Дүйнөдө эмгекке жарамдуу калктын жарымы жумушсуз калабы?

Рабочий

Сүрөттүн булагы, EPA

БУУнун Эл аралык эмгек уюмуна ылайык, коронавирус түзгөн экономикалык кырдаалдан улам дүйнөдө эмгекке жарамдуу калктын жарымы жумушсуз калат. Ошондо бир жарым миллиард киши маянасынан айрылат.

Негизинен эмгек келишими жок жумушка киргендер, тейлөө тармагы менен азык-түлүк чыгарган компанияларда иштегендер коркунучта. Пандемия башталганда эле бул тармакта иштегендер орточо эсеп менен 60 пайыз маянасынан айрылган.

"Миллиондогондор жумушсуз калса, алар азык-түлүк ала албай, келечеги коркунучта болот. Учурда дүйнөдө миллиондогон компаниялар жабылуу алдында турат. Аларга эң негизгиси арзан насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул багытта жардам бербесек, алар жабылат",-деди Эл аралык эмгек уюмунун башчысы Гай Райдер.

Европа Биримдиктин мурдакы абалына келүү аракети

Европа Биримдиги пандемиядан кийин Биримдиктин аймагындагы кыймылды жандантуу планын түзүп жатат. Азыр ички чек аралар жабылып, мурункудай эркин жүрө албай калышты. Туризм тармагы Европа мамлекеттеринин экономикасына болжолу менен 10 пайыздай салым кошот. Ошондуктан Европа Биримдик ичиндеги жана чет жактан келген туристтердин агымын жандантуу маанилүү кадамдардын бири.

Франция май айында туризмге болгон чектөөлөрдү жеңилдетүүнү көздөп турат. Беткап кийген кишилер 100 чакырым аралыкка чейин саякаттоого уруксат алышат. Ошондуктан Париж шаарындагы темир жол бекеттеринде тургундарга 500 миң беткап таратылды.

Волонтеры раздают маски на станции в Париже

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыктыярчылар Парижде беткап таратышууда

Германия дагы тургундарга беткап таратып, 14-июнга чейин чет өлкөгө чыгууга тыюу салды. Биримдикке кирген башка мамлекеттер сыяктуу эле Германия дагы айрым чек ара өтмөктөрүн жаап, 240 миңге чукул жарандарын чет өлкөлөрдөн мекенине кайтарган эле.

Андан тышкары Германия Польшадан чек ара аркылуу өтүп келген жумушчуларга карантин чараларын жеңилдетти. Бул жумушчулар күн сайын чек араны кесип өтүп, Германияда иштейт. Бирок Польша дагы деле карантин чараларын жеңилдете элек. Башка мамлекеттерден кирген кишилер 14 күн бою милдеттүү түрдө карантинде жатат. Бул саясат Польшадагы Германия менен чектеш шаарлардагы нааразылык акцияларына себеп болду.

Европага чет өлкөдөн келген туристтерге кандай шарт түзүлөрү белгисиз. Франция менен Испания июнь айына чейин эс алуу жайлары жабык бойдон кала берет деп билдирген.

АКШда коронавируска кабылгандардын саны миллиондон ашты

Коронавирус жуктуруп алгандар саны боюнча АКШнын жагдайы дале оор. Covid-19 вирусунан каза тапкан америкалыктар саны Вьетнам согушундагы жоготуулардан дагы ашып кетти.

Умерший от коронавируса в США

Сүрөттүн булагы, AFP

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда коронавирустан өлгөндөр саны 60 миңден ашты. Вьетнамдагы 20 жылга созулган согушта АКШ армиясындагы дайынсыз кеткендер, туткунда каза тапкандар жана курман болгондор 58 миң чамалуу болгон.

2020-жылдын биринчи кварталында АКШнын ички дүң өндүрүмү 4,8 пайызга кыскарды. Эксперттер өлкөнүн экономикасы алты ай бою төмөндөйт деп болжошууда. Марттын аягында эле 26 миллион киши жумушсуз калганын айтып, өкмөттөн жөлөк пул сураган. Экономисттер статистика толугу менен анализденгенден кийин АКШнын абалы мындан дагы оор экени тастыкталат деп айтышууда.

Майк Пенс в клинике Майо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вице-президент Майк Пенс ооруканага беткап кийбей барганы үчүн сынга кабылды

Президент Дональд Трамп болсо 1950-жылдары кабыл алынган мыйзамды колдонуп, эт комбинаттарынын ишин токтотпоого буйрук берди. 1950-жылдары Корей согушу учурунда калкты үзгүлтүксүз азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн эт комбинаттары коргонуу ишканалар менен теңелген. Бул мыйзам президентке өзгөчө ыйгарым укуктарды берип, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин бир нече эт комбинатында 30 миң жумушчуга коронавирус жугуп, жыйырма кызматкер каза тапкан. Мындан улам өлкөдө эттин баасы кескин кымбаттаган.

Ал аңгыча, АКШнын президенти Трамп Кытай анын шайлоодо жеңилип калуусуна "болгон аракетин жумшап" жатканын билдирди. Эки өлкө бир нече апта бою коронавирус боюнча кайым айтышып келет.

"Рейтер" агенттигине берген маегинде президент Трамп алдыдагы шайлоо анын Covid-19 вирусу менен күрөштөгү чараларына карата референдум болорун айтты.

Китай

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайлыктар кадыресе турмушуна кайтып барууда

Кытайда болсо коронавируска байланыштуу абал турукташты. Бүгүн өлкөдө Covid-19 вирусун жуктурган 22 жаңы учур катталды, бирок 21 бейтап вирусту чет мамлекетте жуктурган.

Вьетнам менен Түштүк Кореяда вируска кабылган жаңы учурлар катталган жок. Вьетнамдын бийлиги 13 күн катары менен жаңы учур каттала электигин маалымдады. Бул өлкөдө бир жума мурун карантин чаралары жеңилдетилген. (AT)