"Блумберг": мунай боюнча Орусия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы келишпестик

Орусиядагы мунай иштеткен жай

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сауд Арабиясы менен Орусия мунай өндүрүшүн кыскартуу шарттары боюнча келише албай турганда, дүйнөлүк баа дагы түштү.

ОПЕК+ уюму жетишкен мунай өндүрүшүн кыскартуу келишими 1-апрелден тарта токтотулду. Коронавирус пандемиясынын шартында мунайга болгон талап январда эле төмөндөп баштаган. Кийин уюмга мүчө өлкөлөр баалар боюнча келише албай калганда, орусиялык Urals баалары 1999-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөдү. Бир айдын ичинде сапатына карап, баррелине 50дөн 13 долларга чейин түштү.

ОПЕК+ уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн 6-мартта өткөн соңку жыйынында келишимдин акыркы шарттары боюнча пикир келишпестик чыккан эле. Орусия мунай өндүрүшүн кыскартууга каршы болсо, Сауд Арабиясы талап азайгандыктан, кыскартуулар болушун талап кылган.

Орусия менен Сауд Арабиясы 6-апрелде видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүшү керек эле. Бирок бул жыйын 9-апрелге жылды.

Келишим токтой элек маалда эле саудиялык Saidi Aramco мамлекеттик компаниясы баа согушун баштап жиберген. Сатып алуучуларга жеткирүүнү 25 пайызга көбөйтүп, арзандатуулар тууралуу жарыялады. Орус тарап өндүрүштү 3 пайызга өстүрө аларын билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн майнапсыз болушу дүйнөлүк базардагы мунайдын баасына таасирин тийгизди. Ошол эле маалда орусиялык рублдун долларга карата баасында секирик болду. Бир доллар 81-82 рублге жетти. Бирок соңку бир нече күндөн бери 76-78 рубль тегерегинде кармалууда.

"Блумберг" агенттиги булактарына шилтеме берип, Орусия менен Сауд Арабиясы мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча жаңы шарттар боюнча келише албай жатканын жазды. Агенттиктин маалыматына таянсак, тараптар сүйлөшүүлөргө АКШнын дагы аралашуусун каалап турушат.

Ушул аптанын жума күнү G20 өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жолугушуу өткөрөт деп күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн максаты - мунай өндүрүшүн 10 пайызга чейин кыскартуу.

АКШ президенти Дональд Трамп мунай өндүрүшүн кыскартуу тууралуу пикирин билдире элек. Өткөн ишембиде Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында, ОПЕК уюмуна өмүр боюу каршы туруп келе жатканын айтып, аны монополия катары мүнөздөдү. 3-апрелде орус президенти Путин ОПЕК жана АКШ кошулган шартта гана мунай өндүрүшүн суткасына болжолу 10 млн баррелге чейин кыскартууга барууга даяр экенин айтты. (AbA)