You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биз туулган күнгө келдик, өткөрүп жибергиле": Лукашенкого "белек"
Жекшембиде Минскиде кезектеги массалык нааразылык акциясы өтүп, шаардын борбордук бөлүгүнө он миңдеген кишилер жыйылды.
Беларустагы каршылык жүрүштөрүнүн 22-күнү президент Александр Лукашенконун туулган күнүнө туш келди. Ал 66 жаш курагын белгилеп жаткан.
Акциянын катышуучулары Эгемендик сарайын - президенттин резиденциясын көздөй жөнөдү. Жолдо күч түзүмдөрү бир нече кишини кармады. Көптөр колдоруна "белектерди" кармай келишкен. Оюнчук автозактар, шариктер, плакаттар. Айрымдар шам жагып: "Саша, үйлө!", "Саша, сыртка чык, куттуктайбыз!",-деп кыйкырып турушту.
Лукашенко демонстранттардын алдына чыккан жок. Бирок алар менен сүйлөшүүгө жардамчысы Николай Латышенок чыкты. Ал бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү болбой турганын, каршылык жүрүштөрү мыйзамсыз экенин жана президенттик шайлоо таза өткөнүн айтты.
Бул маалда Александр Лукашенко кайда болгону белгисиз. Анын басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт маалымат каржаттарынын ушундай суроосуна жооп иретинде Эгемендик сарайынын фонунда колуна автомат кармап турган президенттин сүрөтүн жөнөткөн.
Жекшембидеги акциялар Беларустун башка шаарларында дагы өттү.