Пандемия шартында Жеңиш парады кандай өтөт?

24-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтөт. Пандемиядан улам 9-майдан жылдырылган парад кандай шартта өтөт?

Бул дата жөн жерден тандалган эмес. Иосиф Сталиндин буйругу менен 1945-жылы 24-июнда Кызыл аянтта тарыхый парад өткөн. Албетте, пандемия шартында каалагандар парадга катыша албайт жана чет өлкөлүк коноктор дагы саналуу.

Парадга конок катары чакырылгандар алгач коронавируска анализ тапшырышы шарт. Ошондой эле коноктор бири-биринен социалдык аралыкты сактап, 1,5 метр алыста отурат. Интерфакс агенттигинин маалыматына ылайык, чет өлкөдөн келген коноктор дагы аба майдандан же мейманканалардан коронавируска анализ тапшырышат.

Жөө аскерлердин колбашчысы Олег Салюков "Красная звезда" гезитине берген маегинде, парадга катышкан жоокерлердин баары изоляцияда болгонун, анын ичинде парадга даярдык чараларга катышкан ашпозчу, механик жана башкалар дагы бар экенин белгиледи. Андан тыкшары парадга катышкандар атайын автобустар менен Кызыл аянтка жеткирилет.

Президент Владимир Путин менен чогуу трибуна тура турган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери дагы изоляцияга алынды. Өткөн аптада Bloomberg агенттиги сексенге чукул ардагер эки жумага Москванын четиндеги санаторийге жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты тастыктады.

Трибунада тургандар алдын ала текшерилгендиктен, алар беткапсыз олтурат, бирок социалдык аралык сакталат. Учурда Орусияда коронавирусту жуктургандардын саны өсүп жатканын эске алганда, Москванын мындай эрежелерди бекем сактоого умтулганы жүйөлүү.

Москванын мэри Сергей Собянин шаардыктарды парад күнү үйдөн чыкпай, телевизор аркылуу көрүүгө үндөдү. Ага карабастан парадга карата даярдыкка көп сандагы москвалыктар кызыгууда.

Парадга чет өлкөдөн кайсыл лидерлер келет?

Орусиянын тышкы иштерин эске алганда, 2010-жылы өткөн парад абдан ийгиликтүү болгон. Жеңиштин 65 жылдыгына мурдагы СССРдин курамына кирген өлкө лидерлеринен тышкары, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Кытайдын лидери Ху Цзиньтао жана башка көптөгөн коноктор катышкан. Беш жылдан кийинки парадга трибунада президент Путиндин жанында Кытайдын лидери Си Цзиньпин, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун, Монголиянын, Венесуэла, Сербия жана КМШ өлкө лидерлери турду.

Германиянын канцлери парадга катышуудан баш тартып, бирок эмдиги күнү сүйлөшүүлөргө Орусияга учуп келген.

Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга 17 башка өлкөнүн аскерлери катышат. Алар Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кытай, Молдова, Монголия, Сербия, Тажикистан, Түркмөнистан жана Өзбекстан.

Президент Путиндин басма сөз катчысы Песков парадга 12 өлкөнүн лидери катышат деп жар салды. 10-июнда Песков Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан, Сербия, Хорватия жана дүйнөлүк коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын лидерлери катышат деп маалымдаган.

Кыргызстандын президенти С.Жээнбековдун Кызыл аянттагы парадга катышуусу күтүлүүдө.

Ага карабастан парадга катыша турган чет өлкөлүк лидерлердин так тизмеси азырынча жарыялана элек. Мисалы, дүйшөмбү күнү Хорватиянын президенти Зоран Миланович парадга катышпайт деп кабарланган.

Парадда кандай куралдар көрсөтүлөт?

Жеңиш парадында жашыруун кармалган жаңы курал-жаракты көрсөтүү салтка айланды. 2000-жылдын аягында, 2010-жылдан башында Орусия изилдөөгө, аскердик өндүрүшкө көптөгөн инвестицияларды жасаган. 2015-жылы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадда Орусия Кызыл аянтка эң алдынкы аскердик системаларын ачык көрсөткөн. Алардын арасында Т-14 танкы, Т-15 аскердик унаасы, "Курганец" үлгүсүндөгү БМП жана башка аскердик техникаларга көптөр суктанган.

Бирок андан бери Орусиянын коргоо министрлиги мындай сандагы жаңы аскердик техникаларды көрсөтө алган жок.

2020-жылы өтө турган парадга 13 миң киши, 234 аскердик техника, 75 учак жана тик учактын катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле журналисттерге таратылган маалыматка ылайык, бул жолу дагы жаңы техникалар көрсөтүлөт.

Эң негизгиси адистер жаңыланган Т-90М үлгүсүндөгү танкты көрүүгө кызыкдар. Бул танк бир нече жолу көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөнү менен парадга катыша элек эле.

Андан тышкары Совет доорунда чыгарылып, кийин жаңыланган Т-80БВМ үлгүсүндөгү танк, "Деривация-ПВО" зениттик комплекси, "Торнадо-С" ракета системасы жана башка куралдар көрсөтүлмөкчү.