Европа: коронавирустун үчүнчү толкуну

Европа өлкөлөрү коронавирустун үчүнчү толкуну тууралуу сөз кыла баштады. Германияда вирусту жуктуруп алгандар саны кескин көбөйүп кетип, апрель ичи карантин чаралары сактала турган болду. Польшада Covid-19 жаңы учурлары өткөн аптада 30% өстү.

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү катаал карантин чараларын кеминде 18-апрелге чейин узартуу ниетинде. Франс пресс менен Рейтер журналисттери көргөн токтом долбоорунда апрель ичи карантин чараларын сактоо боюнча айтылган.

Март айында эле Германия карантин чараларын жеңилдетүү тууралуу сөз кыла баштаган. Меркелдин Covid-19 жаңы штаммы тууралу тынчсыздануусуна карабай жергиликтүү бийликтер чектөө чараларын жеңилдетүү чечимин кабыл алган. Бирок өлкөдө вирустун жаңы жуккан учурлары көбөйгөндө үчүнчү толкун жөнүндө айта башташты.Карантин чаралары Германияга өткөн жылдын декабрында киргизилген эле.

Польша

Үчүнчү толкун Польшада дагы күчөп баштады. Жекшембиде өлкө боюнча 21 849 жаңы учур аныкталды. Бул бир апта мурунку көрсөткүчтөн 27 пайызга көп.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембиде 140 бейтап коронавирустан каза тапканын кабарлады. Мекеменин башчысы Адам Недзельский белгилегендей, Covid-19 жаңы учурларынын 80% Британияда аныкталган штамм менен байланыштуу.

Өлкөдөгү ооруканалардын 70 пайызында орундар толду. ИВЛде жаткан бейтаптар саны пандемия башталгандан берки чоң көрсөткүчкө жетти. Польшада кайрадан талаа госпиталдары ишин баштап, кошумча орундар даярдалды. Учурда Польшада калктын 13 пайызы эмдөөдөн өткөн.

Апта соңунан тарта айрым жерлерде локдаун жарыялана баштады. 9-апрелге чейин соода борборлору, мейманкана, спорт жана маданий жайлар жабык болот. (AbA)