Белгилүү футболчу Шинжаң боюнча Бээжинди сындады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апта башында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, лондондук "Арсенал" клубунун жарым коргоочусу Месут Өзилди "фейк жаңылыктар адашууга алып келгенин" айтты.
Футболчу Кытайдагы уйгур мусулмандардын оор тагдыры тууралуу айтып, бийликтин бул саясатын сынга алган эле. Буга Бээжин катуу ачууланды. Кытайдын телеканалдары англиялык премьер-лигадагы "Арсенал" - "Манчестер-Сити" беттешин көрсөткөн жок.
"Алар Куранды жок кылып жатышат...Мечиттерди жаап, медреселерге тыюу салышкан...Эркектерди лагерге жөнөтүп, кыздарды кытайларга зордоп турмушка беришүүдө",-деген маанайда түрк тилинде жазып, Өзил "Твиттер" жана "Инстаграм" баракчаларына жума күнү жарыялаган.
"Буга карабастан мусулман дүйнөсү үн катпай турат...",-деген футболчу.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Мунусу менен "Арсенал" жарым коргоочусу Шинжаңдагы лагерлер тууралуу айтып жатат. Бээжин лагердегилер өз ыктыяры менен окуп жатышат деп ишендирүүдө. Басылмалар абак жайлар жана сотсуз, сураксыз камакка алуулар тууралуу фактыларды ачыкка чыгарышкан.
"Алар уйгурлардын иденттүүлүгүн жок кылууга аракет кылып жатат",-деген дооматтар тынымсыз айтылып келүүдө.
Өзил фейк жана жалган маалыматтарды окуп алып, адашып жатат деп билдирди расмий Бээжин. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Өзилди Шинжаң келип, көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Кытайдагы Baidu платформасындагы футболчунун 30 миңдей күйөрман катталган атайын клубунун баракчасы өчүрүлгөн.
"Арсенал" клубу "саясаттан алыс экенин" айтып, билдирүү жасады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жекшембидеги беттеште "Арсенал" 0:3 эсеби менен өз талаасында "Манчестер-Ситиге" утулуп калды. Өзилди алмаштырган учурда кол кабын ыргытып, ачууланганын ачык эле көрсөттү.
Өзилдин чуу жараткан окуялары

Сүрөттүн булагы, AFP
Өткөн жылы Дүйнө чемпионатынын алдында Германиянын футболдук бирикмеси (DBF) улуттук курама команданын оюнчулары Месут Өзил менен Илкай Гүндогандын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга жолукканын жана бирге сүрөткө түшкөнүн сынга алганы бар. Немис басылмалары дагы бул окуяны катуу сындашты.
Эки футболчунун Эрдоган менен жолугушканын көпчүлүк немис саясатчылары дагы жактырган эмес. Алардын мындай мамилеси - Германияда кабыл алынган демократиялык баалуулуктарга болгон ишеними канчалык деген шек жаратат деп сындашкан эле.
Дүйнө чемпионтаы бүткөн соң, Өзил курама командадан кете турганын айтты.
"Биз жеңишке жетишкенде мен немисмин, бирок биз жеңилип калганда мен мигрантмын",-деген эле Өзил. (AbA)









