You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытай: көз жоосун алган муз фестивалы
Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Харбин шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык муз фестивалы 5-январда башталды.
Харбин шаарында жыл сайын дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы өтөт. Муздан жасалган айкелдерди көрүүгө миңдеген турист агылып келет.
Дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалында 220 миң куб метр муз жана кар колдонулду.
Фестивал 1963-жылы негизделген, бирок бир нече жылдан кийин токтоп калган. 1985-жылы кайрадан ачылып, жыл сайын өтүп келет.
Өнөрпоздор жада калса муздан поезд жасашты.
Муздан айкел жасоо жеңил эмес, өнөрпоздор ар бир кыймылына көңүл бурушат. Муз жакын арада жайгашкан дарыядан алып келинет.
Айкелдерден көргөндөн тышкары туристтер жылгаяк тээп, хоккей же карда футбол ойной алат.
Бул спорт түрүн жактырбасаңыз, фестивалдын алкагында Сунгари дарыясындагы муздак сууда жарыш дагы болот.
Харбин муз фестивалы 25-февралга чейин уланат.
.