"Жылаңач сүрөт" мексикалык фермерлерди ачуулантты

Сүрөттүн булагы, Reuters
18+
Мехиконун көркөм искусство сарайында 1910-жылдагы мексикалык ыңкылаптын баатыры Эмилиано Сапатанын тарапташтары митинг өткөрдү. Алар Сапатанын дырдай жылаңач болуп, ат минип турган сүрөтү музейге коюлганын мазактоо катары кабыл алышкан. Анын бутунда шиш такалуу бут кийим, башында гүлдүү шляпа.
Каршылык билдирип чыккандар Айыл чарба жумушчуларынын бирикмесинин туусун көтөрүп турушту. Музейдин кире беришин тосуп алып, сүрөттү алып салууну талап кылышкан.
Фермерлердин артынан эле музейге мексикалык ЛГБТ өкүлдөрү келип, алар фермерлерге каршы акция уюштурду. Эки топ тиреше да кеткен. Жаракат алгандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Фермерлер сүрөттү өрттөп салууну талап кылды. Ыңкылап баатыры Сапатанын небереси Хорхе Сапата-Гонсалес сотко кайрыла турганын айтты.
"Биз мындайга жол бербейбиз", -деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Генерал үчүн күрөш
"Биз жакыны катары анын кумса катары көрсөтүлүп тартылган сүрөтүн генералды кемсинтүү деп эсептейбиз",-дейт Сапата-Гонсалес.
1910-жылы Эмилиано Сапата Саласар Мексиканын түштүгүндөгү дыйкандар көтөрүлүшүнүн башында турган. Алар президент Порфирио Диастын диктатурасына каршы чыгышкан.
Ыңкылаптын арты менен Мексиканын конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, дыйкандардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдар кабыл алынган. Сапата ыңкылапчылар талап кылган жер реформасынын автору болуп калды. Ошондуктан азыркы күнгө чейин Сапата көптөгөн мексикалыктар үчүн даңазалуу баатыр. Өзгөчө анын ысымын фермерлер катуу сыйлашат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Фермерлер музейдин алдында бир нече саат митинг кылышты. Алар гомофобиялык ураандарды айтып кыйкырып турушту.
"Сапата" деген теги мексикалык "Твиттерде" өтө популярдуу болуп, кызуу талкууланууда. Ал жерде ыңкылапчыл баатырдын образы үчүн күрөш жүрүүдө.
Колдонуучулар Сапатанын башкача образы көрсөтүлгөн сүрөттөрдү дагы таратышууда.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Көптөрдүн кыжырын кайнаткан эмгек Фабиана Чейрезге таандык. Ал La Revolución ("Ыңкылап") деп аталат. Музейге Сапатанын каза болгондугунун (1919-жылы өлтүрүп кетишкен) 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө коюлган экен.
Көргөзмө "Эмилиано. Сапата Сапатадан кийин" деп аталып, 141 эмгек коюлган.
Чуу жараткан сүрөттүн автору Сапатаны ушундай образда көрсөтүү идеясы - аны элдин баары эле баатыр, күжүрмөн образда көрсөтө бергенден улам жаралды дейт.
"Бул жерде эмне маселе бар? Аларга мазактагандай туюлушу мүмкүн. Болгону Сапатаны феминизимге ылайыктадым", - деди ал.
Музей сүрөттү алып салуудан баш тартты. Каршылык акциясына чыккандар күн сайын келе беришерин, сүрөт алынганга чейин акция токтобой турганын айтышты.
Көргөзмө 2020-жылдын февралына чейин уланат. (AbA)








