You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Мафиянын анабашы" үчүн эсеп жана жөөт конуштарына Абрамовичтин берешендиги
Журналист иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (International Consortium of Investigative Journalists, ICIJ) уюму жана дүйнөдөгү бир нече маалымат каражаттары FinCEN документтери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды. FinCEN - АКШнын каржылык кылмыш менен күрөшкөн атайын бөлүмү эсептелип, Каржы министрлигине караштуу.
Журналисттер банктар шектүү транзакцияларды байкап калып, регуляторго жөнөткөн отчетторду (SARs, suspicious activity reports) иликтеп чыгышты. Албетте, отчеттордо кардарлардын мыйзам бузуп жатканы тууралуу айтылбашы өзүнөн-өзү белгилүү эмеспи.
FinCEN документтерин иликтеген Би-Би-Синин "Панорама" программасы JP Morgan банкынын Лондондогу мекемеси ABSI офшордук компаниясына эсеп ачууга мүмкүнчүлүк бергенин таап чыкты. Бир нече жыл ичинде аталган компания банк аркылуу миллиард доллардай каражат чыгарган.
Беш жыл мурун JP Morgan бул ABSI компаниясынын бизнесмен Семен Могилевич менен байланыштарын байкаган. Америкалык басылмалар Могилевичти "орусиялык мафиянын боссторунун боссу" катары мүнөздөп жүрөт. Могилевич узак жылдар АКШдагы эң көп изделген он кылмышкердин катарында аталып келген. Бирок журналисттерге берген маектеринде өзүн "ортозар бизнесмен" атап жүрөт.
Могилевич акчаны адалдоо боюнча айыптарды четке кагып келет. Ачыкка чыгып кеткен документтер анын ABSI компаниясын башкарып турганына далил боло албайт.
Банктарга шектүү ишмердүүлүк тууралуу отчетторун коомчулук алдында ачык талкуулаганга тыюу салынган. Би-Би-Сиге берген расмий билдирүүсүндө JP Morgan "бардык мыйзам жана эрежелерди сактап келгенин" билдирди. Ошондой эле мыйзамсыз акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана экономикалык санкцияларды жазгырып кетүү аракеттерине каршы күрөш үчүн банк жүз миллиондогон доллар корото турганын айтты.
"Израилдин берешен тарапташы"
Белгилүү олигарх Роман Абрамовичтин ысымы FinCEN документтеринде бир нече жолу аталган. "Панорама" программасы бизнесменге тиешелүү компания Чыгыш Иерусалимдеги израилдик конуштардын курулушуна миллиондогон доллар которуп, колдоо көрсөткөнүн таап чыкты. Израиль бул жерди өзүнүн аймагы катары эсептейт. Бирок эл аралык укуктук көз караштан алганда, бул конуштар мыйзамсыз саналат. Айрым учурда конуштарды куруу үчүн ошол аймакта жашап жаткан палестиналыктар үйлөрүнөн күч менен чыгарылат.
2006-2018-жылдар аралыгында Абрамовичке тиешелүү Leiston Holdings жана дагы үч офшордук компания израилдик конуштарды каржылап, археологиялык казууларды жүргүзүп жаткан "Элад" компаниясына 100 млн доллардай каражат которгон.
Эл аралык укуктун көз караштан алганда, бул аймакта жаңы археологиялык казууларды жүргүзүү дагы мыйзамсыз саналат.
"Элад" өкүлдөрү Би-Би-Сиге берген түшүндүрмөсүндө каржылоо булактарын жашырбай эле ачык көрсөтүп келгенин жана мыйзам бузууларга барышпаганын айтышты.
Роман Абрамовичтин өкүлү болсо, бизнесмен "жөөт коомчулугу үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим үчүн беш жүз миллион доллар кайрымдуулук кылганын" айтты. Ошондой эле "ал Израилге жана иудей коомуна берилген берешен экенин" кошумчалады.
Дүйнө жүзү мыйзамсыз акчаны адалдоого каршы күрөштү активдүү жүргүзүүдө. Бирок жеңишке али узак экенин FinCEN документтерин ачыкка чыгарды. Миңдеген документтер мыйзамдын жана көзөмөлдүн жыртык-тешигин көрсөтүүдө.