Беларустун күч түзүмдөрү колдонуп жаткан атайын каражаттар

Беларустун бийлиги демонстранттарга каршы желим ок, суу аткыч, кулак тундуруучу гранаталар жана көз ачыштырган газ колдонулуп жатканын расмий ырастады. Укук коргоочулар бул куралдар "өлүмгө алып келбейт" деп аташат. Чыны менен эле ошондойбу?

17-августта эл аралык iSANS уюму атайын докладын жарыялап, Минскидеги көчө акциялары учурундагы жабыр тарткандар жана кармалгандар боюнча анализ берди. Изилдөөчүлөр Минскиде 9-13-август күндөрү ооруканага түшкөн 347 кишинин диагнозу менен кеңири таанышканын айтууда. Авторлор өтө оор абалда гана кишилер медициналык мекемелерге түшкөнүн белгилейт.

"17-августтун таңындагы маалыматтарга ылайык, укук коргоо органдарынан жабыр тартканына 700 киши даттанган. Бирок жабыр тарткандардын бир бөлүгү дарыгерге кайрылган эмес жана эч жакка даттанышпаган. Андан тышкары убактылуу кармоочу жайдан баары эле бошотулган эмес",-дейт изилдөөнүн авторлору.

Коюлган диагноздордун тизмесинде: октон жабыр тарткандар, көкүрөк клеткасынын травмасы, жарылуудан алган жаракаттар, күйүк, көздүн химиялык күйүккө учурашы, кулактын жаракаты, газга уулануу, сынык, кан шишик (гематома) менен келгендер бар. Изилдөөчүлөр мунун баары физикалык зомбулуктан, эң оор жаракаттар желим ок, кулак тундуруучу гранаталар жана көз ачыштырган газдан экенин белгилейт.

Беларустагы демонстрацияларды таратуу маалында колдонулган атайын каражаттарды АКШда деле колдонуп келишет.

"Мындай куралдарды полиция кырдаалды көзөмөлдөй албай зомбулук күчөп кеткенде, коомдук коопсуздукка реалдуу коркунуч жаралганда гана колдонууга тийиш. Бул каражаттарды куралсыз элге каршы колдонгон өтө туура эмес",-дейт Беркли университетинин окумуштуусу, дарыгер Рохини Хаар.

АКШдагы каршылык акциялары учурунда атайын каражаттарды колдонуудан жүздөгөн кишилер жабыр тартып, ондогону өтө оор жаракаттан майып болуп калган.

Укук коргоочулар АКШда ондогон жылдардан бери полициянын "өлүмгө алып келбейт" деген куралдарын колдонууга мыйзам менен тыюу салуу демилгесин көтөрүп жүрүшөт.

Желим ок

Желим ок биринчи жолу 1968-жылы британдык полиция жана аскер күчтөрү тарабынан Түндүк Ирландияда колдонулган. Ошондон тарта дүйнөнүн көп өлкөсүндөгү укук коргоо органдары жаңы курал менен жабдыла баштаган.

Мындай октор дайыма эле желимден жасала бербейт. АКШда бул сыяктуу ок-дарыларды "кинетикалык заряддын соккусу" деген термин менен атап коюшат. Алар жыгачтан, желимден, калың резинадан жасалат. Жакын аралыктан атса, кишиге өтө оор жаракат алып келет же өлтүрөт.

2017-жылы доктор Хаар жана бир нече укук коргоочу уюмдар кадыр-барктуу BMJ Open медициналык журналына желим октун колдонулушу боюнча чоң изилдөөсүн жарыялаган.

Авторлор дүйнө жүзү боюнча адистер жыйнаган 26 изилдөөнүн маалыматтарын сунуштаган. Желим ок колдонулганы документтештирилген 1984 учурду карап чыгышкан. Жабыр тарткандардын 15% майып болуп калган, 3% өлүм менен аяктаган. Желим ок көзгө тийген учурдун 84 пайызы сокурдукка алып келген.

Мындан сырткары адистер ички кан кетүү, баштын жана моюндун жабыркашы, сынык жана теринин жаракаттары көп болорун белгилейт.

Миннеаполисте гезиттин фотографы желим октон көзүнөн айрылды. Калифорния штатында карыган аялдын сөөгүн талкалап кеткен.

Кулак тундуруучу гранаталар

Кулак тундуруучу гранаталар жарылганда 160тан 180 децибелге жетет деп айтылат "Дарыгерлер адам укугу үчүн" уюмунун изилдөөсүндө.

Бул учурда кулак тунуп, алты саатка чейин укпай жүрүшүң мүмкүн. Андан тышкары зарядда пиротехникалык аралашма бар. Маселен, аммоний нитраты. Денедеги күйүктөр ушундан.

Мына ошондуктан Түндүк Каролина штатынын Жогорку Соту кулак тундуруучу гранаталарды "өтө кооптуу курал" деп тапкан. Бирок АКШда мындай куралдын курмандыктары тууралуу расмий статистика жок. 2015-жылы ProPublica басылмасынын иликтөөсүндө 15 жыл ичинде кулак тундуруучу гранатадан АКШда кеминде 50 киши каза тапканын жазган.

Көз ачыштырган газ

Полиция тарабынан көп колдонулган көз ачыштырган газ же анын башка түрлөрү көздү, мурунду жана оозду жабыркатат. Адистер көздүн тунук челин эле күйгүзүп, өпкөгө химиялык күйүк калтырат.

"Окумуштуулар мындай газ дем алуу системасына кандай зыян алып келери тууралуу талаштуу пикирде. Биз анын өпкөсүндө дарты бар, астмадан жабыр тарткан кишилерге зыяны чоң экенин билебиз",-дейт бул курал тууралуу китеп жазган Анна Фейгенбаум. (АbA)