You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Африканы чегиртке каптады. Фото
Африканын чыгыш тарабын жана Түштүк Азияны жүз миллиарддаган чегирткелер каптады. Бул чейрек кылымдан берки эң олуттуу көйгөй катары каралууда. Чегиртке каптаган аймактарда айыл чарбасы коркунуч алдында калды.
Чегирткелер күнүнө өзүнүн салмагына барабар азык жейт жана өтө тез көбөйөт. Айрым эксперттер Африканын чыгыш тарабын жана Түштүк Азияны каптаган чегирткелер июнь айына чейин төрт жүз эсеге көбөйөт деп жоромолдошууда.
Январь айында Бириккен улуттар уюму чегирткеге байланыштуу кризис менен күрөшүү үчүн 76 миллион доллар каражат керек экенин жарыялаган. Эми кризичти жайгаруу үчүн 138 миллион доллар зарыл экени белгиленүүдө.
Бирок азырынча 52 миллион доллар гана чогулду. Анын 10 миллион долларын Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин фонду которду.
Чегирткелер негизинен Африканын чыгыш тарабы, Йемен, Иран, Пакистан жана Индияга коркунуч жаратууда.
Чегирткелер Конго, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Иранга чейин жетти.
Чегирткелерди жок кылуу үчүн учактардан химиялык зат чачылганы менен, азырынча андан майнап жок.
Кытайдын өкмөтү февраль айында коңшу Пакистанга эксперттерин жөнөткөнүн жарыялаган. Алар чегиртке менен күрөшүү жолдорун сунуштамакчы.
Ошондой эле чегирткелердин санын кыскартуу үчүн 100 миңге чукул өрдөк керек экени дагы кабарланган. Окумуштуу Лу Лижинин айтымында, тооктор күнүнө 70 чегиртке жей алса, өрдөктөр андан үч эсе көп сандагы чегирткени жей алат.
.