You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталабы? Иран генералынын өлүмү эмнеге алып барат?
АКШнын аба соккуларынан Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Касем Сулеймани өлтүрүлдү.
Генерал Сулеймани туулган Керман шаарында жерге берилди. Анын тажыясына жүз миңдегендер чогулду. Топтолгондордун көбү генералдын сүрөтүн жана кызыл желекти көтөрүп турушту. Шийит салтына ылайык, кызыл желек согушка даяр экенин көрсөткөн белги. Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты бир нече күндөн бери уланууда.
Алтымыш эки жаштагы Касем Сулейманинин Ирандын аскердик жетекчилигинде олуттуу орду бар эле. Америкалык аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, Касем Сулеймани жана анын "Кудс" күчтөрү курман болгон америкалык жүздөгөн аскер жана эл аралык коалициянын аскерлери үчүн жооптуу. АКШнын айтымында, Сулеймани Иракта жайгашкан америкалык дипломаттар менен аскерлерге каршы чабуул уюштурууга даярданып жатканда өлтүрүлдү.
Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы Жонатан Маркус генералдын өлтүрүлүшүнөн кийин жаралган суроолорго жооп издеди.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанышы мүмкүнбү?
Айрым талдоочулар Сулейманинин өлтүрүп, АКШ Иранга каршы "согуш абалын жарыялады" деп баалашууда. Бирок бул кадамдан улам Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат деп айтуу катачылык болот. Анткени дүйнөдөгү ири державалар, Кытай менен Орусиянын бул окуяда чоң деле ролу жок.
Ага карабастан генералдын өлтүрүлүшү Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы келечектеги ролун аныкташы ыктымал. Иран жооп кайтарабыз деп билдирди. АКШ менен Иран бири-бирине каршы сокку уруп, региондогу туруксуз абал кескин курчушу ыктымал. Ал эми аймактан аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөгөн Кошмо Штаттары, тескерисинче кызыкчылыктарын коргоо үчүн көп сандагы аскерлерди Жакынкы Чыгышка жөнөтүп калышы мүмкүн.
АКШнын кадамы эл аралык мыйзамдарга каршы келеби?
АКШ генерал Сулеймани Ирактагы америкалык аскерлерге каршы чабуул уюштуруп жаткан деп жүйөө кармап келет. Кошмо Штаттары Ирак бийлигинин өтүнүчүнөн кийин аскерлерин өлкөгө жөнөткөнүн дагы эске алуу керек.
Ал эми генерал Сулеймани жетектеген "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүн АКШ террордук уюм катары тааныган. Ошондуктан Сулейманинин өлтүрүлүшү АКШнын мыйзамдарына каршы келбейт. Бирок эл аралык мыйзамдарды эске алганда, айрым юристтер АКШнын кадамы мыйзамсыз экенин айтышууда.
"Өзүн коргоо үчүн алдын ала чара көрүп, бирөөнү өлтүрүү мыйзамсыз экени талашсыз. Бириккен улуттар уюмунун жобосунда так жазылуу. Өзүн коргойм деген мамлекет куралдуу чабуулга гана жооп кайтара алат. Багдадда дрон менен генерал Сулейманини өлтүрүү кандайдыр бир чабуулга жооп болгон жок. Иран Америка Кошмо Штаттарына кол салган эмес. АКШ адамды сотсуз өлтүрүүдөн тышкары, Ирактын аймагында чабуул жасап, эл аралык мыйзамды бузду",-деди юридика илимдеринин профессору Мэри Эллен Оконнел.
Бириккен улуттар уюмунун позициясы кандай?
Бириккен улуттар уюмунун айрым өкүлдөрү жеке позициясын билдирди. Бул суроого жооп берүүнүн алдында, "БУУнун позициясы" дегенде эмнени айтып жатканыбызды аныктап алышыбыз керек.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин позициясын сурап жатсак, анда кайчылаш пикирден улам Коопсуздук кеңеши бир позицияга келе албайт. БУУнун баш катчысы Гуттериш болсо Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын билдирди.
"Ушундай учурда өлкө лидерлери болушунча сабырдуу болгону туура. Дүйнө коомчулугу Жакынкы Чыгышта дагы бир согушту көтөрө албайт",-деди Антониу Гуттериш.
Иран өзөктүк курал жасайбы?
Жок. Иран өзөктүк долбоору тынчтык максатында экенин айтып келет. Бирок Тегеран 2015-жылы жетишилген өзөктүк курал боюнча келишимден чыгып, уранды байытуу боюнча чектөөлөргө баш ийбей калганын жар салды.
Ага карабастан Иранга каршы санкциялар алынып, өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынса, Тегеран Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга даяр экенин айтууда.
АКШ болсо бул келишимден 2018-жылы бир тараптуу чыгып кеткен болчу. 2015-жылы жетишилген келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган эле. (AT)