Австралияда эң булчуңдуу кенгуру өлдү

Сүрөттүн булагы, Alice springs sanctuary
Өзүнүн көлөмү жана булчуңдары менен дүйнөгө таанылып, күлкүлүү сүрөттөрдүн каарманына айланган Роджер ысымдуу кенгуру 12 жыл жашаган.
Роджердин өлгөнү тууралуу "Фейсбук" баракчасына "Элис-Спрингс" коругунан кабарлашкан. Кенгуру ушул корукту байырлап келген эле.
Кенгуру Роджер 2015-жылы интернетте топ жарды. Анын сүрөтү жарыялангандан кийин, өтө көп сандагы күлкүлүү сүрөттөрдү да ойлоп табышкан.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
"Башында аны теледен көрсөтүшкөн. Бирок анын сүрөтү вирус сыяктуу эле жайылып кетти",-деген Би-би-сиге маегинде коруктун кызматкери Крис Барнс. Эми аталган корукка дүйнөнүн булуң-бурчунан көңүл айтуулар келип жатат.
Роджердин энесин унаа сүзүп кеткенден кийин, аны "Элис-Спрингс" коругунда кароого алышкан.
"Мен аны унаа сүзүп кеткенден кийин, жолдон таап алгам. Энесинин баштыгынан тапкан учурда абдан кичинекей эле",-дейт Барнс.
Корукка келген соң Роджер жетиле баштады. Анын боюнун узундугу эки метрге жетип, салмагы 89 килограмм болгон.
"Башында мага жакын эле. Анан эле атаандаш катары көрүп, мага кол сала баштады",-деп айтып берди Барнс.
Корукта 50 кенгуру бар. Кенгуру 14 гана жыл жашай алат.










