You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Куткаруу иштерин токтотпогула": шахта урандысында калгандардын каты
Кытайда бир апта мурун шахтадагы жарылуудан кийин кырсык болгон. Окуяда ондогондор уранды алдында калган.
Куткаруучулар шахтада аман калгандар болбосун деген ой менен тамак-аш, сууну кабелди сойлотуп, жер алдына жөнөткөн эле. Алтын казып жаткандар кагазга "куткаруу иштерин токтотпогула" деп кат жазып, тирүү экенин билдиришти.
Андан бери куткаруучулар жер алдында калгандар менен телефон байланыш түзө алды. Бирок 10 киши дайынсыз бойдон.
Кытайдагы шахталарда байма-бай кырсыктар катталып турат. Буга коопсуздук чаралары толук-кандуу көзөмөлдөнбөгөнү себеп.
Шандунь провинциясындагы Хушан аттуу алтын кенинде 22 киши иштеп жатканы белгилүү. 10-январдагы жарылуудан улам шахтанын чыга бериши урап түшүп, байланыш системасы жабыркаган.
Куткаруучулар бир нече күн бою аман калгандарды издеп, эч натыйжа чыкпаганда шахтага азык-түлүктү сойлоткон кабелди артка тартып алууну чечкен. Дал ошол кабелге жер алдында калгандар аман экенин билдирип, кат байлап коюшкан. Байланыш түзүлгөндөн кийин 12 киши тирүү экени белгилүү болду.
"Менден тышкары 11 киши бар, бирөө жаракат алды. Биз менен чогуу иштеп жаткан 10 киши дайынсыз бойдон",-деп жазылган каттардын биринде.
Куткаруучулар шахтага жөнөтүлгөн дары-дармек, суу жана тамак-аш дагы эки күнгө жетерин айтууда. Учурда шахтанын чыга бериши тазаланып жатат. Бирок жер алдында калгандар суу агып жатканын айткандыктан, куткаруучулар этият болушу керек.
Шахтадагы кырсык тууралуу дароо кабар берилбегендиктен, жергиликтүү коммунисттик партиянын өкүлү жана башка өкмөт мүчөлөрү кызматтан алынды. Кырсык тууралуу жаңылык борбордук бийликке жеткиче 30 саат өткөн.
Өткөн жылы Кытайда декабрь айында көмүр шахтасында 23 киши ууланып, каза тапкан. Сентябрь айында башка шахтада өрт чыгып 16 адам мүрт кеткен.