You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түштүк Кореядагы вирустун экинчи толкуну, АКШда балдар вирустун оор түрүнө кабылууда
Дүйнө боюнча Covid-19 вирусуна кабылгандар саны төрт миллиондон ашты. Айрым мамлекеттердин карантин чектөөлөрүн жеңилдеткени вирустун жайылышына түрткү болду.
Түштүк Кореяда вируска кабылгандардын саны кайрадан өсүп жаткандыктан, бийлик ресторандарды кайрадан жапты. Көрсө, вирусту жуктурганын билген киши Сеулдун бир нече ресторанына барган экен.
Өлкөдө 34 жаңы учур катталып, президент Мун Чжэ Ин вирустун жайылышынын экинчи толкуну боюнча эскертүү берди.
Германияда дагы вируска кабылгандардын саны өсүп жатат. Өлкө өткөн шаршемби күнү чектөөлөрдү жеңилдеткен эле. Германияда 667 жаңы учур катталды.
Парламент депутаты, вирусолог Карл Лаутербах көчөгө агылып чыккан тургундарды көрүп, вирус кайрадан жайылат деген пикирин айтты.
Вирустун очого болуп калган Кытайдагы Ухань шаарында дагы бир айдан бери биринчи жолу Covid-19 жуктурган жаңы учур катталды. Коронавируска 89 жаштагы карыя кабылып, анын абалы оор. Ал эми Кытай боюнча 14 жаңы учур катталды.
АКШдагы балдар вирустун оор түрүнө кабылууда
Кошмо Штаттарында Ак үйдө иштеген үч кызматкер вирусту жуктурган адам менен байланышта болгону үчүн карантинге алынды.
Нью-Йоркто болсо деми кыстыгып үч бала көз жумду. Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо вирус мутацияланды деген пикирин айтып, ал жаш балдарга дагы коркунучтуу экенин белгиледи. Мурда жаштар вирустун жеңил түрүнө кабылганы кабарланган.
Куомонун айтымында, өткөн жумада 85 жаш бала вируска кабылып, ооруканага жаткырылган. Каза тапкан үч бала коронавируска кабылганы тастыкталган эле. Бирок дарыгерлер балдардын өлүмүнө коронавирус себеп болгону азырынча так эмес экенин айтышууда.
Ошондой эле Куомо карыялар үйүндө иштегендер эки жума сайын вирусту аныктоочу тесттен өтүп турушу керек деген буйрук чыгарды. Эгерде карыялар үйүнө ээлик кылган компания кызматкерлерин тесттер менен камсыз кыла албаса, анда лицензиясынан айрылат.
Европа жана Австралия
Франция жана Испания эмдиги жумадан тарта чектөөлөрдү жеңилдете баштайт. Ишемби күнү Францияда коронавирустан 80 киши көз жумду. Бул апрель айынан берки эң төмөн көрсөткүч.
Испанияда дүйшөмбү күндөн тарта чектөөлөрдү жеңилдетүүнүн биринчи баскычы күчүнө кирди. Эми тургундар көчөгө чыга алат жана 10 кишиге чейин топтошууга уруксат берилди. Бирок Мадрид, Барселона сыяктуу чоң шаарларда чектөөлөр күчүндө кала берет.
Австралияда жекшемби күнү 10 киши парламент алдында карантин чараларына каршы демонстрация уюштурганы үчүн камакка алынды. Нааразылык акцияга 150 чукул киши катышып, алар социалдык аралыкты сактоо эрежелерин бузган. Карантин чектөөлөрүн бузгандарга 1600 австралиялык доллар (1045 АКШ доллары) айып пул салынат.
Австралияда дагы чектөөлөрдү баскыч менен жеңилдетип жатат. Июль айынан тарта чектөөлөрдү көбү алынып, экономиканы калыбына келтирүү чараларына өтөт.