Жапонияны каптаган тайфун. Сүрөт

Жамгыр жана катуу шамал Жапониянын чоң аймагын кучагына алды. "Хагибис" куюну 60 жылдан берки эң кыйраткыч мүнөздөгү табият кырсыгы болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Нагано суусу жээгинен ашып, калктуу конуштарды каптады. Куткаруу иштерине тик учактар тартылган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нагано суусу жээгинен ашып, калктуу конуштарды каптады. Куткаруу иштерине тик учактар тартылган

Кеминде 35 киши каза тапты. Дагы 17 кишинин дайыны табылбай жатат, деп жазды Kyodo News. Эн-эйч-кей коомдук телеканалы 30 киши көз жумганын кабарлады.

Тынбай жааган жамгырдан кийин дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды суу каптады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынбай жааган жамгырдан кийин дарыялар нугунан чыгып, калктуу конуштарды суу каптады

Тиба префектурасында шамалдын катуу эпкини менен аласалып кеткен унаадан бир кишинин сөөгү табылды.

Жер көчкү жана суу ташкыны болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам, 7 млн. чамалуу киши үйлөрүнөн убактылуу көчүрүлдү.

Дем алыш күндөрү шамалдын ылдамдыгы 225 км/с. чейин жетти.

Бийлик 1958-жылдан кийинки эң кыйраткыч мүнөздөгү тайфун болуп калышы мүмкүн деп чочулап жатат. Анда "Каногава" тайфуну 1200 кишинин өмүрүн алган.

Токио кырсыктын очогунда болгону менен башка суу каптаган шаар, кыштактарга салыштырмалуу катуу жабыр тарткан жок. Жапония борборунун суу ташкынына каршы уникалдуу системасы болгону үчүн көп жабыркаган эмес. Миллиарддаган каражат коротуп, татаал өтмөктөрдү, түтүктөрдү куруп чыгышкан. Башка шаарлардын мындай даярдыгы болбой калды.

Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө

Сүрөттүн булагы, EPA

Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токионун чыгышы ушундай көрүнүштө
Мужчина укрепляет дверь в игорный салон в ожидании тайфуна "Хагибис" (Токио, 12 октября 2019 года)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Поезд кыймылдары жана миңдеген авиакаттамдар токтотулду.

Эн-эйч-кей кабарлагандай, 270 миңдей үй электр жарыгы жок калды. Айрым учурларда техникалык кызматтар дароо электр жарыгын калыбына келтирүүдө.

СМИ сообщали, что "Хагибис" может оказаться для Японии самым разрушительным тайфуном с 1958 года

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ишемби күндөрү бир катар эл аралык спорттук мелдештер жылдырылды. Токио тургундарына мүмкүн болушунча үйдө олтургула деп, кеңеш берип жатышат.

*