You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тажикстандан келген төрт студенттен Covid-19 аныкталды
Кыргызстандын расмийлери өлкө боюнча бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 28 учуру аныкталганын билдирди. Алардын бешөө сырттан келгендерден табылды, деди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
"Жаңы катталган учурлардын ичинен беш учур сырттан келген. Бир бейтап Дубайдан учуп келген болсо, төртөө Тажикстандан келгендер. Алар Дүйшөмбү жана Хужанд университеттеринин студенттери", - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Өлкө боюнча коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 871 киши, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду. Бүгүнкү күнгө чейин 614 айыккан.
"Көптөгөн жаңы байланышта болгон жактар текшерүүлөрдүн, убагында алынган анализдердин жана жаңы байланышкандар тууралуу маалыматтардын жыйынтыгында табылган. Мисалга, республика боюнча илдетке чалдыккан 228 адам байланышта болгондор, алар үй очокторунда ооруну жуктуруп алган. Ошондой эле жумушта жүргөндөрдүн арасынан да байланышта болгондор бар. Айрымдары өзүнүн байланыш баракчасын толугу менен бербей жатат, мындай учурда бардык жактарды аныкташ үчүн бизге укук коргоо органдары көмөктөшүүдө", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды алдын алуу чараларын сактоого чакырууда.
"Социалдык аралык, беткап тагынуу жана өздүк гигиена оорунун алдын алууда абдан жөнөкөй, бирок өтө маанилүү эрежелер болуп саналат. Эгерде жарандар керектүү алдын алуу чараларын так сактабаса, оорунун экинчи толкуну башталышы мүмкүн",- деп билдирди Үсөнбаев.
Кенебестикпи же маалымат жашыруубу?
Кыргызстандын коңшусу Тажикстан апрелдин ортосуна чейин эле Covid-19 вирусунун бир дагы учуру катталган эместигин айтып келген.
Тажикстандын интернет желесинде өлкөдө Covid-19 жугузуп алгандар болушу мүмкүн деген ушак кептер катуу талкуу жаратканы менен расмийлер муну четке кагып турду.
Тажикстанга коңшу өлкөлөр өзгөчө абал киргизип, жарандарын үйдөн чыкпоого чакырып жатканда, Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндөгү агым мурдагыдай эле болуп турду. Чектөөлөр киргизилген жападан жалгыз жай - борбордук стадион. Өлкө футболдук беттештерди күйөрмандары жок өткөрүүнү чечкен.
Дүйшөмбүдө социалдык аралыкты кармоо жана беткап менен жүрүүнү эл аралык уюумдун кызматкерлери гана аткарып келген. Өлкөдөгү эки миллион окуучу жана студенттер окуусун токтоткон жок.
USAID өкүлү Жошуа Карнс Covid-19 боюнча басма сөз жыйынында тажик бийлиги маалыматты жашырып жатат дегенге эч кандай негиз жок деп айткан эле.
"Маалыматтарды берүүдө Тажикстандын ачык экенине эч кандай күмөнүм жок. Балким азырынча коронавирус жуккан учурларды аныктай элек. Менимче, Тажикстан тест алууну күчөтүшү керек",- деген эле Карнс.
Тажикстан формалдуу түрдө чек араларын жапкан жана эл аралык аба каттамдарын токтоткон. Ошентсе деле чек ара жабыла элек мезгилде күн сайын жүздөгөн киши сырттан кирип-чыгып турганы айтылган эле.
Вирус майдын башынан тарта массалык түрдө аныктала баштаганы айтылды. Учурда 293 кишиден табылды. Беш киши каза тапканы кабарланууда. Вирус жуктуруп алгандар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. (AbA)