Индия өзөктүк доктринасын кайра карашы мүмкүн: Дүйнөгө жана чөлкөмгө коркунчу
Бейшембиде Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингх кайрылуу жасап, өлкө өзөктүк доктрина жобосун кайра карашы мүмкүн деп айтты. Бул жободо "Биринчи болуп өзөктүк курал колдонбоо" тууралуу милдеттенмелер бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын айткандары коңшулаш Пакистан менен мамилеси курчуп турган маалга туш келүүдө. Пакистандын дагы өзөктүк куралы бар.
Индия мусулмандар көп жашаган Жамму жана Кашмир провинцияларынын автономиясын алып салгандан кийин, Пакистан менен чек арасындагы кырдаал курчуп кеткен.
Сингх кайрылуусун Покхран полигонунда жүргөн учурда жасады. Индия бул жерде 1990-жылдары өзөктүк курал сыноосун өткөргөн эле. Мына ушул жагдай министрдин айткандарына салмак кошту дейт эксперттер. Ушундан кийин чөлкөмдөгү кырдаалга кабатырлануулар дагы айтыла баштады.
Коңшулаш Пакистан менен чек арадагы кырдаал курчуп кеткенин Индиянын бийлиги коопсуздугуна түз коркунуч катары карап жатат. Кашмирдин Индия аймагындагы бөлүгүндө миңдеген тургундар сырт дүйнө менен байланышсыз калды. Телефон, интернет байланышы үзүлгөн. Провинцияга коменданттык саат киргизилди.
Пакистандын бийлиги конфликт зонасында жашагандарга этникалык тазалоо жүрбөйбү деп, кабатырланып жатканын билдирүүдө. Өлкө армиясы күчөтүлгөн тартипке өткөнү айтылган.

Сүрөттүн булагы, Hindustan Times
Доктрина тууралуу эмне билебиз?
Кансыз согуш күчөп турган маалда АКШ, СССР, Франция жана Улуу Британия эгерде чыр-чатак ырбап кетсе, озунуп өзөктүк куралды колдонуу укугун сактап калган.
Озунуп өзөктүк куралды колдонуу боюнча эки классикалык сценарий бар эле.
Эгерде өлкө согуш талаасында жеңилүү коркунучуна кабылса, мындан качуу үчүн тактикалык максатта өзөктүк куралга таянат.
Экинчиси, өлкө өзүнө чабуул даярдалып жатканы тууралуу негиздүү далилдери болсо, каршылашынын өзөктүк куралынын көп бөлүгүн жок кылуу максатында озунуп сокку урат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1998-жылдагы ийгиликтүү сыноосунан кийин Индия өзүн өзөктүк держава деп жарыялаган. Бирок чектелүү гана арсеналга ээ экенин, муну жооп катары гана колдонуу ниетинде иштеп чыкканын айткан.
Ошол маалда Кытай "Биринчи болуп өзөктүк куралды колдонбоо доктринасын" сунуштаган эле. Индия демилгени кубаттады.
Кытай 1964-жылы өткөргөн биринчи сыноосунан кийин эле, эч кандай шартта өзөктүк куралды озунуп колдонбой турганын билдирет.
Кызык жери, чөлкөмдөгү Кытайдын үстөмдүгүнөн ар дайым чочулап келген Индия Бээжиндин бул ниетине көп жылдар ишенбей келген. Мына ошондуктан өзүнүн өзөктүк кубатын күчтөндүрүп баштаган.
Индия менен Кытай өзөктүк куралды колдонуп, кол салбоо тууралуу милдеттенме алган өлкөлөр. Бир учурда Түндүк Корея дагы доктринага кошулгандардын жолун жолдой турганын айтып, кийин АКШ жана Түштүк Корея бастырып кирчү болсо, өзөктүк курал колдонорун эскерткен.
Индиянын эң жакын коңшусу Пакистан болсо, биринчи болуп өзөктүк курал колдонуу укугун өзүндө калтырган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын соңку билдирүүсү
Эксперттердин эсебинде, азыркы учурда Индиянын колунда болжолу жүз чамалуу өзөктүк дүрмөтү менен куралы бар. Андан сырткары дагы ушунчаны дароо даярдай салууга чамасы жетет.
Ошондой эле баллистикалык жана канаттуу ракеталардын чоң запасына, сырткы жана ички чалгындоого ылайыктуу жабдыктарга ээ. Абадан коргонуу системаларын дагы күчтөндүргөн. Кыскасын айтканда, Индия мыкты куралданган, кол салбоо тууралуу саясаттан баш тартууга даяр өлкө.
Албетте, кырдаал Исламабаддын саясатына байланыштуу дейт талдоочулар. Мунун баары Пакистандын кийинки кадамдарынан көз каранды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пакистандын премьер-министри "Индиянын өзөктүк арсеналы канчалык коопсуз деген маселеге дүйнө олуттуу маани бериши керек" деп жазды "Твиттер" баракчасына.
"Бул маселе бир эле чөлкөмгө эмес, бүтүндөй дүйнөгө тиешелүү",-деди премьер-министр Имран Хан.
Азырынча Пакистандын Делиге карата ачуу сындары, Кашмирдеги кырдаалдын курчушу өзөктүк курал соккусуна себеп болуп бере албайт. Бул өлкөлөр ондогон жылдардан бери жаңжалдашып жатат. Бирок ошого карабастан, кырдаалды колдон чыгарбоо аракетинде.
Эксперттер кооптонгон башка маселе: Индиянын аскердик күч кубаты Пакистанды кандай жол менен болсо дагы өзүн коргоого мажбурлайт, өзөктүк потенциалын күчөтөт деген суроо. (AbA)








