You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: Индиядагы үрөй учурган абал
Индиядагы коронавирус эпидемиясынын жаңы толкуну үрөй учурган кырдаалды жаратты. Илдеттен каза тапкандар саны кескин көбөйүп, оорукананын жандандыруу бөлүмдөрү бейтаптарга толуп, дары-дармектин жана кислороддун запасы түгөнүүдө.
Пандемиянын кесепети өтө оор болгонун оорукана жана крематорийлерден алынган көп сандагы сүрөттөр далилдеп турат.
Жакынын жоготкондор сааттап кезек күтүп, крематорийлер үлгүрө албай калды. Айласы кеткендер көчөдө эле сөөктү өрттөөгө мажбур болууда. Мамлекеттик статистикага ишенбеген журналисттер каза тапкандар санын крематорийлердеги абал менен салыштырып, өз алдынча эсеп жүргүзүүдө.
Алардын пикиринде коронавирустун реалдуу жоготуулары айрым шаарларда расмий сандардан 10 эсе көп.
Өткөн аптада Би-Би-Синин Гуджараттагы кабарчылары Сурат шаарындагы крематорийи ысыкта тынымсыз иштей бергендин натыйжасында морусу жарым-жартылай ээрип кеткенин кабарлашкан эле. Бийлик дагы деле каза тапкандардын так саны боюнча маалымат бере элек.
Эң оор кырдаал Делиде жаралды. Анткени ооруканаларда бейтаптар кислороддун жетишсиздигинен каза табууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө Индиядагы кырдаал коронавирустун кесепети кандай болорун эскертти деп айтылды.
Бир аптадан бери Индияда Covid-19 жуктуруп алгандардын суткалык көрсөткүчү 300 миңден төмөн болбой жатат. Күн сайын катталган өлүм-житимдин көрсөткүчү 2800 (акыркы суткада 2767) тегерегинде. АКШ менен Британия дүйшөмбүдөн тарта Индияга өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттарды жана башка жабдыктарды жөнөтө баштады.