"Хуавей" Орусияда 5G байланышын өнүктүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын "МТС" телекоммуникация бонча компаниясы "Хуавей" менен 5G байланышын ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду. Ага ылайык, жогорку ылдамдыктагы 5G байланышы бир жылдын ичинде ишке кирет.
Мындай келишимге Кытайдын лидери Си Цзиньпин үч күндүк иш сапары менен Орусияга келгенде жетишилди.
Учурда Батыш мамлекеттери кытайлык фирманы тыңчылык боюнча айыптап, "Хуавей" улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат дешүүдө. "Хуавейдин" ишмердүүлүгүнө чектөөлөр дагы киргизилген.
5G деген эмне?
5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну. Чөнтөк телефон колдонуучулар тез жана туруктуу интернет байланышына мүмкүнчүлүк алат.
Талдоочулар 4G байланыштан 5G технологиясына өтүү чоң секирик болоорун белгилешүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биринчи муун деп саналган 1G технологиясы үн менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзгөн, 2G текст, 3G сүрөт, ал эми 4G байланышы менен видео аркылуу баарлашып калдык.
Бешинчи муун деп саналган 5G интернетти он эсеге чейин тездетет. "Самсунг" компаниясы болсо алардын смартфондору менен интернет жыйырма эсе тез болоорун айтууда.
Бул технология айрым өлкөлөрдө сыноодон өтүп жатат. Жакын арада айрым компаниялар аны кеңири жайылта баштайт.
5G коопсуздукка корунуч жаратабы?
5G байланыштын инфраструктурасы кытайлык Huawei компаниясынын катыштыгы менен түзүлгөндүктөн, айрым мамлекеттер коопсуздук маселесин көтөрүүдө.
Буга чейин жаңы технологиялардын гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп АКШ билдирген. Кошмо штаттары бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылат. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШдан тышкары, Австралия менен Жаңы Зеландия Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип, бул компания сунуштаган 5G байланышынан баш тарткан.
5G технологиясын көзөмөлдөө коммуникация тармагынын маанилүү бөлүктөрүн башкаруу катары саналат. Талдоочулардын айтымында, 5G байланышы аркылуу Huawei сыяктуу компниялар тыңчылык кылууга мүмкүнчүлүк алат. Келечекте айдоочусуз унаалардан тарта үйдөгү электрондук жабдыктарга чейин 5G технологиянын жардамы менен иштеп калат.
Ага карабастан мобилдик операторлордун тыңчылык кылганы тууралуу бир дагы факты каттала элек. (AT)













