You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда кийинки кадам кандай болот? Орусия коронавирустан дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты
Кыргызстанда соңку суткада коронавирустун жаны 14 учуру белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарында алты учур, Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарында экиден учур, ал эми Чүй менен Баткенде бирден.
Өткөн суткада 13 бейтап айыгып чыккан. Жалпы болуп өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандар саны 1016 кишиге жетти. 12 бейтап каза таап, 688 киши айыгып чыккан.
Өлкөнүн бир катар аймактарында жарыяланган өзгөчө абал режими жана коменданттык саат алынды. Өкмөттүн карантинден чыгуу планына ылайык, ишкердиктин бир катар түрлөрүнө уруксат берилди. Бирок шаарларда коомдук транспортко уруксат бериле элек.
"Азыркы учурда коомдук транспортторду ишке киргизүү опурталдуу болуп турат. Карантин тартибинде элдин топтолушуна жол бербөө жана элдин ден соолугунун коопсуздугу үчүн азырынча коомдук транспортту ишке киргизбей туруу зарыл болуп жатат", - деди Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев.
Карантин жана өзгөчө кырдаал режими күчүндө турган кезде Бишкекте жарандарга керектүү болгон уруксат берүүчү жана башка документтер боюнча түшүндүрмө берилди.
Ишкердиктин айрым гана түрлөрүнө уруксат берилгендиктен, "карантин убагында шаар ичинде жүргөнгө негиздүү себеби жана бара турган жери көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болушу керек".
- Азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медициналык мекемелерге баруудан сырткары, шаар ичинде жүрүү чектелген
- Жаран өздүгүн тастыктоочу документ жана колго толтурулган маршруттук баракча алып жүрүшү зарыл
- Жеке ишкерлерде патент болушу керек
- Уруксат берилген экономикалык ишмердик тизмесине кирген жарандарга иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек.
Бүгүн өлкө баш калаасында кыймыл мурдагыдан жандуу. Бирок шаар жашоосу толук мурунку ыргагына түшүү үчүн бир топ убакыт керектелиши мүмкүн экени айтылууда. Кырдаал көзөмөлдө туруп, вирустун жайылышы күчөп кетпесе, 21-майдан тарта дагы бир катар ишкердиктин түрлөрүнө уруксат берилмекчи.
Бишкек шаарынын кире беришине тосмолор коюлат
Бишкектин аймагындагы бардык субъекттер санитардык эрежелерди (беткап тагынуу, колдорду дезинфекциялоо, коомдук жайларда 2 метрден кем эмес аралыкты кармоо) так сактоого зарыл.
Шаардын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Посттордо калаага кирип жаткан адамдардын температурасы текшерилет, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЧР-тест алууга укуктуу.
Шаар ичинде уруксат берилген ишмердүүлүк боюнча жүрүү үчүн жарандар жанында өздүгүн тастыктаган документ, жашаган жеринен маалым кат, салык органдарында тастыкталган иш ордунан маалым кат алып жүрүүгө тийиш.
Ишкерлерге патент менен жүрүүгө уруксат берилет.
Иштебеген адамдар туугандарына, жакындарына, дүкөнгө жана салондорго баруу үчүн кол менен толтурулган маршруттук баракчасы болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.
Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылуу маалымдалды. Шаарда медиктердин жана санитардык врачтардын 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат.
Орусия коронавирустан дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты
Орусияда акыркы суткада коронавирустун 11 656 жаңы учуру аныкталды. Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандар саны 221 344 кишиге жетти.
Дүйшөмбүдөгү маалыматтар Орусия Британия менен Италияны ашып өткөнүн көрсөтүп турат. Акыркы суткада 94 бейтап коронавирустан каза тапты. Роспотребнадзор өлкө боюнча 5,6 млн тест алынганын кабарлады. Акыркы суткада эле коронавируска каршы 188 миң тест алынды.
Британия карантинден кантип чыгат?
Борис Жонсон карантинден чыгуу планы вирустун жайылышы токтогон шартта гана ишке ашып баштай турганын билдирди.
Премьер-министр теле аркылуу кайрылуу жасап, Covid-19 вирусун эскерте турган система ишке кире турганын айтты. Ага ылайык, коркунучтун деңгээли "жашыл" көрсөткүчтөн (биринчи), "кызыл" (бешинчи) көрсөткүчкө чейин берилет. Жонсон азыр өлкө "төртүнчү деңгээлде турганын", бирок акырындап "үчүнчү деңгээлге кадам ташталганын" белгиледи.
Дүйшөмбүдөн тарта курулуш тармагында иштегендер жумушка чыкса болот. Кийинки аптанын шаршембисинен тарта көчөдө спорт менен машыгууга уруксат берилет. Азыр күнүнө бир гана жолу сыртка чыгууга уруксат. Ошондой эле британдыктарга парктарда сейилдөөгө, унаасы менен саякаттоого уруксат беришет.
Башталгыч мектептер 1-июндан тарта ачылат. Андан кийин дүкөндөр ачыла баштайт. Бирок ошол эле маалда социалдык аралыкты кармануу эрежеси кала берет. Аны бузгандарга айып пул салынмакчы.
Паб, ресторан, мейманкана жана башка коомдук жайлар июлга чейин ачылбайт. Кандай дүкөндөр биринчи ишин баштай турганы алардын ээлеген аянтына байланыштуу. (AbA)