Коронавирус: Балдарды достору менен ойногонго жиберсе болобу?

Сүрөттүн булагы, Alamy
- Author, Роберт Левинсон-Кинг
- Role, BBC News, Торонто
Дүйнөдө мектептер, бала бакчалар жабылап жатканда ата-энелер жаш балдарын үйдө камап кое албай кыйналууда. Ошондо балдарды достору менен ойноп келүүгө жөнөтсө болобу?
Катерина Уилсон убакытты артка жылдыра алса, ал эки апта мурун туугандарынын үйүнө конокко барбай коймок. Covid-19 вирусу Италияда тез жайылып жатканда, эки баланын энеси Катеринаны туугандары конокко чакырган экен. Ал учурда Италияда карантин абалы жарыялана элек эле.
"Күйөөм менен акылдашып, бирөөнүн батиринде чыкпай отурабыз. Эч коркунуч жок деген тыянак чыгарганбыз",-деп айтты ал Би-Би-Сиге.
Чынында Катерина Уилсон башка италиялыктардай эле мектептердин жабылганын эс алуу катары кабыл алган.
"Сонун, мурда барууга убакыт болбой жаткан паркка барып, ойноп, көңүл ачып келели деген ой келген",-дейт Катерина.
Бир нече күндөн кийин Италиянын өкмөтү бүтүндөй өлкөдө карантин жарыялады. Коомдук жайлар, парк жана көңүл ачуучу борборлор толугу менен жабылды.
"Бардык коомдук жайлар жабылганы көп маселени жеңилдетти. Балдарым соода борборлору, көңүл ачуучу жайлар жабык экенин түшүндү, тааныштарым дагы чакырбай калды",-дейт Катерина.

Сүрөттүн булагы, Katherine Wilson
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы ата-энелер Уилсондун үй-бүлөсү сыяктуу эле эмне кылуу керек экенин билбей турушат. Бир четинен жаш балдарды үйдө камап коюу абдан татаал. Ошол эле учурда расмий адамдар кишилердин бири-биринен алыс болууга, учурашпоого чакырууда.
Ошондо балдар теннис ойносо эчтеке болбойбу? Паркка барып, сейилдеп келсечи? Баламды досунун үйүнө жөнөтүүгө болобу?
Доктор Кери Алтхофф эпидемиология боюнча профессор. Окумуштуу кишилер бири-биринен эки метр аралыкты кармашы керек экенин белгилейт. Бул эреже чоң киши менен балдарга дагы тиешелүү.
Ошондо футбол, баскетбол сыяктуу спортту токтотуу керек. Теннис же жашынмак сыяктуу оюндарда балдар бири-бирине жакындабайт деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок аларды көзөмөлдөп туруу абдан татаал экенин дагы эске алыңыз.
Вирус желимден жасалган жылгаякта же оюн аянтчасындагы оюнчуктарда бир нече күн бою жашай алары далилденген. Демек, жаш балдарды оюн аянтчаларына алып баруу абдан кооптуу, дейт окумуштуу Кери Алтхофф.


Балдар Covid-19 вирусун жеңил көтөрөт. Көп учурда жаштарда вирустун симптомдору байкалбайт. Ага карабастан жаш балдар вирусту көтөрүп жүрүп, жайылта берет. Карыялар коронавирусту небелеринен жуктуруп алышы ыктымал.
"Ата-энелер дагы коргонушу керек. Бул абдан олуттуу маселе",-дейт профессор Алтхофф.
Окумуштуу мамлекет лидерлерин, элди эки метр аралыкты кармоо эрежеси маанилүү экенин кеңири жайылтууга үндөйт.
"Азыркы аракетибиздин жемишин эки-үч же төрт жумадан кийин гана сезебиз",-дейт Алтхофф.
Карантин абалы жарыяланбаса дагы, ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, коомдук жайларга болушунча аз убакытка барууга умтулганы туура.
Окумуштуу Алтхоффтун айтымында, ата-энелер алдын ала даярданып, бир нече жума бою балдарын үйдө кармап туруу ыкмаларын ойлошу керек.
"Капысынан эле балдарды көчөгө чыкпагыла, үйдө отургула деп койсоңор болбойт. Бул баланын көңүлүн түшүрөт. Ошондуктан ата-энелер алдын ала даярданышы керек",-дейт ал.
Окумуштуулар изоляцияда болуунун өзү жакындарыңар менен байланышты үзгүлө дегенди билдирбейт дешет. Албетте, көчөгө чыгып, таза абада дем алып келүү маанилүү. Жакындарыңыз менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн же көчөгө чогуу басып келсе болот. Бирок эки метр аралыкты кармоо эрежеси сакталышы зарыл.
Ангела Пайл Торонто шаарынын тургуну жана билим берүү тармагында иштейт. Пайл айымдын жети жаштагы кызы бар. Карантин учурунда ал кызы менен сабак окуп, ошол эле учурда эркин убакыт дагы берет.
"Үйдө отуруп сабак, китеп окуйбуз. Көбүрөк эркин убакыт берем, кызым куурчактары менен ойнойт. Көчөгө чыгып басып келебиз, велосипед тебебиз. Бирок кишилер көп топтолгон парктарга барбайбыз, башкалардан эки метр аралыкта жүрөбүз",-дейт Ангела Пайл.
Пайл айым көчөгө кагаз жана калем алып, кызын улам кызыктырууга аракеттенет. (AT)









