You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путин бийликте турган 20 жыл 20 сүрөттө
Владимир Путиндин Орусия бийлигинин башына келгенине 20 жыл толду.
Мурдагы КГБнын агенти 1999-жылы 31-декабрда президент катары кызматка киришкен. Ал учурда АКШны Билл Клинтон башкарып жаткан эле. 20 жылдын ичинде АКШ үч жолу президентин алмаштырды, Британияда болсо беш жолу премьер-министр өзгөрдү.
Глобалдык конфликт, ички саясаттагы тирешүүлөрдөн тарта спорттогу ийгилик менен пропаганда үчүн тартылган сүрөттөр - Би-Би-Си жыйырма жылда Путинди мүнөздөгөн жыйырма сүрөттү тандады.
Орусия 1999-жылы октябрь айында "Экинчи чечен согушун" башталганда Владимир Путин премьер-министр кызматында болчу. Бир нече теракттан кийин Орусия Чеченстандагы аскердик операциясын баштаган эле.
Владимир Путиндин президенттик кызматы Чеченстандагы чуулгандуу окуялар менен башталды. Орусия Чеченстандын баш калаасы Грозныйды курчоого алып, аскердик операцияларын өткөрдү.
Орусия бир нече жыл бою террористтик чабуулдарга кабылып келди. Маселен, 2004-жылы Беслан шаарындагы мектепте 1128 киши барымтага алынып, 330 адам каза тапкан. Террорчулар орусиялык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылышкан.
Президент Путин 2009-жылы гана Чеченстандагы аскердик миссия жыйынтыкталды деп жар салган.
Владимир Путин 2000-жылы март айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок дароо дагы бир чуулу окуяга туш болду.
Суу алдында жүргөн "Курск" кемеси Баренц деңизинде кырсыкка кабылып, 118 аскер каза тапкан.
2000-жылы август айында "Курск" кемеси кырсыкка кабылганда, Орусия бир нече күн бою кемедеги аскерлердин жакындарына кабар беришкен эмес. Президент Путин болсо башында Кара деңиздеги эс алуусунан кайтып келбей, бир нече күндөн кийин гана келген.
Владимир Путинди бийликке келгенден кийин Батыш өлкөлөрү менен алакалары жакшы болчу. Бирок Путин Батыш өлкөлөрүнүн тышкы саясатын дайыма сындап келген.
2006-жылы Орусия биричин жолу "Чоң сегиздик" саммитин өткөрүп, дүйнөнүн эң алдыңкы экономикалардын бири экенин тастыктаган.
Орусиянын конституциясына ылайык, Путин үчүнчү мөөнөткө президент катары бара албагандыктан, 2008-жылы ал өлкөнүн премьер-министр кызматына дайындалган.
Ага карабастан Орусияны президент Дмитрий Медведев башкарып жатат дегенге көптөр ишенбей, ал бир гана Владимир Путиндин буйругун аткарып жатканын жүйөө кармашкан.
2008-жылы Грузия бөлүнүп кетүүнү көздөгөн Түштүк Осетияга аскерлерин жөнөткөндө, Орусия Грузиянын аймагын басып алган.
Август айындагы кыска мөөнөткө созулган согуш Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырган, бирок Орусиянын 2014-жылы Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттери Москва менен Батыштын мамилелерин бузду.
Орусия Крым аймагын басып алгандан кийин Европа Биримдиги менен АКШ Москвага каршы санкция жарыялап, Орусиянын "Чоң сегиздикке" мүчөлүгүн жокко чыгарган.
Сириядагы жарандык согуш төрт жылга созулгандан кийин, Орусия өнөктөшү президент Башар Асадды колдоп аскерлерин жөнөткөн. Президент Путиндин Орусиянын аскердик учактарын Сирияга жөнөтүү чечими согуштун нугун өзгөртүп, Асаддын бийлигин бекемдеди.
2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңишке жеткенде, Кошмо Штаттарынын чалгын кызматтары президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген дооматын билдирген.
2018-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Мэй Москва Солсбери шаарчасында мурдагы орус чалгынчы Сергей Скрипалды ууландырды деп айыптаган.
Президент Путин жыйырма жылдын ичинде пропаганда деп саналган сүрөттөрдү дагы жарыялап, алар кызуу талкуу жараткан. Бул сүрөттөрдө Путин өзүн күчтүү адам жана кубаттуу лидер катары көрсөтөт.
2014-жылы Орусия Кышкы олимпиада оюндарын өткөрүп, 2018-жылы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты дагы өткөрдү. Сочидеги оюндар абдан ийгиликтүү өткөн, бирок кийин Сочиге катышкан айрым орус спортчулары мамлекеттик колдоосу менен кызытма колдонду деген дооматтар айтылган эле. Өткөн аптада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиги Орусияны алдыдагы төрт жылда эл аралык мелдештерге катышуу укугунан ажыратты.
2018-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаты дагы мыкты өткөн. Бирок кызытма боюнча чуулгандуу окуядан улам Орусия 2022-жылы Катарда өткөн чемпионатка катыша албайт.
Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган.