Беларуста үч күндөн бери массалык акциялар уланууда

Протесты в Минске

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS

Беларуста үчүнчү күн катарынан жекшембидеги шайлоо тыянагына нааразы болгондордун каршылык жүрүштөрү уланууда. Расмий маалыматта президенттик шайлоону Александр Лукашенко утуп чыкканы жарыяланган.

Кечинде каршылык акциясы Минскинин борбордук бөлүгүнөн башка жерге жылды. Анткени, шаардын борбору күч түзүмдөрү тарабынан курчоого алынды. Нааразылык акциялар Минскинин бир нече кичи районунда өттү. Айрым жерлерде демонстранттар баррикадаларды курууга аракет кылды. Бирок милициянын атайын күчтөрү дароо талкалап салып, көп кишини кармап кетти.

Протесты в Минске

Сүрөттүн булагы, Nataliya Fedosenko/TASS

Полиция өтө катаал чара көрүүдө. Чогулгандарды кууп таратып, ал тургай балкондо туруп кыйкыргандарга дагы желим ок атып эскертүү берүүдө. Жалпысы болуп миңдей киши кармалганы айтылды. Арасында журналисттер дагы бар.

Би-Би-Синин кабарчылары дагы аскер кийимчен белгисиз кишинин кол салуусуна кабылды. Ал кабарчынын моюнуна тагып жүгөн карточкасын жулуп алып, камераны дагы тартып алууга аракет кылган.

Венесуэла сценарийи

Николас Мадуро менен Александр Лукашенко

Сүрөттүн булагы, AFP

Беларусь оппозициясы куугунда жүрүп өкмөт түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондой эле Венесуэла сценарийин кайталайт деген божомолдор айтылууда. Ага ылайык, дүйнө коомчулугу легитимдүү президент катары Лукашенкону эмес, Светлана Тихановскаяны таанышы керек, деп жазды "Коммерсант" басылмасы.

"Биз эл аралык коомчулукка кайрылабыз. Евробиримдиктин саммитин, конференция өткөрүп, кызыкдар тараптарды ал жакка чакырабыз. Албетте, биринчи кезекте Беларустун коңшуларын. Биз ал жерден шайлоону бурмалаган документтерди көрсөтөбүз. Бул шайлоолор мыйзамга туура келеби, ким шайлоону утуп чыкты, ар ким өзүнчө тыянак чыгарсын",-деген басылмага катталбай калган талапкер Валерий Цепкало. (AbA)