You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дарыгерлерди чочулаткан коронавирустун жаңы симптомдору
- Author, Зои Клэйнман
- Role, Кабарчы, BBC News
Испаниянын дарыгерлери жарыялаган изилдөөдө Covid-19 вирусуна кабылган бейтаптардын жаңы симптомдору көрсөтүлөт. Темгилдин беш түрү негизинен жаш бейтаптарда пайда болгон, бир нече күндөн кийин жоголгон.
Денеге чыккан бүдүр-бүдүр темгил вирустун симптому катары эсептелгини чоң деле ачылыш эмес. Мисалы, суу чечек илдетине кабылганда денеге кызык темгил чыгат.
Окумуштууларды таң калдырканы Covid-19 вирусунан денеге темгилдин беш башка түрү чыкты. Учурда денеде пайда болгон темгил вирустун симптому катары саналбайт. Ага карабастан дарыгерлер башка симптомду көрсөтпөсө дагы, коронавируска кабылган бейтаптардын буттарынын манжаларына кызыл темгил пайда болгонун маалымдашкан.
Ал эми Испанияда жүргүзүлгөн изилдөөнү жетектеген Игнасия Гарсия-Довал, коронавирусту жуктурган бейтаптардын курсагына кызарып чыккан темгил пайда болгонун белгиледи.
"Темгилдин көп түрү чыкканы адаттан тыш көрүнүш. Бүдүр-бүдүр болгон кызыл темгил бейтап вирусту жуктургандан кийин кеч пайда болот. Ошондуктан аны вирусту аныктоочу симптом катары пайдаланса болбойт",-деди дарыгер Гарсия-Довал.
Изилдөө деми кыстыгып ооруканага кайрылган бейтаптарда жүргүзүлгөн.
Испаниянын дерматологдорду бейтаптарда байкалган темгилдин беш түрү менен бөлүштү:
- Кол жана буттагы симметриялык эмес, кычышкан же ооруткан кызыл темгил. Негизинен жаш балдарда пайда болгон, 12 күндөн кийин жоголгон. Темгил вирустун жеңил түрүнө кабылгандарда байкалган.
- Курсакка жана санга чыккан кичинекей ыйлаакча. Көп учурда кычышып бейтапты кыйнаган. Мындай ыйлаакчалар жашы ортолоп калган бейтаптарда байкалган, он күндөн кийин жоголгон.
- Колдун манжаларында же денеде пайда болгон ак же кызгылт темгил, көп учурда кычыштырат.
- Курсакка чыккан бүдүр-бүдүр кызыл темгил бейтаптардын дээрлик жарымында пайда болгон. Темгил жети күндөн кийин жоголгон жана вирустун оор түрүнө кабылган бейтаптарда пайда болгон.
- Денеде тор сыяктуу көрүнгөн кызыл же көк темгил. Бул кан начар жүгүрүп жаткандын белгиси. Мындай темгил негизинен вирустун оор түрүнө кабылган карыя бейтаптарда байкалган.
Дарыгерлер адамдын денесине темгил көп себептен пайда болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Эгерде кандайдыр бир темгил пайда болгонун байкасаңыз, тынчсызданбай, дүрбөлөңгө түшпөй дарыгерден кеңеш алыңыз.
"Изилдөөнүн максаты кишилер өз алдынча диагноз коюуга мүмкүнчүлүк түзүү эмес. Изилдөө коронавирустун организмге таасири тууралуу маалымат топтоо максатын койгон",-деди Британиянын дерматология бирикмесинин башчысы Рут Мёрфи. (AT)