You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
FinCEN: мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу боюнча документтер ачыкка чыкты
Дүйнөнүн эң ири банктарынын мыйзамсыз акчаны адалдаштырганы боюнча документтер ашкереленди. FinCEN документтери мыйзамсыз деп саналган 2 триллионго чукул доллар кантип которулганын көрсөтөт.
FinCEN - АКШнын каржылык кылмыш менен күрөшкөн мекемеси. Ал Кошмо Штаттарынын Каржы министрлигинин бир бөлүгү болуп саналат.
FinCEN ашкерелеген документтерде Орусиянын олигархтары Батыштын банктарын колдонуп, АКШнын жана Европанын санкцияларын айланып өткөнүн жана ири банктар мыйзамсыз акчаны кантип адалдаштырганын көрсөтөт.
Соңку беш жылда ири каржы кылмыштарын ачыктаган "Панама документтери" сыяктуу бир нече окуя болду. Бул документтер мыйзамсыз акчаны адалдаштырууда заманбап схемалар кантип иштеп жатканын ашкереледи.
FinCEN документтери эмнени камтыйт?
FinCEN документтери 2500 жашыруун файлдарды камтыйт. Алардын басымдуу бөлүгү 2000-2017-жылдары АКШнын Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Бул документтерди банктар кардарларынын шектүү иштерин байкаганда АКШнын Каржы министрлигине жолдогон. Бирок аны далил катары колдонууга мүмкүн эмес.
FinCEN документтери Buzzfeed маалымат агенттигинин колуна тийген. Алар документтерди Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (International Consortium of Investigative Journalists, ICIJ) уюму менен бөлүшкөн. Бул топ 88 мамлекеттеги 108 маалымат агенттигин бириктирет. Алардын арасында Би-Би-Синин "Панорама" программасы дагы бар.
Жүздөгөн журналисттер техникалык документтерди текшерип, аны жөнөкөй тил менен түшүндүрдү.
Бул эмнеге маанилүү?
Мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу үчүн ар түрдүү схемалар пайда болот. Мисалы, баңгизат соода аркылуу тапкан акчаны кылмыш дүйнөсүнө тиешеси жок, абройлуу банктарга которуп, аны адалдаштырса болот.
Ушундай эле жол менен санкцияга алынган кишилер дагы чектөөлөрдөн айланып өтсө болот. Мисалы, Орусиянын санкцияга кабылган олигархы Батышка акча которуу үчүн абройлуу банкты колдонуп келгени ачыкка чыкты.
Банктар мыйзамсыз акчаны адалдаштырууга каршы чара көрүшү керек. Мыйзамга ылайык, ар бир банк кандай кардар менен иштеп жатканын билиши керек. Банктар бир гана SAR формасын же шектүү аракет тууралуу формасын толтуруп коюусу жетишсиз. Эгерде банк акча шектүү булактан экенин билип калса, дароо трансакцияны токтотушу керек.
FinCEN документери дүйнөдөгү мыйзамсыз акча кантип жүгүрүп жатканы боюнча маалымат берди. Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумунун өкүлү Фергус Шилдин айтымында, кеп өтө эле чоң сумма тууралуу болуп жатат. Журналисттердин колуна түшкөн документтер эле 2 триллионго жакын доллар шектүү каражат тууралуу маалымат алышты. Бул ошол жылдарына байланыштуу SAR формасынын аз гана бөлүгү.
Кандай шектүү иштер ашкерелерди?
Абройлуу HSBC банкы уурдалган миллиондогон долларды дүйнөнүн булуң бурчуна которуп жүргөн. Банк бул схема аркылуу шылуундар акча уурдап жатканы боюнча кабар алгандан кийин деле, шектүү кардарлар менен ишин уланта берген.
JP Morgan шектүү кардарга Лондондогу кеңсеси аркылуу бир миллиард доллар которууга уруксат берген. Банк мындай чоң суммадагы акча которулуп жатканына карабастан, эмне болгон кардар экенин эч текшерген эмес. Кийин кардар АКШда бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн киши экени аныкталган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын досу Аркадий Ротенберг сакнцияга алынганына карабастан Лондондогу Barclays банкы аркылуу акча жүгүртө берген. Анын компаниясы баалуу жана байыркы сүрөттөрдү сатып алган.
Бириккен Араб Эмирлигинин Борбордук банкы эскертүүлөргө карабастан Ирандын бийлиги менен байланышы бар жергиликтүү компания менен ишин уланта берген. Иран санкцияга кабылган өлкө.
Deutsche Bank уюшкан кылмыштуу топторго байланышы бар кишилердин мыйзамсыз акчасын дүйнөнүн булуң-бурчуна жүгүртүүгө макул болгон.
Standard Chartered террордук топторго байланышы бар экени далилденгенден кийин деле Arab Bank аттуу компаниянын акчасын которо берген.