Британиядагы саясий элитанын инкубатору болгон окуу жай
Британияда мыкты билим берген ондогон университеттер бар. Анан келип эле Консервативдүү партиянын лидерлигине, премьерликке талапкер болгондордун баары бир окуу жайдан, бир эле дискуссия клубунан болуп калганы кызык. Албетте, бул кокустук болбосо керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айталы, партия лидерлиги үчүн ат салышып, экинчи айлампага өткөн алты талапкердин бешөө бир эле окуу жайда окуган - Оксфорд.
Окуу жайга чейин бешөө тең престиждүү жана билим алуу акысы өтө кымбат мектептерди бүтүрүшкөн.
Башында Консервативдүү партиянын лидерлиги үчүн талапкер болгон 11 саясатчынын сегизи Оксфорддун бүтүрүүчүлөрү эле. Андан сырткары алардын бешөөнүн адистиги окшош.
Уинстон Черчиллден кийин, тагыраагы соңку 64 жыл ичинде Британияда Консервативдүү партиядан көрсөтүлгөн сегиз премьер-министр иштеди. Алардын жетөө Оксфордду бүтүргөн.
Бул жылдары иштеген Лейбористтерден чыккан эки премьер тең - Гарольд Вильсон жана Тони Блэр дагы Оксфорддон билим алган.
Муну жөнөкөй эле түшүндүрсө болот.
Оксфорддук клуб
2016-жылы жаңы премьер-министр Тереза Мэйдин өмүр-таржымалы тууралуу басылмаларга көптөгөн маалыматтар чыкты. Алардын арасынан анын биографиясында бир учурга коомчулук өзгөчө таң калган.
Тереза Мэйди Оксфорддо окуп жүргөн маалында болочок жолдошу Филип Мэй менен Беназир Бхутто тааныштырган экен.
70-жылдары Беназир Бхутто Оксфорддук бирикменин тең төрагасы эле. Эки жылдан кийин тең төрагалыкка Филип Мэй дайындалып, чогуу иштешкен.
Тереза Брэзиер жаш чагынан эле саясатчы болууга умтулуп, Оксфордко тапшырган. Ошол жерде окуп жүрүп Оксфорддук бирикменин активисттери менен таанышып калат.
Оксфорддук бирикме - эки жүз жылдык тарыхы бар, престиждүү дискуссиялык клуб. Бул жерде ар кайсыл темалар боюнча талкуулар өтүп турат. Британиядагы жана дүйнөдөгү белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер келип катышат.
Башка окуу жайларда деле, айталы Кембриждин дагы ушундай клубу бар. Бирок тарыхый жагынан Оксфорд клубу престиждүү саналып, саясатка баргысы келген жаштардын көбүн өзүнө тартып турат.
Дагы бир жагдай бар - британ саясатында жүргөндөрдүн көбү Оксфорддогу атайын курста окушкан. "Философия, саясат жана экономика" (PPE) курсу. PPE курсу саясатка жолдомо деп түшүндүрүшөт.

Сүрөттүн булагы, AFP
«Алтын жаштар»
Дүйнөнүн эң мыкты окуу жайына өтүү татаал. Албетте, мыкты окуучуларды тандап алат. Британияда болсо мыкты билим берген орто мектептер - окуу акысы өтө кымбат болгон жеке менчик мектептер.
Ооба, Оксфорд университети социалдык сегрегация менен күрөшүп жатканын айтып келет. Студенттеринин дээрлик 60% катардагы эле британ мектептеринин бүтүрүүчүлөрү. Калган 40% окуу акысы кымбат мектептерден бүткөндөр.
Алардын бир бөлүгү үй-бүлөлүк салтты улап, чоң ата, атасынын артынан саясатка барат. Оксфорддогу байланыштарды, мыкты билимди колдонуп, партиялык тепкичтерди басып өтүшөт.
Карапайым бүлөдөн чыккандар үчүн жаңы партия түзүп, ийгиликке жетиши өтө кыйын. Бирок бул аргасыз чара эмес. Айталы, Маргарет Тэтчер менен Тереза Мэйдин ата теги бардар жана таанымал бүлөдөн эмес.
Кандай болгондо дагы элитанын көпчүлүгү бала кезинен эле артыкчылыктарга ээ болгондордон.
Итон колледжинде бир нече жылдан бери мамлекеттик ишмерлерди даярдап келишет. Бул жерде азыркы талапкерлердин экөө - Борис Жонсон менен Рори Стюарт окуган.
Коомчулукта бул көрүнүшкө кайчы пикирлер бар. Айрымдар мындай салтка айланган көрүнүштү сынга алып келсе, кээси өлкөгө кызмат кылуу деген үй-бүлөлүк салтты туура көрөт.
Ушундай жол менен кеткендиктен, саясатты туу чокусунда тургандардын карапайым жаран кантип жашап жатканы боюнча түшүнүгү да жок деп сынга алгандар бар.
Карапайым элдин турумушун жакындан билүү үчүн сөзсүз эле ошолордун катарынан чыгуу зарыл эмес. Ансыз деле парламент өкүлдөрү шайлоочулар менен тынымсыз жолугуп, ал-абалын жакшы билет дейт экинчилери. (AbA)










