Чыңгыс хандын почта кызматы: монгол талаасындагы ат чабыш

Дүйнөдөгү эң узак жана татаал ат чабыш Монголияда өткөрүлүүдө. Ага дүйнөнүн булуң бурчунан чабандестер келди.

Бул мелдеште 1224-жылы Монгол империясы учурунда Чыңгыз хан түзүп кеткен кат-кабар жеткирүү системасы колдонулат. Тагыраагы, күлүктөрдөн мурун чабармандын эрки сыноодон өтмөкчү. Ошол доордо кат-кабарды бир эле ишенимдүү чабарман жеткириши маанилүү болгон.

"Чабандестер кырк чакырым сайын күлүгүн алмаштырып, бир миң чакырымга ат чабат. Күлүктөр кыйналбайт, чабандестер болсо чоң сыноого түшөт",-дейт жарыштын уюштуруучусу Том Морган.

Мелдеш 2009-жылдан баштап, жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Анын уюштуруу ишине эле беш жүз жергиликтүү чабан тартылат. Том Морган биринчи жолу Монголияга келип суктанып, мурдагы системаны эске салуу үчүн ат чабыш уюштуруу идеясы менен чыккан экен.

"Монголиянын жапыс тоолору, керилген талааларын башка өлкөгө салыштырып болбойт. Учу-кыйырына көз жетпеген талаанын баш-аягы жок сыяктуу. Чабандестер дагы марага жетемби деп өздөрүнө суроо беришет",-дейт Том.

Кызыгы чабандестер көчмөндөр менен жашап, күлүктөрдү дагы ошолордон алат. Ошондо дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар монгол маданиятын дагы үйрөнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Чабандестер күнүнө 14 саат ат чаап, он күндүн ичинде марага жетет. Албетте, бул оңой эмес. Чабандестер чарчап-чаалыгып, айрымдары чыдай албай жарыштан чыгып калган учурлар дагы бар.

Монгол маданиятында жылкынын орду өзгөчө. Монголдор өз жылкыларын дүйнөдөгү эң чыдамкай деп билет. Бою кичинекей болсо дагы, монгол аттары узак жолго, чаалыкпай жүрө алат.

Жарышка катышкандар күлүктөрүн өздөрү тандап алууга мүмкүнчүлүк алат. Кырк чакырым сайын, өзү каалаган жылкыны минип кетет.

"Жөн эле камчынын күчүнө салгандарга караганда күлүгүн ыгы менен чапкандар жарышта алдыга озот. Жылкылар дагы ар түрдүү. Айрымдары үйрөтүлгөн эмес. Албетте, эң жакшысы, күлүк менен чабандестин мүнөздөрү шайкеш келиш керек",-дейт Том Морган.