You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мьянмадагы кандуу жекшемби: БУУ зомбулукту токтотууга чакырды
Жекшембиде Мьянманын полициясы демонстранттарга ок атты. Кеминде 18 киши каза таап, 30дан ашууну жаракат алган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш аскерлерди зомбулукту токтотууга чакырды.
Гутерреш дүйнө коомчулугуна кайрылып, бийликти ээлеп турган генералдарга басым кылууга чакырды. Аскер жетекчилери элдин эркин урматтап, эл менен эсептешүүсү керек деп айтылат билдирүүдө.
"Башкы катчы Мьянмадагы катаал репрессияны кескин айыптайт. Ал каза тапкандар жана жаракат алгандар саны өсүп жатканына терең тынчсыздануусун билдирди. Тынч демонстранттарга согуштук курал колдонуу жана өзүм билемдик менен камакка алуу жол берилгис",-деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.
1-февралда Мьянманын аскер жетекчилери парламенттин биринчи жыйынын үзгүлтүккө учуратып, бир нече бийлик өкүлүн камакка алган эле. Аскер жетекчилери бийликти ээлеп, кечки саат 8ден тартып, таңы 4кө чейин ири шаарларга коменданттык саат киргизди. Армиянын кол башчысы генерал Мин Аун Хлаин мамлекет башчынын жоопкерчилигин алганын жарыялады. Ошондон бери өлкөнүн ири шаарларындагы митингдер токтобой жатат.
Франс пресс агенттиги Тавойдогу митинг учурунда полиция эч кандай эскертүүсүз ок атып, үч киши каза тапканын жазды.
"Биз чогулгандан кийин эле полиция дароо ок чыгарды. Эч кандай эскертүү болгон жок. Айрымдар жарадар болуп, кээ бир мугалимдер коңшу үйлөрдө жашынып жатат",-деп айтып берген Франс пресске Янгондогу акциянын катышуучуларынын бири, башталгыч мектептин мугалими.
Полиция өлкөнүн экинчи ири шаары Мандалайдагы митингди дагы күч менен таратууга аракет кылды. Ошондой эле Лашо менен Пегу шаарынд дагы демонстранттарга күч колдонулду.
Ишембиде бүтүндөй өлкө боюнча массалык акциялар өткөн. Анда полиция көз ачыштырган газ жана кулак тундурган гранаталарды колдонгон. Мамлекеттик каналдар ишембиде 470 киши камакка алынганын кабарлады.
Демонстранттар аскер жетекчилерин бийликтен четтетүүнү жана Аун Сан Су Чжи жана анын "Демократия үчүн улуттук лига" партиясынын жетекчилерин бошотуу талаптары айтылып жатат. Су Чжи импорт боюнча жана табият кырсыгын алдын алуу тууралуу мыйзамды бузган деп айыпталып, камакка алынган.
Армия жетекчилери жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү убада кылды. Чжинин "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы жеңип чыккан шайлоо бурмаланган деди аскер генералдары. Бирок ага далилдерди көрсөткөн жок.
Ишембиде аскер бийлиги БУУНун Мьянмадагы элчиси Чжо Мо Тунду кызматтан кетирди. Ага дипломаттын "аскер бийлигин токтотууга бардык каражаттарды колдонуу" тууралуу чакырыгы себеп болгон.
Мамлекеттик каналдар Чжо Мо Тун "өлкөгө чыккынчылык кылды" жана "элчилик кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деп жарыялашты.
Бирок дипломат Рейтер агенттигине: "Колумдан келишинче күрөштү улантам",-деп айткан.
Мьянма аскер режими менен 1962-жылдан 2011-жылга чейин башкарылып келди. 1988-жылы каршылык акциясын күч менен таратуу аракетинен 3 миңдей киши каза тапкан. 2007-жылы 30 кишинин өмүрү кыйылган.