Жанар Акаев: Матраимовдун тоюна эмес, согуш ардагерлерин куттуктап келдик

Оштун Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш чарага өкмөт жетекчилери жана парламенттин төрагасы баш болгон депутаттардын барышы коомдук сайттарда катуу сынга кабылды.

Исмаил Матраимовдун элесине арналган волейбол жана мини-футбол боюнча мелдеш өтүүдө.

Матраимовдордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Экинчиси, "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов буга чейин Бажы кызматын башкарып иштеген. Атамбаев президент Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырып, бажыдагы коррупция жана "Раим миллион" темасын козгоп, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алып келатканы белгилүү.

Интернет колдонуучулар жергиликтүү чакан иш-чарага түп көтөрүлө барып, "чоң маселе толуп жатса, тойлоп жүрөт" деп, бийлик өкүлдөрүн жана депутаттарды катуу сындап жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев "Фейсбук" баракчасына:

"Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш чара уюштуруп, беш миндей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ою жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, сиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз",-деп жазды.