына кайрадан сокку урду. Жетилик тобу чукул жыйын өткөрдү, Украина асмандагы коркунучтан коргонууга чоң жетиликтен жардам сурады.
G7 өлкөлөрү Россия Украинага каршы өзөктүк, химиялык же биологиялык курал колдонсо, анын кесепети олуттуу болорун Владимир Путинге эскертишти. Украинанын президенти катышкан вируталдык жолугушууда алар орус күчтөрүнө жардам бербегин деп Беларуска да эскертүү кылышты.
Россиянын экинчи күндөгү аба соккулары мурдагы күндөгүдөй масштабда болгон жок. Бирок Львовдо эки суткадан бери электр жарыгы жок, суу тармагы да зыян тартты.
Түштүктөгү Запорожье шаарында эртең менен жардыруулар көп болду. Бул шаар баарынан көп жабыркады.
Украинанын инфраструктурасы, айрыкча энергетика тармагы байма-бай чабуулга алынып жаткан чакта, кыш кылычын алып босогодо турганда, бул өлкөгө асмандагы коркунучка каршы күрөшүүгө кошумча жардам керек болууда.
Россиянын соңку чабуулдары ар кандай формада болду: жогорку таамайлыктагы канаттуу ракеталардан тартып ага жете бербеген, бирок бир топ эле коркунуч келтирген иран өндүрүшүндөгү дрондор менен сокку урушту.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жетилик тобунун лидерлеринин онлайн жолугушуусунда президент Зеленский Украинага жардам сурады.
«Россиянын ракеталары менен учактарын жок кылууга мүмкүнчүлүк берген биздин ПВО системабыбызга жардам бергендерге ыраазылык билдирем. Бирок! Биздин чалгындоого караганда Россия Ирандан эле 2400 "Шахидке" заказ берди»,-деди Зеленский. - Ошондуктан бизге асмандан жана ракетадан коргонуу үчүн жетиштүү ракета болгону абдан маанилүү".
АКШ президенти Жо Байден Зеленскийге алдыңкы ПВО системасы жакында жөнөтүлөрүн билдирди.
Жетиликтин лидерлери өзүнүн билдирүүсүндө бул маселеге конкреттүү токтолгон жок, бирок алар Украинанын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле алар Украинага кышка даярданууга да жардам берерин айтышты. (КС)












