Европа Биримдиги эшигин ачты, тизмеде Кыргызстан жок

Европа Биримдиги 1-июлдан тарта 14 өлкөнүн жарандарына келүүгө уруксат берди. Бул тизмеде постсоветтик өлкөлөрдөн бир гана Грузия бар.

Тизмеге АКШ, Орусия жана Кытай дагы киргизилген эмес. Ал ортодо дүйнө жүзү боюнча коронавирустан өлүм-житим көбөйдү. Вирустан өлгөндөр 500 миңден ашты.

Европа бийлиги коронавирустун тарашы боюнча "коопсуз" деп тапкан өлкөлөр: Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Жапония, Черногория, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Сербия, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвай. Бул тизме дагы кошумчаланып турат деп айтылды. Ар эки аптада кырдаалга жараша кошуп же кемитип турушат.

Дипломатиялык булактар Кытай дагы коопсуз өлкөлөрдүн катарына кириши мүмкүн деп кабарлады. Ал үчүн алды менен Кытай Европанын өзүн коронавирусту оздуктаган коопсуз аймак катары таанышы керек.

Кыргызстанды кооптондурган абал

Кыргызстанда он күндөн бери инфекциянын жаңы учурлары көп катталууда. Өткөн сутка ичинде жети бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бүгүн президент С.Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, өзгөчө кырдаал абалы киргизилбей турганын айтты.

30-июнга карата өлкө боюнча СOVID-19 жуктуруп алган жаңы 279 учур катталды.

  • Бишкек ш. - 182
  • Чүй облусу - 36
  • Ош ш. - 1
  • Ош облусу - 1
  • Нарын облусу - 10
  • Жалал-Абад облусу - 7
  • Ысык-Көл облусу - 18
  • Талас облусу - 15
  • Баткен облусу - 9

Өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 5296 болду. Мунун ичинен медициналык кызматкерлер 830, анын 442си стационарлардан айыгып чыккан.

"Акыркы эки күндүн ичинде тез жардам кызматына төрт миңден ашык чалуу болгон. Бүгүнкү күндө, бардык 36 бригада толук иштеп жатат. Биз кошумча күчтөрдү салып, дагы 20 автоунаа даярдап жатабыз. Андан сырткары, эгерде мүмкүнчүлүк болсо, тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бардык ооруканалар кабыл алышат, негизгиси оорулуунун клиникалык абалына карайт. Бирок, көпчүлүк жарандарда оору симптомдору билинбестен же жеңил түрдө өтүп жатат. Бул жарандар стационарга жаткырылбайт",-деп белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Бразилиядагы каршылык акциясы

Оорунун тездик менен жайылышы Латын Америка өлкөлөрүндө жана Индияда күчөдү. Дүйшөмбүдө Индия бийлиги бир сутка ичинде 19 миңге чукул жаңы учур катталганын кабарлады. Бир суткада 380 киши каза тапкан.

Бразилияда бир апта ичинде рекорддук көрсөткүч катталып, 259 миң ашуун жаңы учур белгилүү болду. Соңку 24 саат ичинде 30 миң жаңы учур аныкталган. Муну менен жалпы сандар 1,3 млн. жетип, өлгөндөр саны 57,6 миң болду.

Өлкөдө президент Жаир Болсонарунун саясатына каршы нааразылык акциясы уланып жатат. Президент вирустун коркунучтуу экенин аңдабай, эч кандай сактануу чараларына барган эмес деген сындарга кабылууда. Өткөн жекшембиде каршылык акциялары өлкөнүн ири шаарларында өтүп, Болсонарунун отставкасын талап кылышты.

АКШ штаттары кайрадан карантинде

АКШнын 30 штаттында жаңы учурлар улам көп катталууда. Эпидемиянын очогу өлкөнүн түштүгү жана батышын көздөй ооду. Илдеттин өтө тездик менен жайылышы Техас, Аризона, Флорида, Түштүк Каролина сыяктуу бир нече штатта байкалды.

Жаңы учурлардын кескин көбөйүп кетишин карантин чараларынын алынганы менен түшүндүрүшүүдө. Техас губернатору Грег Эбботт вирустун жайылышы "өтө тез жана кооптуу абалда күчөп жатканын" билдирди. Бир суткадагы жаңы учурлар эки миңден беш миңге чейин секирди. Ошол эле маалда 40 жаштан ылдыйкы курактагылар арасында жуктуруп алгандар көп.

Эбботтун айтымында, акыркы суткада эле беш миң киши ооруканага түштү. Кырдаал күчөп кеткендиктен кайрадан карантин чаралары кирүүдө. (AbA)