You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: чач тарачтарды ачуунун жаңы эрежелери
Кыргызстандын өкмөтү коронавирустан улам бир нече аптадан бери токтоп калган ишкердикти кайра жандантуунун планын жарыялап, 1-майдан тарта чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрүнө уруксат берген (толук тизмени шилтеме аркылуу көрүңүз).
Германия дагы карантин чараларын жеңилдетип, чач тарачка уруксат берди. Бирок мындай жайларда журнал окуп, күтүп олтурууга орун жок. Сакал алууга тыюу салынат жана чач тарачтын ичинде беткап менен жүрүү керек. Беткап кийип жүрүү дегенде, аны кулакка илип коюп, ылдый түшүрүп салуу эмес. Кардар жана чач тарач дагы сөзсүз беткапты туура кийиши шарт.
Ошондой эле кардарлар бири-биринен 1.5 метр аралыкта олтурушу абзел. Кардардын чачы жуулганга чейин чач тарач колкап кийип жүрөт.
Германиянын экономика министри кардар менен чач тарач бири-бирин тик карабай, күзгүнү карап сүйлөшүүгө үндөйт. Себеби чач тарачта эки бейтааныш адам бири-бирине жакындайт. Бул вирусту жайылтуу коркунучуна алып барат.
Чач тарач кардардын номурун жана аты-жөнүн жазып калышы керек. Кийин кандайдыр бир маселе жаралса, кардарды тез аныктап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Испанияда дагы чач тарачтарга 4-майда тарта кардар кабыл алууга уруксат берилди. Бирок алар мурдагыга салыштырганда, 30 пайыз гана кардарды кабыл алат.
Айрым чач кырккан адистер бул эрежелерди сактоо татаал экенин айтышууда. Мисалы Англиядагы чач тарач иштеткен Алисон Бадрик, беткап кийген кардардын чачын кантип кыркасың деген суроо жолдогон.
"Бетке жабышкан беткап чыгарышпаса, кантип чач кыркабыз",-дейт ал.
Өкмөт эрежелерди сактоону талап кылууда. Айрым чач тарач салондору ар бир кардарга 15 мүнөт кошумча убакыт берип жатат. Ошондо бир кардар экинчи кардар менен кездешпейт.
Ошол эле учурда мындай шартта чач тарачка баруу кымбаттайт деген эскертүүлөр дагы айтылууда. Мындай эрежелер чач тарачка баруу маданияты дүйнө жүзүндө өзгөрөт дегенди билдирет.
Германиядагы жаңы эрежелер:
- Чач тарачка алдын ала жазылып туруп баруу
- 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо
- Кардар менен чач кыркып жаткан адис беткап кийип жүрүшү шарт
- Кардар менен чач кыркып жаткан адис бири-бири менен күзгү аркылуу гана сүйлөшөт
- Фенди болушунча аз колдонуу, мүмкүн болсо такыр эле колдонбой коюу
- Чач тарач салонунун терезелери ачылып, таза аба айланып турушу керек
- Кайчы жана башка аспаптар дезинфекцияланышы шарт
- Кардарлар салонго кирип жатып, колун самындап жууйт
- Кардарга чач тийбесин деп жабылган халат/кездеме улам жуулуп турушу зарыл
Булак: Berufsgenossenschaft für Gesundheitsdienst und Wohlfahrtspflege