You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эрендердин эр оюну - көк бөрү
Кыргыздын байыртан келе жаткан, көчмөндүк жашоо образынан, жоокердик салтынан калган улуттук ат оюндарынын бири -көк бөрү.
Соңку жылдары Кыргызстанда бул оюн эрежеге салынып, атайын ат майданда өткөрүлүп келүүдө. Күйөрмандар арасында эң популярдуу улуттук оюндардын бири.
Көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган.
Кыргызстандын түштүк облустарында көк бөрүнүн кеңири тараган "Аламан" түрү чабылат. Көбүнесе мындай "Аламанда" торпокту союп (ичеги-кардын алып, туз салынып) чабышат. Салмагы 60-100кг чейин. Айрым жерлерде 30-40 кг теке чабылат.
Соңку жылдары чиновник, бизнес өкүлдөрү, аттуу-баштуу кишилер кабаттап байге сайып, "Аламан" улак чаптырып, советтик доордо токтоп калган кааданы кайра жандантышты. Калк арасында той берип, "Алман" улак чаптырмай өзүнчө чоң сөөлөт катары эсептелет. Маселен, уулду болгон кишилер сөзсүз уулуна арнап көк бөрү чаптырып, байге саймагы мурдатан келе жаткан салт болуп калган.
Акыркы учурларда үчтөн-төрттөн авто унаа, жыйырма-отуздап тай, төө байге сайып, чоң той өткөргөндөр көбөйдү. Мындай тойлордо өрөөн-өрөөндөн эл келип, балбандардын аты чыгып, күлүктөрдүн даңкы таш жарат.
«Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышын - байыркы замандарда күчкө толуп турган кыргыздын балбан билек жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып- тартышып ойногон деп айтышат.